КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-январы ПБ № 2
Т.У.Субанов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана начальниктик курамында кызмат өтөө жөнүндө Жобонун 94- жана 99-пункттарына ылайык:
1. Милициянын генерал-майору Субанов Темиркан Усурканович ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарынын кызматынан бошотулсун.
2. Милициянын генерал-майору Субанов Темиркан Усурканович Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы кызматтан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө запаска бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |