Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу № 400
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине (пробация маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында пробация органын киргизүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 642 «Пробация органына кызматтык жайларды берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы «2020-жылдын 1-январынан» деген сөздөр «2019-жылдын 1-сентябрынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 «Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктунда:
- «2020-жылдын 1-январына» деген сөздөр «2019-жылдын 1-сентябрына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-пунктунда:
- экинчи абзацындагы «декабрына» деген сөз «августуна» деген сөз менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Департаментке.»;
3) 5-пунктунда:
- экинчи абзацындагы «2020-жылдын 1-январынан» деген сөздөр «2019-жылдын 1-сентябрынан» деген сөздөр менен, «180» деген цифралар «140» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 6-пункту «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 13-пунктундагы «2020-жылдын 1-январынан» деген сөздөр «2019-жылдын 1-сентябрынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:
1) 11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) пробациялык көзөмөлдү, шарттуу соттолгондорду, жаза мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен соттолгондорду, түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды, ошондой эле пробациялык докладды түзүү боюнча функциялардын аткарылышын көзөмөлдөө жана контролдоо;».
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2019-жылдын 1-октябрына чейин:
1) пробация органдарын пробация кызматынын милдеттерине жооп берүүчү жайлар менен камсыздасын;
2) коомдук иштер түрүндөгү жазаларды аткаруунун так объекттерин аныктасын.
7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекциясынын бошотулган кызматкерлерин жана персоналын ишке орноштуруу маселесин чечсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |