Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 738 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө ЖОБО I бөлүк Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катар-дагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшүнүн укуктук негизин аныктап,анын тартибин жана шарттарын жөнгө салат. 1-глава Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери 2. Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынынштаттык кызматын ээлеген же Кыргыз Республикасынын Ички иштер министр-лигинин (мындан ары - ИИМ) кадрларынын карамагында турган Кыргыз Рес-публикасынын жарандары, ушул Жободо белгиленген тартипте ички иштер ор-гандарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын атайын наамдары ыйгарыл-ган ИИМдин окуу жайларынын курсанттары, угуучулары, адъюнктары жанадокторанттары Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкер-лери (мындан ары - кызматкерлер) болуп саналышат. 3. Кызматкерлерге формалык кийим, кызматтык күбөлүк жана жеке но-мерлеринин жетондору берилет. Кызматтык күбөлүктүн жана жеке номерлери-нин жетондорунун үлгүлөрү, ошондой эле аларды берүүнүн тартиби КыргызРеспубликасынын ички иштер министри (мындан ары - министр) тарабынанбекитилет. Кызматкерлер формалык кийиминин, кызматтык күбөлүгүнүн жана жекеномерлеринин жетондорунун сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Алардыжоготуу кызмат тартибин одоно бузуу болуп саналат жана күнөөлүүлөр тар-типтик жоопкерчиликке тартылат. 4. Кызматкерлер тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин табелдик окатуучу куралды жана атайын каражаттарды министр белгилеген тартиптедайыма алып жүрүүгө, сактоого укуктуу. 2-глава Ички иштер органдарында кызмат өтөө принциптери 5. Ички иштер органдарында кызмат мыйзамдуулуктун, инсанды урмат-тоонун жана алардын укуктары менен эркиндиктерин сактоонун, гуманизм-дин, маалымдуулуктун, ички иштер органдарынын тиешелүү мамлекеттик бий-лик жана башкаруу органдарынын контролдугунун жана аларга отчеттуулук-тун, кызмат тартибин сактоонун, кызматы үчүн акыйкат сыйга ээ болуунун,жөндөмдүүлүгүн жана квалификациясын эске алуу менен кызматтык иш-араке-тинин натыйжасында кызматынан илгерилөөнүн принциптеринде түзүлөт. Ички иштер органдарындагы кызмат Кыргыз Республикасынын жарандары-нын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет. Кызматкерлердин ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгили алар-дын жалпы эмгек стажына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында белгиленген тартипте адистиги боюнча эмгек стажына эсептелет. 3-глава Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздери 6. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздерин Кыр-гыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыжана башка укуктук актылары, ИИМдин нормативдик актылары, ушул Жобо жа-на ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө эмгек келишими (конт-ракт) түзөт. 7. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ка-тардагы жана жетектөөчү курамынын антын алышат. 8. Кызматкерлерге тиешелүү окуу жайлардын окуучулары, угуучуларыжана студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенжењилдиктерди берүү менен жалпы билим берүүчү жана башка окуу жайларда,ал эми эл аралык укуктук актыларга ылайык - чет мамлекеттердин окуужайларында окуу үчүн окуу отпускасы берилиши мүмкүн. Кызматкерлер өздө-рүнүн кесиптик дењгээлин жана квалификациясын министр аныктаган тартип-те жогорулатышат. 9. Кызматкерлердин арасындагы кош бойлуу жана балалуу аялдар эмгекжөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кош бойлуу жана балалууаялдар үчүн белгиленген бардык гарантиялардан жана жењилдиктерден пай-даланышат. Энеси жок балдарды тарбиялаган (апасы өлгөн, ата-энеликукуктан ажыраган, дарылоо мекемесинде узакка болгон жана энелик камкор-дук болбогон башка учурларда) эркек-кызматкерлер энесиз балдарды тарби-ялоочу адамдардын эмгеги жөнүндө мыйзамдарда белгиленген бардык гаран-тиялардан жана жењилдиктерден пайдаланышат. 10. Милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кызматта жетишкен жогорку на-тыйжалары үчүн кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ички иштер органда-рынын Дисциплинардык уставында (мындан ары Дисциплинардык устав) агаберилген укуктардын чегинде начальник тарабынан сыйланышы мүмкүн. 11. Начальниктер өзүнө баш ийгендерге кызмат өтөө үчүн зарыл шарт-тарды түзүүгө, аларга кызматтык өсүшү жана маданияттуу эс алышы үчүнреалдуу социалдык мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө милдеттүү. Ички иштер орган-дарынын начальниктери жана башка кызмат адамдары кызмат өтөө жана кадриштеринин маселелери боюнча ушул Жобонун жана башка нормативдик акты-лардын талаптарын так сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Ички иш-тер органдарынын кызматкеринин бузулган укугу дароо калыбына келтири-лүүгө тийиш, мындай бузууларга жол берген кызмат адамы мыйзамдарда бел-гиленген учурларда келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруп берүүменен жоопкерчиликке тартылат. 4-глава Ички иштер органдарынын кызматкеринин кызматтык милдеттери жана укуктары 12. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Респуб-ликасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынынантына, ушул Жобого ылайык ээлеген кызматы боюнча өз компетенциясынынчектеринде милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат. 13. Кызматтык милдетин аткарууда учурунда кызматкер мамлекеттинкоргоосунда болот. Мыйзамда ыйгарым түздөн-түз укук берилген органдар-дан жана кызмат адамдарынан бөлөк эч ким алардын ишине кийлигишүүгөукугу жок. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буй-рук же көрсөтмө алса кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын атка-руу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Кызматтык милдеттерин аткаруудагы укукка жат иштери же аракетсиз-диги, кызматтык милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызмат-кер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жооп-керчилик тартат. 14. Ээлеген кызматы боюнча кызматкердин милдеттери анын функцио-налдык милдеттери менен аныкталат. Функционалдык милдеттерди иштеп чы-гуунун жана бекитүүнүн тартиби министр тарабынан белгиленет. 15. Согуш убагында жана өзгөчө абал киргизилген жерлерде кызмат-кердин кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мененаныкталат. 5-глава Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби 16. Катардагы, кенже, орто жана улук жетектөөчү курамдын тиешелүүкызматтарына атайын наамдарды ыйгаруунун тартибин министр бекитет. Жогорку жетектөөчү курамдын тиешелүү кызматтарына атайын наамдардыыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекити-лет. 6-глава Атайын наамдар 17. Ички иштер органдарындагы катардагы жана жетектөөчү курамдынкызматына дайындалган Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой элеИИМдин окуу жайларынын курсанттарына төмөнкүдөй атайын наамдар белги-ленген жана ыйгарылат: а) катардагы курам: милициянын катардагысы; ички кызматтын катардагысы; б) кенже жетектөөчү курам: милициянын кенже сержанты; ички кызматтын кенже сержанты; милициянын сержанты; ички кызматтын сержанты; милициянын улук сержанты; ички кызматтын улук сержанты; милициянын старшинасы; ички кызматтын старшинасы; милициянын прапорщиги; ички кызматтын прапорщиги; милициянын улук прапорщиги; ички кызматтын улук прапорщиги; в) орто жетектөөчү курам: милициянын кенже лейтенанты; ички кызматтын кенже лейтенанты; милициянын лейтенанты; ички кызматтын лейтенанты; милициянын улук лейтенанты; ички кызматтын улук лейтенанты; милициянын капитаны; ички кызматтын капитаны; г) улук жетектөөчү курам: милициянын майору; ички кызматтын майору; милициянын подполковниги; ички кызматтын подполковниги; милициянын полковниги; ички кызматтын полковниги; д) жогорку жетектөөчү курам: милициянын генерал-майору; ички кызматтын генерал-майору; милициянын генерал-лейтенанты; ички кызматтын генерал-лейтенанты; милициянын генерал-полковниги; ички кызматтын генерал-полковниги. Кызматын токтоткон учурда алардын атайын наамдарына "запастагы" же"отставкадагы" деген сөздөр кошумчаланат. 7-глава Ички иштер органдарынын кызматкеринин кесиптик даярдыгы 18. Ички иштер органдарын жогорку квалификациялуу адистер менентолуктоо максатында кызматкерлерди кесиптик даярдоо ишке ашырылат, алатайын баштапкы окутууну, кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуу-чу куралды колдонууга байланыштуу шарттардагы иштерге жарактуулугунмезгил-мезгили менен текшерүүнү, адистерди окуу жайларда даярдоону,квалификациясын жогорулатууну, стажировкадан өтүүнү жана кайра даярдоо-ну камтыйт. Кесиптик даярдыкты уюштурууну жана анын мазмунун министр аныктайт. II бөлүк Ички иштер органдарынын кызматкерин кызматка кабыл алуу жана аны кызматы боюнча илгерилетүү 8-глава Ички иштер органдарына кызматка кабыл алуунун шарттары 19. Ички иштер органдарына кызматка улутуна, жынысына, социалдыктегине, мүлктүк же кызматтык абалына, динге мамилесине, ынанымдарынакарабастан өзүнүн жеке, ишкер жана моралдык сапаттары боюнча жөндөмдүү,кесиптик билими бар жана ден-соолугу ички иштер органдарына жүктөлгөнфункцияларды аткарууну камсыз кыла ала тургандай, анык аскердик кызмат-ты, аскерден тышкары альтернативалуу кызмат өтөгөн же запастагы офицернаамы бар (анык аскердик кызматты, аскерден тышкары альтернативалуукызмат өтөө жана запастагы офицер наамынын болушу аялдарга карата кол-донулбайт) Кыргыз Республикасынын жараны ыктыярдуу түрдө кабыл алынат: - катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматына - 19дан жашэмес жана 30 жаштан ашпаган; - орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдын кызматына - 19данжаш эмес жана 35 жаштан ашпаган; - профессордук-окутуучулук курамдын кызматына - илимдин кандидатыокумуштуулук даражасы, доцент деген окумуштуулук наамы барлар - 45 жаш-ка чейин, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессор деген оку-муштуулук наамы барлар - 50 жашка чейин. Кенже жетектөөчү курамдын кызматын ээлеген жана жогорку билими баркызматкерлер 35 жаштан ашкан куракта офицердик кызматка дайындалышымүмкүн. Талапкердин ден-соолук абалы жана башка дене жагынан талаптаргакарата кызмат өтөөгө жарактуулук ИИМдин буйругуна ылайык аскердик-врач-тык комиссия тарабынан аныкталат. 20. Окутуунун күндүзгү формасында ИИМдин жогорку окуу жайларындаокууга орто же атайын орто билими бар, 16дан жаш эмес жана 25тен ашпа-ган, сырттан окуу формасына кызматынан ажыратылбастан 40ка чейинки ку-рактагы, жалпы орто(толук), атайын орто, жогорку билими жана ички иштероргандарында кеминде бир жылдык иш стажысы бар ички иштер органдарынынкызматкерлери кабыл алынат. ИИМдин атайын орто окуу жайларына анык аскердик кызмат өтөгөн, 25жаштан ашпаган курактагы адамдар кабыл алынат. 21. Аскерден тышкары альтернативалуу кызмат өтөгөн адамдар ИИМдинокуу жайларында милдеттүү баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин ички иштероргандарына кызматка алынат. 22. ИИМдин жогорку окуу жайында жана башка мамлекеттердин ошоготењдеш окуу жайларында окуу мезгили алгачкы атайын офицердик наамды ый-гаргандан кийин мөөнөттүү аскердик кызмат катары эсептелет. Кыргыз Республикасынын жарандарын ИИМдин профили боюнча башка мам-лекеттердин окуу жайларына окууга тапшырганда жана аны улантканда алар-дын саны менен тизмелик курамы ички иштер органдарында кызматка ылайыккелишин аныктоо үчүн ИИМ менен макулдашылат. 23. Ички иштер органдарындагы кызматка Кыргыз Республикасынын мый-замдарында каралган учурлардан тышкары аскерге чакырылуучулар алынбайт. ИИМдин окуу жайларынын курсанттарын, угуучуларын, адьюнкттарын,докторанттарын кошо алганда ички иштер органдарынын катардагы жана же-тектөөчү курамынын кызматына дайындалган Кыргыз Республикасынын жаран-дары аскердик кызматка чакырылбайт, белгиленген тартипте аскердик эсеп-ке алуудан чыгарылат жана тиешелүү ички иштер органынын атайын эсебинекаттоого турат. 24. Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынынкызматына ортодон төмөн болбогон билими бар, аларга жүктөлгөн милдет-терди аткаруунун жеке жана ишкер сапаттары боюнча жөндөмдүү Кыргыз Рес-публикасынын жараны ИИМдин окуу жайларында баштапкы даярдыктан өткөндөнкийин кабыл алынат. Баштапкы даярдыктан жогорку билими бар жана ИИМдинички аскерлеринде кызмат өтөгөндө, ошондой эле ички иштер органдарында-гы кызматка калыбына келтирилгендер өтүшпөйт. 25. Ички иштер органдарынын орто, улук жана жогорку жетектөөчү ку-рамынын кызматына жогорку билими бар, ал эми оперативдүү- кызматтыкмилдеттерди аткарууну кароочу кызматтарга - юридикалык билими бар Кыр-гыз Республикасынын жараны гана дайындалат. Жогорку юридикалык билимибар Кыргыз Республикасынын жараны дайындала турган кызматтардын тизме-син министр аныктайт. 26. Министр аныктай турган зарыл шарттарда орто жана улук жетекчикурамдын кызматтарын контракттык (келишимдик) негизде ээлөөгө аныничинде мурда ички иштер органдарында иштеген Кыргыз Республикасынын жа-рандарына, ошондой эле ИИМдин линиясы боюнча пенсия же болбосо аскердикпенсия төлөнгөндөрдү кошо алганда запастагы офицерлерге жол берилет,алар кийин ИИМдин кадрларына эсепке алынат. 27. Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарындагы кыз-матка конкурстук негизде кабыл алынышы мүмкүн. Кызматкерлердин бош кыз-маттарды ээлөөгө конкурс мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Конкурстук негизде ички иштер ор-гандарындагы кызматка алынуучу Кыргыз Республикасынын жараны ээлей тур-ган кызматтардын тизмесин министр бекитет. Конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынынмыйзамдары менен жөнгө салынат. 28. Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарына кызматкакиргенде алар берген маалыматтар жана документтер министр бекиткен тар-типте текшерилүүгө тийиш. Ички иштер органдарына кызматка алуу буйрук менен таризделет. 9-глава Ички иштер органдарынын кызматкеринин Антынын тексти 29. Кызматкер төмөнкүдөй Ант берет: "Мен, Кыргыз Республикасынын жараны (аты-жөнү) ички иштер органда-рына мамлекеттик кызматка киришип жатып элиме берилгендигиме ишендирүүменен салтанаттуу ант берем: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору-нун жана буйруктарынын талаптарын кынтыксыз аткарамын; жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарынкылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан өз өмүрүмдү аябас-тан коргоймун; мыйзамды сактаймын, ак ниет, кыраакы кызматкер болуп, адамды сый-лаймын, мамлекеттик жана кызматтык сырды сактаймын; кызматтык милдеттерди жана мага тапшырылган милдеттерди ак ниетаткарамын; иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөймүн. Антымды бузсам мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча ка-таал жаза колдонулсун.". Ант берүүчү Анттын текстине кол коет жана ант берген датасын көр-сөтөт. Анттык тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат. Ант берүүнүнтартибин министр аныктайт. 10-глава Ички иштер органдарына кызматка кабыл алууну жана өтөөнү чектөө 30. Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарына кызматкатөмөнкүдөй учурларда алынбашы мүмкүн, эгерде ал: а) соттун чечими менен ишке жараксыз деп табылса же болбосо соттунчечими менен ага мамлекеттик кызматчы катары иштөөгө же кандайдыр бирмамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салынса; б) соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынбаса же жоюлба-са; в) компетенттүү органдар тарабынан мамлекеттик сырды түзүүчү маа-лыматтарга жол берилбесе; г) ушул Жобонун 94-пунктунун к), л), м), т) жана ф) пунктчаларындакаралган терс себептер боюнча ички иштер органдарынан, ошондой башкаминистрликтер менен ведомстволордон иштен кетирилсе; д) ушул Жобонун 8-главасында айтылган кызматка кабыл алуу шартта-рына жооп бербесе. 31. Жакын тууган болгон кызматкерлерге (ата-энелер, жубайлар,ага-инилер, эже-сињдилер, уулар, кыздар, ошондой эле жубайынын ага-ини-лери, эже-сињдилери, ата-энелери жана балдары) эгерде алардын кызматыбири-бирине түздөн-түз баш ийүүдө жана контролдугунда болсо бир эле ич-ки иштер органында кызмат өтөөгө уруксат берилбейт. Бул жобо ата-энеле-ри алардын түздөн-түз жетекчилери (начальниги) болуп саналышы мүмкүнболгон ИИМдин окуу жайларынын курсанттарына жана угуучуларына каратаколдонулбайт. 32. Кызматкерге төмөнкүлөргө тыюу салынат: жеке өзү же ишенимдүүадамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, мамлекеттик мүлктү, финансы кара-жаттарын, кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарга пайдала-нууга, өзүнүн кызмат абалын жеке же туугандарынын кызыкчылыгына тиеше-лүү маселелерди чечүү үчүн колдонууга, ошондой эле чыгармачылык, илимийжана агартуучулук иштерди кошпогондо ИИМдин системасына кирбеген, мен-чигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айка-лыштырып иштөөгө, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин мүчөсү бо-лууга жана тыюу салынган диний уюмдарга катышууга же иштерин колдоп чы-гууга. 11-глава Ички иштер органдарындагы кызмат жөнүндө эмгек келишимин түзүү тартиби 33. Ички иштер органдарындагы кызмат жөнүндө эмгек келишими ушулЖобонун 26-пунктунда аныкталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ай-рым категорияларынын ортосунда түзүлөт. Ички иштер органдарындагы кызмат жөнүндө эмгек келишими боюнча жа-ран ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга, Антты, ички тартиптижана ушул Жобонун талаптарын сактоого, ал эми ИИМ ага үлүштөрдүн бардыктүрлөрүн, укуктарды жана жењилдиктерди берүүнү камсыздоого, ички иштероргандарында кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында,ушул Жободо жана эмгек келишиминде каралган шарттарды түзүүгө милдетте-нет. Эмгек келишиминде юридикалык жагдайлар каралат, алар тараптар өзү-нө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу келип чыгат. Эмгек келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, анын шарттары кызматкердинКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кызматтык жана социалдыкабалын начарлатпайт. Ички иштер органдарынын катардагы, жетектөөчү жана жалданма кура-мынын кызматына дайындалган жарандар менен кызмат жөнүндө эмгектик ке-лишим кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эмгек келишими анда белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин кеминде экиай мурда тараптардын макулдашуусу боюнча узартылышы же кайра түзүлүшүмүмкүн. Кызматтык зарылчылык болгон учурда кызматкер ээлеген кызматынантөмөн болбогон кызмат маянасы төлөнүү менен календардык жылдын ичиндебир айга чейинки мөөнөткө эмгек келишиминде каралбаган милдеттерди ат-карууга тартылышы мүмкүн. Эмгек келишиминин формасы жана шарттары ички иштер органдарынынтиешелүү кызматтары тарабынан иштелип чыгат жана министр бекитет. 34. ИИМдин жолдомосу жана ал тарабынан окууга төлөнүү менен окуужайына тапшырган адамдар үчүн келишимде окуу жайын аяктагандан кийинкеминде беш жыл мөөнөткө кызмат өтөө каралууга тийиш, же алар окутуубоюнча бардык чыгымдарды кайра төлөшөт. 12-глава Ички иштер органдарында кызматка дайындоо 35. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, ички иштер органдарынын катар-дагы жана жетектөөчү курамынын кызмат орундарынын сапаттуу комплектте-лишин камсыздоо бардык дењгээлдеги жетекчилердин негизги милдеттерининбири болуп саналат. Кызматкерлерди штаттык кызмат орундары боюнча дайындоо жана кото-руу министр тарабынан аныкталган кызмат орундарынын (номенклатура) тиз-месине ылайык ИИМдин жетекчилери ишке ашырат. 36. Кызматкерлердин бала багуу боюнча отпуск мезгилинде алардыбашка кызматкерлер же жарандык калк арасындагы адамдар менен атайыннаамдарды ыйгарбастан, оперативдик-кызмат иш-аракети менен байланышпа-ган жана жашыруун иш кагаздар менен иштөөнү талап кылбаган кызматтаргаалмаштырууга уруксат берилет. 13-глава Ички иштер органдарынын кызматкерлерин кызмат боюнча которуу, бошотуу жана ээлеген кызматынан четтетүү 37. Кызматкер кызматы боюнча төмөнкүлөргө которулат: а) жогору турган кызмат орундарына: - кызмат боюнча өсүү тартибинде (түздөн-түз же жогору турган на-чальнигинин сунушунун негизинде); - сунуштоо үчүн кадрлар резервинде турган кызматкерлердин санынан. Сунуштоо үчүн кадрлар резервин тандоо, түзүү жана бекитүү министртарабынан аныкталат. Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наамынанкыйла жогорку атайын наам каралган болсо ал жогорку болуп саналат, алэми кызмат боюнча каралган атайын наамдарынын тењ болгон учурунда - ээ-леген кызмат орду боюнча кыйла жогорку кызматтык маяна; б) тењ кызмат орундар боюнча: - уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу (макулдашуубарагынын же түздөн-түз начальнигинин сунушунун негизинде); - иш тажрыйбасын эске алуу менен адиси боюнча кыйла максатка ылай-ык пайдалануу үчүн (түздөн-түз начальнигинин сунушунун, макулдашуу ба-рагынын же кызматкердин рапортунун негизинде); - кызматтын кызыкчылыктарында кызматкердин башка жерге которулууга- ротацияга байланыштуу (түздөн-түз начальнигинин же кадр аппаратынынначальнигинин сунушунун негизинде). Ротацияга эреже катары ээлеген кыз-мат орунунда 4 же андан ашык жыл иштеген кызматкер дуушар болот; - кызматкерден кез карандысыз себептер боюнча, анын макулдугу ме-нен өзүнүн кызматтык милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгонучурда. Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наамынатењ атайын наам каралган болсо, ал тењ болуп саналат жана ээлеген кыз-мат орду боюнча тењ кызматтык маяна; в) төмөн турган кызмат орундарына: - өзгөртүп кайра түзүү жана штаттык санды кыскартууда - кызматкер-ге билдирүү менен тењ кызмат ордуна которулууга мүмкүнчүлүк жок болгонучурда (рапорттун, сунуштун же макулдашуу барагынын негизинде); - аскердик-дарылоо комиссиясынын токтомуна ылайык ден соолугунажараша; - жеке сураныч боюнча (кызматкердин рапортунун негизинде); - аттестациялык тартипте кызматтык келишпестик боюнча (аттестация-лык комиссиясынын чечиминин негизинде); - Дисциплинардык уставга ылайык дисциплинардык айыптоо тартибинде(кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде). Кызмат орду эгер ал үчүн штатта мурдагы кызмат орду боюнча атайыннаамынан кыйла төмөн атайын наам каралса төмөнкү болуп саналат, ал эмиштатта каралган атайын наамдарынын тењ болгон учурунда - ээлеген кызматорду боюнча кыйла төмөн кызматтык маяна; г) ИИМдин окуу жайларына окууга же ээлеген кызмат ордунан бошоту-луу менен башка мамлекеттердин бирдей дењгээлдеги окуу жайларына тапшы-рууга байланыштуу, ошондой эле окууну аяктагандан кийин кызматка дайын-доодо (түздөн-түз начальнигинин сунушунун же макулдашуу барагынын неги-зинде). 38. Аскер түзүлүштөрүнөн жана укук коргоо органдарынан кызматкер-дин өзүнүн макулдугу менен анын кийинки кызмат өтөөсү үчүн багыттоо жө-нүндө суроо-талап келип түшкөн учурда министр тарабынан которуу жөнүндөбуйрук чыгарылат. 39. Башка жерге кийинки кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкерлеркызмат өтөөнүн жањы жерине иштерди тапшыргандан кийин, бирок бул адамкезектеги отпускада же дарыланууда болгон учурлардан тышкары, буйрук жекызмат боюнча которуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү чыккан күнүнөнтартып бир айдан кечиктирбестен келүүгө тийиш. 40. Өзгөртүп кайра түзүү (кошуу, биригүү, ажыратуу, бөлүнүү), ичкииштер органдарынын баш ийүүсүн же аталышын өзгөртүү кызматкерлерди ичкииштер органдарынын карамагына каттоо үчүн негиз болуп саналбайт. Кыз-маткерлерди ички иштер органдарынын карамагына каттоо мурда бул кызматордун ээлеген кызматкерди ошол кызматында кайра калыбына келтирүүгө,аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, Дис-циплинардык уставга ылайык кызматтан бошотуу менен, ошондой эле башкааскердик түзүлүштөрүнөн, укук коргоо органдарынан жана ИИМдин бөлүмдө-рүнөн которулууга байланыштуу штаттык санды кыскартууда гана катталат.Ээлеген кызматынан бошотулуу ички иштер органдарында кызмат өтөөнү ток-тотуу болуп саналбайт. 41. Кадрлардын карамагындагы кызматкер ар бир жумушчу күнү кадрларкызматына келүүгө тийиш жана кызматта коомдук тартипти коргоо боюнчапайдаланылат. Кызматкердин кадрдын карамагында болгон мөөнөтүнө убактылуу эмгек-ке жараксыз, кезектеги жана башка отпускаларда болгон мезгилдери, ошон-дой эле офицердик курамдын бош орундары боюнча милдеттерди аткарганубактылары кирбейт. Кызматкерди, кадрлар кызматы тарабынан сунушталган кадрлар карама-гындагы кызматкер штаттык кызмат орундарына дайындоодон жазуу жүзүндөбаш тартууда кадрлар карамагына каттоо жөнүндө буйрук менен жазуу жү-зүндө милдеттүү таанышуу бир эле учурда ички иштер органдарынан 4 айлыкмөөнөт өткөндөн кийин бошотулуу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү болуп сана-лат. 42. Ички иштер органдарынын кызматкерин кызмат боюнча которуудаага негизги же жакын адиси боюнча же тажрыйбасына ылайык иш менен кам-сыздалат. Ички иштер органдарынын кызматкерин ал үчүн жањы адис боюнчапайдалануунун зарылдыгы келип чыккан учурда которулуудан мурда тиешелүүкурстардан (жыйындардан) кайра даярдоодон өтүүгө тийиш. Кызмат боюнчакызматкерди которуу бардык учурларда ички иштер органдарынын тиешелүүначальнигинин буйрук менен которуунун негиздемесин көрсөтүү менен та-ризделет. Буйрук кызматкерге кол коюу менен тааныштырылат. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик уставындабелгиленген тартипте төмөнкү кызмат ордуна которулган кызматкер бир жылөткөндөн кийин кызмат боюнча анын кызматтык квалификациясын, тажрыйба-сын, ишкерлик жана жеке сапаттарын, ден соолугунун абалын эске алуу ме-нен кызмат боюнча жыла алат. 43. Кызматкерге бош эмес кызмат орду боюнча милдеттерди убактылууаткаруу жүктөлүшү мүмкүн, бирок 3 айдан ашык эмес. Кызматкерге бош орунбоюнча милдетти аткарууга жол берилбейт. Бош эмес кызмат ордуна милдеттерди убактылуу аткарууга катардагыжана жетектөөчү курамдагы адамдарга жол берүү аталган кызматкер кызматөтөп жаткан ички иштер органынын начальнигинин буйругу менен таризде-лет, бирок бул кызмат орду номенклатурасына кирген ички иштер органынынжетекчисине милдеттүү жүргүзүлгөн дайындоо жөнүндө билдирилет. 44. Бош эмес кызмат орундар боюнча милдеттерди убактылуу аткарууал кызматты ээлеп турган кызматкер, ошондой эле анын штаттык орун ба-сарлары алардын кызматтык милдеттерине карабастан ички иштер органдары-нан дарыланууга, отпускага, кызматтык командировкага же окууга кеткенучурда гана ишке ашырылат. 45. Кызматкер төмөнкүдөй учурларда кызматтык милдеттерин аткаруу-дан убактылуу четтетилет: а) тергөө органдары ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө мыйзамгаылайык токтом чыгарса - иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин; б) иште алкоголдук, наркотиктик же токсикалык мас абалда болсо; в) кылмыш жасаганы үчүн кармалса жана камалса, соттун өкүмү же ад-министрациялык жаза колдонуу компетенциясына кирген органдын токтомумыйзамдуу күчүнө киргенге чейин; г) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн мезгилде. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, иштенчеттетилген убакта эмгек акы эсептелбейт. 14-глава Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөгү сынак мөөнөт 46. Жаштардын ичинен же иш стажысы жок адамдардан Кыргыз Республи-касынын жаранын ички иштер органдарына кызматка жањы алууда, ошондойэле катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызматкерди офицердиккызмат орунга алууда тийиштүү ички иштер органынын начальниги кызматорду боюнча эмгек акысын төлөө менен кызматкерди 3 ай мөөнөткө чейинкисыноо менен кызмат орунга дайындай алат. Убактылуу эмгекке жарамсызмезгил жана адам жүйөлүү себеп боюнча иште болбогон башка учурлар баш-тапкы сыноо мөөнөтүнө киргизилбейт. Эгер сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин сыноонун натыйжасы канааттанар-лык эмес деп табылса, кызматкер төмөн турган башка кызмат орунга дайын-далышы же ички иштер органдарынан бошотулушу мүмкүн. Эгер сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин ички иштер органынын начальнигибошотуу жөнүндө чечим чыгарбаса, кызматкер сыноодон өттү жана туруктуудайындалды деп эсептелет. Сыноо мөөнөтү менен дайындалган кызматкерлерге ушул Жобонун күчүколдонулат. 15-глава Ички иштер органынын кызматкерин мамлекеттик бийлик органдарына, мамлекеттик башкаруу органдарына жана эл аралык уюмдарга кызмат өтөөгө жиберүү 47. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шай-ланган кызматкер конституциялык ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтүндөички иштер органдарынын кадрында калтырылат. Кызматкер ички иштер органдарынын кадрында калтыруу менен КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Аппаратына андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилиши мүм-күн. 48. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шай-ланган же кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-нистрациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ички иштероргандарынын кадрында калтыруу менен жиберилген кызматкер акчалай кар-жылоо (эмгек акы) менен кызмат өтөөгө жиберилген тийиштүү мамлекеттикоргандар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда белгиленчү эрежелержана нормалар боюнча камсыздалат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланганже кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-сына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилген кыз-маткердин ай сайынкы компенсациялык төлөмдөрү (азык-түлүк паектун орду-на акчалай компенсация, пенсиясынын өлчөмүнүн 50 проценти өлчөмдөгү ко-шумча, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация, коммуналдык кызматтаржана энергия булактары үчүн акчалай компенсация) сакталат. Аталган тө-лөмдөр кызматкерди жиберген ички иштер органы тарабынан төлөнөт. ИИМдин кадрында калтырылган кызматкердин кызмат өтөөсүнө контрольтийиштүү уюмдардын жетекчилери жана ИИМдин жетекчилиги тарабынан ишкеашырылат. Аталган мамлекеттик органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кыз-маткер ИИМдин карамагына келет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин депутаты болуп шайланганга же Кыргыз Республикасынын Президен-тинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынажиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна же ага барабар кызматорунга ишке орноштурулууга тийиш. 49. ИИМге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында кызматкер өзү-нүн макулдугу боюнча министр тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык кели-шимдерге ылайык эл аралык уюмдарга андан ары кызмат өтөө үчүн жиберили-ши мүмкүн. Эл аралык уюмга жиберилген кызматкер кызматты ушул Жободобелгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл ара-лык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өтөйт. 50. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шай-ланган же ИИМдин кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынажиберилген кызматкерге кезектеги атайын наамдар "Мамлекеттик кызмат жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган тар-типте ыйгарылат. ИИМдин кадрында калтырылган кызматкердин жана анын үй-бүлөсүнүнички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген жењилдиктери сакталат. ИИМдин кадрында калтырылган кызматкерди кызматтан бошотуу тийиштүүоргандардын жетекчилеринин сунуштары боюнча жана ушул Жободо каралганнегиздер боюнча ишке ашырылат. 16-глава Аттестация 51. Ички иштер органдарынын ишмердигин өркүндөтүү, алардын ишининнатыйжалуулугун арттыруу, коюлган талаптарга кызматтык шайкештиктианыктоо жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатындакызматтык аттестация жүргүзүлөт. Кызматкерлерди аттестациялоодо алардын ишмердик, адистик, моралдыкжана адамдык сапаттары, эрудициясы жана маданий дењгээли ар тараптуубааланат. Кызматкердин ээлеп турган кызмат ордуна шайкештиги, жогорукызмат орундарга жылдыруу жөнүндө жыйынтыктар чыгарылат. Кызматкерлерди аттестациялоо үч жылдан бир жолудан ашык эмес өткө-рүлөт. 52. Эгер өзү каалабаса төмөнкүдөй кызматкерлер кезектеги аттеста-циялоого киргизилбейт: а) тийиштүү кызмат орунду ээлеп турганына бир жыл толо электер; б) кош бойлуу аялдар; в) кош бойлуулук жана төрөт боюнча отпускада, бала багуу боюнчаотпускада жүргөндөр. Бул аталган кызматкерлерди кезектеги аттестациялоо алар ушул от-пускалардан чыккандан бир жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт. Отпускада, командировкада жана дарыланууда жүргөн кызматкерлер ат-тестациядан ишке чыккандан бир айдан кийин өтүүгө тийиш. Кезексиз аттестация жүргүзүүгө жол берилбейт. 53. ИИМдин же башка мамлекеттердин окуу жайларынын курсанттары,угуучулары, адъюнктары жана докторанттары окуу жайларды (адъюнктураны)бүтүргөндөн кийин аттестацияланышат. Ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө эмгектик келишим түз-гөн Кыргыз Республикасынын жараны аныкталган тартипте аттестациядан өт-көрүлөт. 54. Кызматкерлерди аттестациялоого даярдануунун жана өткөрүүнүн,аттестациянын жыйынтыктарын жана сунуштарын ишке ашыруунун, ошондой элеаттестация өткөргөн адамдар тарабынан аттестациянын тартиби бузулганыжана калыс эместиктер жөнүндө даттанууларды кароонун тартиби КыргызРеспубликасынын мыйзамдары менен аныкталат. 17-глава Ички иштер органдарынын кызматкеринин өздүк иши 55. Өздүк иштер ички иштер органдарынын кадр бөлүмдөрүндө ички иш-тер органдарында кызматта турган бардык кызматкерлерге, ИИМдин окуужайларында жана башка мамлекеттердин ошого барабар окуу жайларындаокууга кандидаттарга, ички иштер органдарынын штаттык кызмат орундарын-да иштеген жумушчуларга жана кызматчыларга, ошондой эле аныкталган фор-ма боюнча келишим менен кабыл алынгандарга таризделет жана жүргүзүлөт. Өздүк иш негизги документ болот, анда кызматкерлердин кызматтык,эмгектик жана коомдук ишмердиктерин мүнөздөөчү материалдар, ошондой элекызматкердин биографиялык маалыматтары жана ал жөнүндө башка маалымат-тар сакталат. Өздүк иштин материалдары кызматкерди кызматта пайдалануу, атайыннаамдарды ыйгарууга, сыйлоого көрсөтүү, ошондой эле иштеген жылдарыүчүн проценттик кошумчаны төлөө жана ички иштер органдарынан бошотуудапенсия чектөө үчүн кызмат өтөө стажысын эсептөө маселесин чечүүгө арна-лат. Бир кызматкерге бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт. Өздүкиштердин формасы жана жүргүзүүнүн тартиби, өздүк иштерге киргизилчүмаалыматтардын жана документтердин тизмеси, ошондой эле аларды алуунунтартиби жана кызмат өтөөдө өздүк иште чагылдырыла турган эске алуучубашка маселелер министр тарабынан аныкталат. 56. Кыргыз Республикасынын жаранын ички иштер органдарына кызматкаалууда атайын текшерүү жүргүзүлөт. Атайын текшерүүнүн материалдары өз-дүк иште сакталат. Жарандарды ички иштер органдарына тандоонун тартиби,ошондой эле аларга карата атайын текшерүү жүргүзүүнүн тартиби министртарабынан аныкталат. Өздүк иш "жашырын" грифтүү документтердин категориясына кирет. III бөлүк Ички иштер органдарынын жетектөөчү курамына атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби 18-глава Атайын наамдарды ыйгаруунун шарттары 57. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, били-мин, кызматка мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматорунун, ошондой эле ушул Жободо каралган башка шарттарды эске алуу ме-нен персоналдык түрдө ыйгарылат. Атайын наамдар ыйгаруунун ыраатына жараша алгачкы жана кезектегиболуп бөлүнөт. 58. Ортоњку жана улук жетектөөчү курамдын алгачкы наамдары министраныктачу тартипте берилет. "Милициянын кенже лейтенанты", "ички кызмат-тын кенже лейтенанты" деген алгачкы атайын наам орто жана улук жетек-төөчү курамдагы кызмат орунга дайындалган, запас боюнча "кенже лейте-нант" наамы бар же жогорку окуу жайларды бүтүргөн Кыргыз Республикасы-нын жарандарына кызмат орунга дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин, алэми ИИМдин атайын орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө - окууну аяктаганданкийин ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мили-циянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясынын жанабашка мамлекеттердин ага барабар окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө "мили-циянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты" деген алгачкы атайыннаам берилет. ИИМдин жогорку окуу жайларында окуу учурунда мамлекеттиксыйлыктар менен сыйланган же окууну аяктагандан кийин "артыкчылык" дип-лом алган, ИИМдин жогорку окуу жайларынын ардак тактасына чыгарылганкурсанттарга алгачкы офицердик наам аныкталгандан бир даражага жогоруберилет. ИИМдин жогорку окуу жайларында окуу учурунда тартипти одонобузган, бирок ички иштер органдарында калтырылган курсанттарга окуунуаяктагандан кийин аныкталгандан бир даражага төмөн алгачкы офицердикнаам берилиши мүмкүн. ИИМдин окуу жайларынын ички иштер органдарына кызматка алынган жа-на окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы бар профессордук-оку-туучулук курамындагы адамдарга министрдин чечими менен алгачкы атайыннаам: илимдин кандидаттарына, доценттерге - "милициянын капитанынан","ички кызматтын капитанынан", илимдин докторлоруна, профессорлорго "ми-лициянын майорунан", "ички кызматтын майорунан" төмөн эмес ыйгарылат. "Милициянын полковнигине", "ички кызматтын полковнигине" чейинкинаамдар министр аныктачу тартипте ыйгарылат. Кызматкерлерге эњ жогоркужетектөөчү курамдын наамдарын Кыргыз Республикасынын Президенти берет. 59. Жетектөөчү курамдын кызматкерлерине кезектеги наамдар аттеста-циядан жакшы өткөндө, кезектеги наам ээлеп турган кызмат орун боюнчакаралган наамга ылайык келсе жана мурдагы атайын наамда кызмат өтөөгөбелгиленген мөөнөт өткөндө ырааттуу тартипте берилет. Орто жана улук жетектөөчү курамдын кезектеги наамдары төмөнкүдөйыйгарылат: - "милициянын капитаны", "ички кызматтын капитаны" наамына чейинички иштер органдарынын башкы башкармалыктарынын, облустардын жанашаарлардын ички иштер башкармалыктарынын, ИИМдин жогорку окуу жайлары-нын жана Мамлекеттик адистештирилген кызмат департаментинин начальнигитарабынан; - "милициянын майору", "ички кызматтын майору", "милициянын под-полковниги, "ички кызматтын подполковниги", "милициянын полковниги","ички кызматтын полковниги" наамдары - министр тарабынан. Ортоњку жана улук жетектөөчү курамдын алгачкы атайын наамдары,ошондой эле улук жетектөөчү курамдын "милициянын майорунан", "ички кыз-маттын майорунан" баштап андан жогорку кезектеги наамдары жогорку били-ми бар болсо гана берилет. 60. Угуучу-кызматкерлерге, окуу жайлардын курсанттарына, адъюнк-тарга жана докторанттарга кезектеги наамдар окуу мезгилинде - аларокууга өткөнгө чейин ээлеп турган штаттык кызмат орундарына жараша бе-рилет. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин атайын наам ошол кызматкер дайын-далган кызмат орунга жараша берилет. 61. Ээлеген кызматка ылайык кезектеги атайын наам кызматкерге эгертехникалык себептерге (кызмат адамдарынын дем алыш күндө жок болушу,кадр кызматына сунуш берилбей калуу же сунуштун кеч берилиши ж.б.) бай-ланыштуу кечигүү болбосо, анын мурдагы наамда кызмат өтөө мөөнөтү бүт-көн күнү тике начальнигинин сунушунун негизинде ыйгарылат. ИИМдин подразделениесинин, ички иштер башкармалыгынын, шаардык жа-на райондук ички иштер органдарынын кызматкерге кезектеги жана баштапкыатайын наам берүү жөнүндө сунушту негизсиз кечиктирген начальниги тар-типтик жоопкерчиликке тартылат. 62. Ээлеп турган кызмат орду боюнча белгиленген чектик наамгаылайык келген атайын наамы бар жетектөөчү курамдагы кызматкерлер анданжогорураак наам белгиленген кызмат орунга которулганда кезектеги наамдыыйгарууга ал жањы кызмат орун боюнча аткаруучу милдеттерин ийгиликтүүөздөштүргөн шартта, бирок ал кызмат орунга дайындалгандан 6 айдан эртеэмес көрсөтүлүшөт. 19-глава Жетектөөчү курамдын атайын наамдарда кызмат өтөө мөөнөттөрү 63. Кызматкерлерге жетектөөчү курамдын атайын наамдарда кызматөтөөсүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет: милициянын кенже сержантынын, ички кызматтын кенже сержантыныннаамында - 1 жыл; милициянын сержантынын, ички кызматтын сержантынын наамында - 1жыл; милициянын улук сержантынын, ички кызматтын улук сержантынын наа-мында - 2 жыл; милициянын старшинасынын, ички кызматтын старшинасынын наамында -3 жыл; милициянын прапорщигинин, ички кызматтын прапорщигинин наамында -4 жыл; милициянын улук прапорщигинин, ички кызматтын улук прапорщигининнаамында - мөөнөт белгиленбейт; милициянын кенже лейтенантынын, ички кызматтын кенже лейтенантыныннаамында - 1 жыл; милициянын лейтенантынын, ички кызматтын лейтенантынын наамында -2 жыл; милициянын улук лейтенантынын, ички кызматтын улук лейтенантыныннаамында - 3 жыл; милициянын капитанынын, ички кызматтын капитанынын наамында - 3жыл; милициянын майорунун, ички кызматтын майорунун наамында - 3 жыл; милициянын подполковнигинин, ички кызматтын подполковнигинин наа-мында - 4 жыл; милициянын полковнигинин, ички кызматтын полковнигинин наамында -мөөнөт белгиленбейт. 64. ИИМдин жогорку окуу жайларын жана башка мамлекеттердин ага ба-рабар, окутуунун нормативдик мөөнөтү 5 жыл жана андан ашык окуу жайла-рын контракттык формада бүтүргөндөн башка кызматкерлер үчүн "милициянынлейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты" атайын наамындагы кызмат өтөөмөөнөтү 1 жылга белгиленет. 20-глава Кызматка алынаарда же башка аскердик кошуундардан же укук коргоо органдарынан кызматка которулганда запаста турган Кыргыз Республикасынын жарандарына атайын наамдын ыйгарылышы 65. Офицердик курамдагы запастагылар алар орто, улук жана жогоркужетектөөчү курамдагы кызмат орундарга дайындалгандан кийин аларда бол-гон аскердик наамга ылайыктуу наамды ыйгаруу менен ИИМдин кадрына алы-нышат. Эгер кадрга алынган күнгө карата кызмат өтөө мезгилин өтөп бүтсө,же ага берилген аскердик же атайын наамдын белгиленген мөөнөтүн запастажүрүп өтөп бүткөн болсо, алгачкы наам ага мурда бар аскердик наамынанбир даражага жогору берилиши мүмкүн. Ички иштер органына алынып жаткан, аскердик же атайын наамы жокКыргыз Республикасынын жаранына кенже жетектөөчү курамга дайындоодо"милициянын кенже сержанты", "ички кызматтын кенже сержанты" деген, алэми офицердик кызматка дайындалганда - "милициянын кенже лейтенанты","ички кызматтын кенже лейтенанты" деген алгачкы атайын наам берилет. Мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн орто жана улук жетек-төөчү курамдагы Кыргыз Республикасынын жаранына ИИМдин кадрына кайраалууда эгер ал мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн мезгилиндеыйгарылган наамы менен белгиленген мөөнөттү өтөсө мурдатан бар атайыннаамынан бир даража жогору атайын наам берилиши мүмкүн, ал эми жањынаам ээлеген кызмат орду боюнча чектик наамдан жогору болбойт. Эгермурдагы кызматкердин атайын наам ыйгаруу мөөнөтү аны ИИМдин кадрына ал-гандан кийин бүтсө, кезектеги атайын наамды ыйгаруу кызмат өтөгөн жыл-дарынын суммасы боюнча ишке ашырылат. 66. Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамындагыпенсионерлерге, ички иштер органдарына кызматка жањы алынган аскер кыз-матчыларына пенсия төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш-ке ашырылат. 67. Ички иштер органдарына жањы алынып жаткан, жогорку билимдүү жезапастагы офицердин наамы бар Кыргыз Республикасынын жараны өз макулду-гу менен кенже жетектөөчү курамдын кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.Мында ага мурдатан бар аскердик наамына карабастан "милициянын старши-насынан", "ички кызматтын старшинасынан" төмөн эмес алгачкы атайын наамберилиши мүмкүн. 68. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республи-касынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республика-сынын Улуттук гвардиясынын жана башка аскердик кошуундардын жана КыргызРеспубликасынын укук коргоо органдарынын Кыргыз Республикасынын ичкииштер органдарына кызматка которулган кызматкерлери орто, улук жана жо-горку жетектөөчү курамдын кызмат орундарына дайындалышкандан кийин ИИМ-дин кадрына алынышат жана аларга аскердик же атайын наамдарына жарашаатайын наамдар аталган аскердик кошуундарда же укук коргоо органдарындаиштеген жылдарын эске алуу менен ыйгарылат. 21-глава Атайын наамдарды мөөнөтүнөн мурда же бир даражага жогору ыйгаруу 69. Жетектөөчү курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы наамындакызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин, же мөөнөтүнөн мурда ИИМ-дин коллегиясынын же оперативдүү кењешмесинин чечими боюнча, же мурдагынаамында эки мөөнөт өткөндөн кийин ээлеген кызматы боюнча каралганатайын наамынан бир даражага жогору, кызматтагы жогорку натыйжаларгажетишкени жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы үчүн ыйгарылышымүмкүн. Наамдарды мөөнөтүнөн мурда же ээлеп турган штаттык кызмат орду бо-юнча каралгандан бир даражага жогору ыйгаруу кызмат өтөгөн бүткүл мез-гилдин ичинде бир жолу ишке ашырылат. Наам ыйгаруу Кыргыз Республикасы-нын Президентинин чечими менен болгондон башка учурларда наамдарды ушулнегиздер боюнча бир учурда ыйгарууга жол берилбейт. Офицердик курамга мөөнөтүнөн мурда атайын наам же ээлеп турганкызмат ордуна тиешелүү атайын наамдан бир даражага жогору "милициянынподполковниги", "ички кызматтын подполковниги" деген атайын наамдыаныкталган тартипте министр берет, кенже жетектөөчү курамга - бул атай-ын наамдарды ыйгарууга укук берилген начальниктер ыйгарышат. Календардык эсептөөдө 20 же андан ашык жыл кызмат өтөгөн офицердиккурамга мурдагы наамында кызмат өтөгөндөн бир жарым мөөнөт бүткөндөнжана аттестациядан жакшы өткөндөн кийин "милициянын полковнигине", "ич-ки кызматтын полковнигине" чейинки атайын наамды министр аларды кызмат-тан жаш курагына же оорусуна байланыштуу бошотуу менен эле бир учурда,штаттык кызмат орду боюнча каралган наамына карабастан ыйгара алат. 22-глава Атайын наамда кызмат өтөгөн жылдардын эсептелиши 70. Атайын наамда кызмат өтөгөн мөөнөт ал наамды ыйгаруу жөнүндөбуйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелет. Кызматкердин төмөндөтүл-гөн атайын наамда кызмат өтөгөн убактысы кайра калыбына келтирилгеннаамда кызмат өтөө мөөнөтүнө киргизилбейт. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы атайын наамы бар, ортожетектөөчү курамдагы кызмат орунга дайындалган кызматчылар офицердиккызмат орунга дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин мурдатан бар атайыннаамында кызмат өтөгөн мөөнөтүнө карабастан жетектөөчү курамдын алгачкыатайын наамын ыйгарууга көрсөтүлүшөт. 23-глава Кезектеги атайын наамдарды ыйгаруунун кечиктирилиши 71. Тийиштүү ички иштер органынын карамагында турган, тартиптикжазасы бар (оозеки жарыялангандан башка), ошондой эле кылмыштык иш коз-голгон же кызматтык тартипти бузгандык фактысы боюнча кызматтык текше-рүү жүргүзүлүп жаткан кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар алар кыз-мат орунга дайындалганга, тартиптик жазасы жоюлганга, кылмыш иш реаби-литациялоочу негиздер боюнча токтотулганга (кылмыш жасалбагандыгы, кыл-ган ишинде кылмыштын жоктугу) же кызматтык текшерүү аяктаганга чейиныйгарылбайт. Бала багуу боюнча отпускада жүргөн катардагы жана жетектөөчү ку-рамдагы кызматкерлерге атайын наамдар алар кызмат орду боюнча милдетте-рин өздөштүрүшкөн шартта, бирок бала багуу боюнча отпускадан чыкканданкийин 3 айдан эрте эмес ыйгарылат. 24-глава Атайын наамды төмөндөтүү жана атайын наамдан ажыратуу 72. Кенже жетектөөчү курамдагы наамы бар кызматкерлердин наамынтөмөндөтүү тартиптик жаза чарасы катары Тартиптик устав менен ушундайукук берилген тике начальниктердин чечими менен, ал эми офицердик ку-рамдыкын төмөндөтүү - министрдин чечими менен ишке ашырылат. Атайын наамы төмөндөтүлгөн кызматкерлердин мурдагы наамы наамдытөмөндөтүү жөнүндө чечим чыгарган начальниктердин буйругу менен, бирокнаам төмөндөтүлгөндөн бир жылдан эрте эмес жана аттестациядан жакшы өт-сө, ээлеп турган штаттык кызмат ордуна карабастан кайра калыбына келти-рилет. Кызматкердин мурдагы атайын наамы калыбына келтирилгенге жана агакезектеги атайын наам берилгенге чейин атайын наамды кайрадан төмөндө-түүгө болбойт. 73. Кызматкерлер атайын наамынан соттун чечими менен ажыратылышымүмкүн. Атайын наамынан ажыратылган кызматкерлер ички иштер органдарынанкатардагы милиционерлер, ички кызматтын катардагылары катары бошотулу-шат. Кызмат өтөгөн жылдары же оорусу боюнча пенсияга укуктууларга пен-сиялары ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамы үчүнмыйзамда белгиленген шарттар жана нормалар боюнча эсептелет. Мында пен-сияны эсептөөдө атайын наам боюнча маяна милициянын катардагысынын, ич-ки кызматтын катардагысынын атайын наамына жараша эсепке алынат. Жогорку жетектөөчү курамдагы адамдын наамы төмөндөтүлүп, анан кай-ра Кыргыз Республикасынын ылайык наамы калыбына келтирилиши мүмкүн. IV бөлүк Кызмат өтөөнүн шарттары 25-глава. Ички тартип 74. Ички иштер органдарындагы жана ИИМдин окуу жайларындагы ичкитартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ал органдардын иште-ринин өзгөчөлүктөрүнө жараша, министр аныктоочу тартипте белгиленет. Ички иштер органдарынын ички тартибинин типтүү эрежелери, иш уба-кыттын режими жана кызматкерлердин айрым категорияларынын иш графигиминистр тарабынан бекитилет. Аймактык ички иштер органынын ички тартибинин эрежесин анын на-чальниги ошол органдын ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша бекитет. 26-глава Иш убакыттын узактыгы 75. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-ген иш убакыттын узактыгы колдонулат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери зарыл учурда белгиленгенубактан тышкары, ошондой эле түнкү мезгилде, дем алыш жана майрам күн-дөрү кызматтык милдетин аткарууга чыгарылып, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте бир айдын ичинде кошумча дем алышкүн же компенсация берилет. Нөөмөттүү иште күндүзгү, кечки жана түнкү нөөмөттөрдүн бирдейузактыгы белгиленет. Кызматкерлердин шарты зыяндуу участоктордо иштөөсүнүн, ошондой элемөөнөтүнөн тышкары жана түн ичинде иштөөсүнүн тартиби жана шарттарыКыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. 27-глава Отпуска 1-§. Кезектеги отпуска 76. Отпускалардын узактыгы календарлык күн менен эсептелет. Отпус-ка учуруна туш келген иш эмес майрам күндөр отпусканын календарлык күн-дөрүнүн эсебине киргизилбейт жана акы төлөнбөйт. Отпусканын 14 календарлык күндөн ашкан бөлүгүн кызматкердин жазуужүзүндөгү арызы боюнча акчалай компенсацияга алмаштырса болот. Оор жумуштарда жана эмгек шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу жу-муштарда иштеген кызматкерлердин жыл сайынкы негизги акы төлөнүүчү от-пускасын акчалай компенсацияга алмаштырууга болбойт. 77. Кызматкерге кезектеги отпуск ИИМ тармагында пенсияны эсептөөдөэске алынуучу иштеген жылдарына жараша (календарлык эсептөө менен) бе-рилет: а) 10 жылдан аз иштегендерге - жыл сайын 30 сутка; б) 10 дон 15 жылга чейин иштегендерге - жыл сайын 35 сутка; в) 15 тен 20 жылга чейин иштегендерге, ошондой эле илимдин канди-даты деген окумуштуулук даражасы, доценттин окумуштуулук наамы, КыргызРеспубликасынын эмгек сињирген ишмеринин ардактуу наамы барларга иште-ген жылдарынын санына карабастан - жыл сайын 40 сутка; г) 20 жана андан ашык жыл иштегендерге, ошондой эле илимдин докто-ру окумуштуулук даражасы, профессордун окумуштуулук наамы барларга иш-теген жылдарынын санына карабастан - жыл сайын 45 сутка. 78. Кызматкердин каалоосу боюнча эмгектик отпуска экиге бөлүнүшүмүмкүн, мында бир бөлүгү 14 суткадан кем эмес болууга тийиш. 79. Климаттык шарты жагымсыз, андай жерлерде иштегени кызматкер-лерге жењилдиктүү шартта пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарынын эсебинекошулуучу жана 45 сутка мөөнөткө кезектеги отпуска алууга укук берүүчүжерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. 45 суткага созулган кезектеги отпуска ошондой эле бийик тоолуу(1500 метр жана андан ашык бийикте) жана ага тењештирилген жерлерде иш-теген кызматкерге, иштеген жылдарынын санына карабастан берилет. 80. Министрдин чечими менен, ал эми аймактык ички иштер органда-рында - аларга барабар жана жогору ички иштер башкармаларынын началь-никтеринин чечими менен кызматтын өзгөчө татаал шарттарына же өзгөчөкырдаалдагы кызматка байланыштуу узартылган отпускага муктаж кызматкер-ге кезектеги отпускалар 45 сутка мөөнөткө берилиши мүмкүн. Интернационалист жоокер болгон кызматкерлерге 14 календарлык күнкошумча отпуска берилет. 81. Эреже катары, кызматкерди кезектеги отпускадан чакырып алуугаболбойт. Өтө зарыл болгон учурда кызматкерди кезектеги отпускасынанөзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен чакырып алууга болот. Кызматкер-ди кезектеги отпускдан чакырып алуу эмгектик отпуска берүүгө укуктууначальниктин же жогору турган начальниктердин буйругу менен таризделет. 82. Ички иштер органдарынан жаш курагына, оорусуна, ден соолугунунабалы чектелүүлүгүнө же штат кыскарганына байланыштуу бошонуп жатканкызматкерге бошонуп жаткан жылы калоосу боюнча кезектеги отпуск бери-лет. Ички иштер органдарынан бошонгон кызматкерге (ушул пункттун бирин-чи абзацында айтылгандан башка учурларда) бошонгон жылы пайдаланылбаганэмгектик отпускасынын ордуна ошол жылда иштеген убактысына пропорциялууакчалай компенсация берилет. 83. Эмгектик отпускага кетип жаткан кызматкерге кадр кызматы беки-тилген формадагы күбөлүк берет. Отпуска жана отпусканын күбөлүгүн бе-рүүгө кызматкердин рапорту жана ага укугу бар тийиштүү жетекчинин урук-саты негиз болот. 84. Эмгектик отпуска берүү жөнүндө буйруктар чыгарылбайт, отпуска-лардын эсеби акчалык аттестаттарда жана отпускалык күбөлүктөрдүн дүмүр-чөктөрү боюнча эсептелип, анда отпуска берилгени же кызматкер жањы ишорунга кеткени же ички иштер органдарынан бошонгону жөнүндө белги кою-лат. Андай орун которууга чейин кезектеги отпускасын пайдаланбаган кыз-маткердин орун которуштурганда отпуска ошол которулган жылы жањы иш ор-дунан берилет. 85. Эмгектик отпусканы кызматтагы зарылдыкка байланыштуу өтүп жат-кан жылы пайдаланбаганда отпуска кийинки жылдын биринчи кварталындамилдеттүү түрдө берилет. 86. Кызматкерге эмгектик отпускасы кызмат өтөгөн биринчи календар-лык жылда берилгенде наам ыйгарылган же ички иштер органдарынын кадрынакабыл алынган датасына карабастан, анын кызмат орунга дайындалган күнү-нөн башталган убакыт эске алынат. Иштеген биринчи жылы эмгектик отпуска11 ай иштегенден кийин гана берилет. Эмгектик отпуска өз ара макулдашуубоюнча 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн. Иштегенден 11 ай өткөнгөчейин отпуска аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча отпускага чы-гаардын алдында жана дароо андан кийин, жана Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган башка учурларда берилүүгө тийиш. 87. Кызматкерге отпусканын учурунда ооруп калганына байланыштууэмгектик отпускасын узартуу кызматкер ишке чыккандан жана дарылоочу ме-кеменин убактылуу эмгекке жараксыздыкты ырастоочу документтерин тапшыр-гандан кийин отпусканы берген начальник тарабынан ишке ашырылат. Мындаал адамдардын эмгектик отпускада болуу убактысы үзгүлтүк болбоого тий-иш. Кызматкер эмгектик отпусканын учурунда ооруп калганы жөнүндө от-пускасы бүткөнгө чейин тийиштүү начальникке билдирүүгө милдеттүү (те-леграф, телефон ж.б. аркылуу). 88. Ээлеп турган кызматынан бошотулган жана кадрдын резервине кир-гизилген жана өтүп жаткан жылдагы эмгектик отпускасын пайдаланбаганкызматкерге отпускасы эреже катары аны кадрдын карамагына алгандан кий-ин дароо берилүүгө тийиш. Кийин ага отпуска берилбейт. Мында кадрдын карамагында болуу узактыгынын чеги отпусканын узак-тыгына узартылат. 2-§. Кыска мөөнөттүү отпуска 89. Үй-бүлөлүк шартка жана башка жүйөлүү себептерге байланыштуу 5календарлык күнгө чейинки, эмгек акысы сакталбачу кыска мөөнөттүү от-пуска кызматкерге төмөнкүдөй учурларда берилет: а) никеге турганда; б) кызматкердин жакын тууганынын (жубайы, атасы, энеси, баласы,кызы, бир тууганы, бир тууган эже-карындашы, жубайынын атасы жана энесиже кызматкер тарбиясында болгон адам) ден соолугунун абалы оор же каза(курман) болгон учурда; в) кызматкердин үй-бүлөсү же жакын туугандары өрткө, башка табигыйкырсыкка дуушарланганда; г) кызматкер үй-бүлөсүндө болушу зарыл болгон башка өзгөчө учур-ларда. Кыска мөөнөттүү отпуска кезектеги жыл сайынкы отпусканын эсебинекиргизилбейт. 3-§. Оорусу боюнча отпуска 90. Оорусу боюнча отпуска аскердик-врачтык комиссиянын корутунду-сунун негизинде берилет. Оорусу боюнча отпусканын мөөнөтү оорунун мүнөзүнө жараша аныкта-лат. Оорусу боюнча отпускада үзгүлтүксүз болгон убакыт Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында дарылануунун узагыраак мөөнөттөрү каралганданбашка учурларда төрт айдан ашпоого тийиш. Оорусу боюнча отпускада жанадарыланууда үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкер анынкызматка андан аркы жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскер-дик-врачтык комиссияда текшерилүүгө тийиш. Кызматкердин кызматтык милдетти аткарууга байланыштуу алган конту-зияга, жаракатка же мертинүүгө байланыштуу дарыланууда болуу убактысычектелбейт. Мындай учурда кызматкер медициналык текшерүүгө дарыланыпбүткөндөн же оорунун натыйжасы аныкталгандан кийин жиберилет. Оорусу боюнча отпуска кезектеги жыл сайынкы отпусканын эсебинекиргизилбейт. Кызматкер кызматтан бошонгондо оорусу боюнча отпуска берилбейт. 4-§. Каникулдук отпуска 91. ИИМдин окуу жайларында күндүзгү окутуу формасында окуган кыз-маткерге төмөнкүдөй отпускалар берилет: а) кышкы каникулдук отпуска - окуу планына ылайык, бирок 7 сутка-дан кем эмес; б) жайкы каникулдук отпуска - 30 сутка мөөнөтке; в) ИИМдин окуу жайын бүтүргөндөн кийин - 30 календарлык күнмөөнөткө, бул өтүп жаткан жылдагы кезектеги эмгектик отпусканын эсебинечегерилет. Бул отпуска ага кызмат өтөөчү ордуна жиберилгенге чейин бе-рилүүгө тийиш. Окуудан карызы бар курсанттарга жана угуучуларга каникулдук отпус-калар карызды жойгондон кийин, окуу программаларында белгиленген отпус-калардын мөөнөттөрүнүн чегинде берилет. Мында каникулдук отпуска 15суткадан кем эмес мөөнөткө берилүүгө тийиш. 28-глава Жењилдиктер, гарантиялар жана компенсациялар 92. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укуктуу жана иштөөсүнулантып жаткан кызматкерге негизги акчалай маяна төлөнүп жаткан учурдаберилүүгө тийиштүү болгон пенсиянын 50 проценти өлчөмдө кошумча төлө-нөт. Кызматкерди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн госпиталдык дарылануунуулантуу үчүн санаторийге жибергенде аларга: кызматкерлерге - наркынын50 проценти өлчөмдө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө - 30 проценти өлчөмдөжењилдиктүү санаторийлик-курорттук жолдомолор жыл сайын каралчу кара-жаттардын чегинде берилет. Ички иштер органдарынан ушул Жобонун 94-пунктунун а), б), в), е),ж) жана з) пунктчаларында каралган негиздер боюнча пенсияга чыгуу укугуменен бошотулган жана календарлык эсептөөдө 20 жана андан ашык жыл иш-теген, ИИМдин медициналык мекемесинин корутундусу боюнча санаторий-лик-курорттук жана ден соолукту оњдоочу мекемелерге дарыланууга жибе-рилген жарандарга ИИМдин жыл сайын каралчу каражаттарынын чегинде нар-кынын 50 проценти өлчөмдө жењилдиктүү жолдомолор берилет. V бөлүк Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн токтотулушу 29-глава Кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер 93. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн токтотулушуна негиздертөмөнкүдөй: а) ички иштер органдарынан бошонуу; б) кызматкерди аныкталган тартипте дайынсыз жоголду деп эсептөө; в) кызматкердин каза (курман) болушу; г) кызматты андан ары улантуу үчүн аскердик кошуундарга, башка ас-керлештирилген уюмдарга иштөөгө жиберүү; д) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу же Кыргыз Республика-сынын жарандыгынан ажыроо. 30-глава Ички иштер органдарынан бошотуу үчүн негиздер Кызматкер кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) төмөнкү-дөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн: а) өз каалоосу боюнча; б) ушул Жобонун 98, 99-пункттарында жана 101-пунктунун б) пунктча-сында белгиленген жогорку жаш куракка жеткенде; в) кызмат өтөөнүн пенсияга укук берүүчү белгиленген мөөнөтүн өтө-гөндө; г) эмгектик келишимде каралган кызмат өтөө мөөнөтү бүткөндө; д) эмгектик келишимдин шарттары бузулганга байланыштуу; е) штаттар кыскарганда - ички иштер органы жоюлганда, саны же штаткыскартылып кызматкерди кызматка пайдалануу мүмкүн болбогондо; ж) оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жараксыз-дык жөнүндө корутундусунун негизинде; з) ден соолугунун чектелүү абалы боюнча - аскердик-врачтык комис-сиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги, ден соолугунун абалынабайланыштуу кызматтык милдеттерин ээлеп турган кызмат ордуна ылайыктууаткаруу мүмкүн эместиги жөнүндө токтомунун негизинде жана кызматтыкмилдеттерин ден соолугунун абалына жараша аткара алуучу кызмат орунгакоторууга мүмкүндүк жок болгондо; и) аттестациялык тартипте кызматка жараксыз деп табылганда, ошон-дой эле сынак мөөнөттөн өтпөгөндө; к) тартипти одоно же такай бузганы үчүн; л) кызматкердин адамдык, адеп-ахлактык сапаттарына карата талап-тарга туура келбеген иштерди жасаганы үчүн; м) жасаган кылмышы үчүн соттолгондо, айыптаган өкүм мыйзамдуу кү-чүнө киргенден кийин; н) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайлан-ган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызмат орунга дайындалгандан башкакызматкерлер башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, админист-рациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга аныкталгантартипте которулганда; о) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганга байланыштуу; п) башка мамлекеттин жарандыгы бар болгонуна байланыштуу; р) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга жол берүү токтотулгангабайланыштуу; с) карамакта болуу мөөнөтү аяктаганга байланыштуу; т) ички иштер органына кызматка өтүүдө жасалма документтерди жанаатайылап жалган маалыматтарды бергендик үчүн; у) ротация иретинде которуудан жүйөлүү себепсиз баш тартканда; ф) кылмыштык жоопкерчиликке тартылып, бирок кийин кылмыш иш тергөөоргандары же сот тарабынан реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча ток-тотулганда; х) кызматкердин жакын туугандары атайылап жасаган оор кылмышы үчүнсоттолгондо; ц) мурда ошол кызматты ээлеп турган кызматкер кызмат ордуна кайра-дан орноштурулганда (башка кызмат орунга которуудан баш тарткан же ан-дай которуштурууга мүмкүндүк жок болгондо). 95. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет: а) кызматкердин ушул Жобонун 4-главасында аныкталган милдеттердиаткарбоосу; б) кызматкердин согуштук куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуукол салууда жоготкондон башка учурларда); в) кызматкердин ишке чыкпашы, анын ичинде күн сайынкы белгиленгенкызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык иште жок болу-шу; г) кызматкердин ишке алкоголдук, наркотиктик же токсикалык масабалда болушу; д) кызматкерлер үчүн ушул Жобо менен белгиленген чектөөлөрдү сак-табагандык; е) мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучубашка сырды ачыкка чыгаргандык; ж) иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдоо; з) кызматты өз эркинче таштап коюу; и) саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардыништерине катышуу. 96. Кызматкер отставкага (аскердик эсептен чыгаруу менен)төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн: а) жаш курагы боюнча, ушул Жобонун 100-пунктуна жана 101-пунктунуна) пунктчасына ылайык; б) оорусуна байланыштуу - аскердик-врачтык комиссиянын аскердиккызматка жараксыздык жөнүндө токтомунун негизинде, аскердик эсептен чы-гаруу менен. 97. Милициянын офицердик курамындагыдан башка орто жана улук же-тектөөчү курамдагы, ички иштер органдарында жана ички кызматта кынтык-сыз кызмат өтөгөн кызматкерлерге жаш курагы боюнча бошонууда бошотуучуначальниктердин буйруктары менен белгиленген формадагы кийимди кийүүгөукук берилиши мүмкүн. Жасаган кылмышы үчүн соттолгон же ички иштер ор-гандарынын баркына доо келтирген иштерди жасаган адамдар ошол эле на-чальниктердин буйруктары менен белгиленген формадагы кийимди кийүү уку-гунан ажыратылышы мүмкүн. Милициянын офицердик курамындагы, ички иштер органдарынан ушул Жо-бонун 94-пунктунун б) жана в) пунктчаларында, 96-пунктунун а) пунктча-сында каралган негиздер боюнча бошотулган адамдарга белгиленген форма-дагы кийимди Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде аныкталган майрамкүндөрдө жана ички иштер органдарынын кесиптик майрамдарында гана кий-үүгө укук берилет. 31-глава Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген курактык чектөөлөр 98. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын наамдары бар кызмат-керлер жаш курагы жеткенге чейин ички иштер органдарында кызматта болоалышат жана отставкага төмөнкүдөй чыгарылышат: - эркектер - 50 жашта; - аялдар - 45 жашта. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын наамдары бар кызматкерлерзапаска өз каалоосу боюнча төмөнкүдөй куракта бошоно алышат: - эркектер - 45 жашка чыкканда; - аялдар - 40 жашка чыкканда. 99. Орто, улук жана эњ жогорку жетектөөчү курамдын атайын наамыбар кызматкерлер аларга ыйгарылган атайын наамдарга жараша ички иштероргандарында төмөнкүдөй куракка жеткенге чейин кызматта боло алышат: а) милициянын кенже лейтенантынан, ички кызматтын кенже лейтенан-тынан милициянын капитанына, ички кызматтын капитанына чейин, ошондойэле орто, улук жетектөөчү курамдын наамдары бар аялдар - 50 жаштан; б) милициянын майорунан, ички кызматтын майорунан милициянын пол-ковнигине, ички кызматтын полковнигине чейин, ошондой эле ИИМдин окуужайларынын окутуучулары - 50 жаштан; в) милициянын генерал-майорлору, ички кызматтын генерал-майорлору,милициянын генерал-лейтенанттары, ички кызматтын генерал-лейтенанттары,ошондой эле илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасы, доценттин оку-муштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген ишмеринин ардак-туу наамы бар, профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орундарда ту-рушкан кызматкерлер - 55 жаштан; г) милициянын генерал-полковниктери, ички кызматтын генерал-пол-ковниктери, ошондой эле илимдин докторунун окумуштуулук даражасы, про-фессордун окумуштуулук наамы бар, профессордук-окутуучулук курамдагыкызмат орундарда турушкан кызматкерлер - 60 жаштан. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн белгиленген эњ жогорку ку-рактык чегине жеткен кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындажана ушул Жободо каралгандан башка учурларда: - а) пунктчада көрсөтүлгөндөр - отставкага; - б), в) жана г) пунктчада көрсөтүлгөндөр - запаска бошотулуугатийиш. 100. Орто жана эњ жогорку жетектөөчү курамдагы атайын наамы баркызматкерлер аттестациядан жакшы өткөн жана медициналык көрсөткүчтөрүжок болгон учурда министр иштин кызыкчылыгы үчүн аларды өз макулдуктарыменен персоналдык тартипте, белгиленген эњ жогорку курактык чегинен биржылга ашык кызматта калтыра жана кийин беш жылдан ашык эмес узартаалат; "Милициянын майорунан", "ички кызматтын майорунан" тартып "милици-янын полковнигине", "ички кызматтын полковнигине" чейин атайын наамыбар жана 55 жашка жеткен, "милициянын генерал-майору", "ички кызматтынгенерал-майору, "милициянын генерал-лейтенанты", "ички кызматтын гене-рал-лейтенанты" наамы бар жана 60 жашка жеткен, "милициянын гене-рал-полковниги", "ички кызматтын генерал-полковниги" атайын наамы баржана 65 жаш куракка жеткен кызматкерлер жана ушул Жобонун 99-пункту ме-нен аларга тењештирилгендер отставкага бошотулушат. 101. Орто жетектөөчү курамдын атайын наамы бар кызматкерлер жанаофицердик курамдын атайын наамы бар аялдар 45 жашка жеткенде жаш курагыбоюнча өз каалоосу менен запаска бошоно алышат. 102. Кызматкердин кызмат өтөөнү белгиленген эњ жогорку жаш кураккачейин улантуу жөнүндө чечими аны ушул Жободо каралган негиздер боюнчабошотуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. 32-глава Ички иштер органдарынан бошотуунун тартиби 103. Катардагы жана жетектөөчү курамды кызматтан ИИМдин кызматкадайындоого укук берилген жетекчилери бошотушат. Эмгектик келишимдин шарттарын бузгандык үчүн, ошондой эле ушул Жо-бонун 94-пунктунун к), л), м), о), п), р), с), т), у) жана ф) пунктча-ларына ылайык бошотулчудан башка кызматкерлер алдыда турган бошотуу жө-нүндө тике начальниктери тарабынан бошотоордон эки айдан кем эмес мур-датан кабарланышат. 104. Кызматтан өз каалоосу боюнча бошонууну каалаган кызматкермындай чечими жөнүндө ички иштер органынын тике начальнигине бошонуунупландаштырган күндөн 14 күндөн кем эмес мурдатан эскертип, ал жөнүндөрапорт берет. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкер эскертүүдө белги-ленген мөөнөттөн мурда да бошотулушу мүмкүн. 105. Өлгөн, курман болгон, дайынсыз жоголгон кызматкерлер КыргызРеспубликасынын ички иштер органдарынын аттестацияланган курамынын тиз-мелеринен чыгарылат: өлгөндөр - өлгөндөн кийинки күндөн баштап, дайын-сыз жок болгондор - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштапчыгарылышат. Кызматкерлерди ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн бошотуу жө-нүндө буйруктар кызматкерлер аларды алуу үчүн кадр кызматына келүүдөнбаш тарткандан башка учурларда аларга ал буйруктардын көчүрмөлөрүн тап-шыруу менен кол койдуруп жарыяланат. Кызматкер отпускада жүргөн кезде же убактылуу эмгекке жараксыздыкучурунда кызматкерди ички иштер органдарынын начальнигинин демилгесибоюнча бошотууга жол берилбейт (ички иштер органын өзгөртүп уюштурган-дан, жоюлгандан же кызматкерлердин саны же штат кыскартылгандан башкаучурларда). 106. Ички иштер органындагы кызматтан бошотулган кызматкерлергеэмгек китепчелери кызматкерлер аларды алуу үчүн кадр кызматына келүүдөнбаш тарткандан башка учурларда бошотулган күнү берилет, ал эми аларшаардын, райондун чегинен тышкарыда жүргөн учурда эмгек китепче почтааркылуу, билдирүү менен жиберилет. Кызматкер ички иштер органдарынан бошотулгандан кийин тийиштүү до-кументтер аскер комиссариаттарына аскердик эсепке алуу маселесин чечүүүчүн жиберилет. VI бөлүк Ички иштер органдарында кызмат ордуна кайра орноштуруу, кызматка кайра алуу жана атайын наамын калыбына келтирүү 33-глава Ички иштер органдарында кызмат ордуна кайра орноштуруу, кызматка кайра алуу жана атайын наамын калыбына келтирүү үчүн негиздер 107. Кызмат ордунан мыйзамсыз же негизсиз которулду, ээлеп турганкызмат ордунан четтетилди же төмөндөтүлдү, атайын наамынан ажыратылдыже атайын наамы төмөндөтүлдү, ошондой эле ички иштер органдарынан мый-замсыз бошотулду деп аныкталган тартипте эсептелген кызматкерлердин ич-ки иштер органдарындагы кызмат орду, атайын наамы калыбына келтирилүүгөтийиш. Ички иштер органдарындагы кызмат ордун, атайын наамын калыбынакелтирүү үчүн кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду же сот-тун күчүнө кирген чечими негиз болот. 34-глава Кызмат ордун, атайын наамын жана ички иштер органдарында кызмат өтөөсүн калыбына келтирүү маселеси боюнча талаштарды чечүү үчүн кайрылуунун мөөнөттөрү менен тартиби жана калыбына келтирүү жөнүндө чечимдердин аткарылышы 108. Кызматкер кызмат боюнча которуштуруу, кызмат ордунан кызмат-тык тартипте четтетүү, кызмат ордун төмөндөтүү, атайын наамын төмөндө-түү, ички иштер органдарынан бошотуу жөнүндө чечимге макул эмес учурдаал чечимдин үстүнөн ички иштер органынын жогору турган начальнигине жесотко кызмат ордун төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, ички иштер ор-гандарынан бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү өзүнө тапшырылган, жеминистрдин кызмат ордун, атайын наамын же ички иштер органдарында кыз-мат өтөөнү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү бил-дирүүсүн алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде даттануугаукуктуу. Бул көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен учурдамөөнөттү министр же сот узарта алат. Ички иштер органдарынын компетенттүү кызмат адамы же сот кызматорунду, атайын наамды же ички иштер органдарында кызмат өтөөнү калыбынакелтирүү жөнүндө чыгарган чечим мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө ишкеашырылууга тийиш. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү калыбына келтирүү бошотулганкызматкерди мурда ээлеп турган кызмат ордуна, же анын макулдугу боюнчамурдагысына барабар кызмат орунга дайындоо жолу менен ишке ашырылат. 35-глава Кызматы кайра калыбына келтирилгенден кийин кызмат өтөгөн мөөнөтүн эсептөө жана атайын наам ыйгаруу 109. Ички иштер органдарында кызмат өтөөсү калыбына келтирилгенкызматкерлерге кезектеги атайын наам ыйгаруу, проценттик кошумчаны тө-лөө жана пенсия чектөө үчүн кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөдө эске алы-нуучу үзгүлтүксүз иш стажысына аларды бошоткон учурдан тартып кызматөтөөсү калыбына келтирилгени жөнүндө буйрукка кол коюлган датага чейин-ки убакыт киргизилет. 36-глава Келтирилген зыяндын ордун толтуруу 110. Кылмышы үчүн соттолгонуна байланыштуу кызматтан бошотулган,кийин аныкталган тартипте реабилитацияланган, ошондой эле кызмат боюнчамыйзамсыз же негизсиз которулган, кызмат орду же атайын наамы төмөндө-түлгөн, ички иштер органдарынан бошотулган кызматкерлерге келтирилгензыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулат. VII бөлүк Корутунду жоболор 37-глава Ички иштер органдарынын кызматкерлерин көмүү 111. Мыйзамдуу кызматтык ишин аткарууга байланыштуу өлгөн (курманболгон) же кызмат өтөп бүткөндөн кийин кызмат өтөө учурунда алган жара-каттын, контузиянын, оорунун кесепетинен өлгөн кызматкерлер, ошондойэле ички иштер органдарында 20 жылдан ашык (календарлык эсепте) кызматөтөгөн кызматкерлер ички иштер органдарын каржылоого бөлүнчү каражат-тардын эсебинен көмүлөт жана көмүү тийиштүү ички иштер органдарынын на-чальниктери тарабынан уюштурулат. Кызматкерлерди көмүүдө зыйнатын жасоо тартиби министр тарабынананыкталат. 38-глава Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик 112. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөжөнүндө мыйзамдарды бузган, кызматкерлерди укуктук жана социалдык кор-гоонун гарантияларын сактабаган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.