Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-марты № 78
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2021-жылдын 21 июнундагы № 33, 2021-жылдын 13 августундагы №133, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 261, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 351, 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү, юстиция органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 280 "2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын компетенциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 13-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым жоболорун жүзөгө ашыруу тууралу" токтомунун 2-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 498 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомунун 8-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 15-пункту;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине (пробация маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жана Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка республикалык бюджеттен тиешелүү жылдарга каралган финансы каражаттарынын жана бекитилген штаттык санынын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21 июнундагы № 33 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы №557 токтомунун редакциясына ылайык)