Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 404 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 , КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү - бул Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине кирген (мындан ары - Реестр) чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин белгилүү товар рыногундагы атаандашуунун абалына тийгизген таасирин баалоо, үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда атаандаштыкты коргоону жана өнүктүрүүнү камсыздоо болуп саналат.
2. Статистикалык байкоо жүргүзүү - бул Реестрге киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши жөнүндө маалыматтарды жыйноо, системалоо жана жалпылоо боюнча иштер.
Экономикалык талдоо - Реестрге киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин абалын жана келечегин баалоо, статистикалык байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын негизинде атаандаштыктын абалына оң же терс таасирин тийгизген факторлорду белгилөө.
Статистикалык байкоо жүргүзүүдө төмөнкүдөй иргелген маалымат колдонулат:
- "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык статистика органдарынын маалыматтары;
- монополияга каршы органдын өзүнүн изилдөөлөрүнүн маалыматтары;
- мамлекеттик органдардын Реестрге кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана/же тийиштүү рыноктун көрсөткүчтөрү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы расмий жарыялоосу;
- маркетинг жана социологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтары;
- товардык рыноктордун абалы, түзүмү жана көлөмү, айрым товар өндүрүүчүлөрдүн жана сатып алуучулардын товарды жүгүртүүгө катышуусу жөнүндө көз карандысыз маалымат борборлорунун маалыматтары;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин расмий сайттарында же расмий прайс-баракчаларда жарыяланган тарифтер жана баалар жөнүндө маалымат;
- юстиция органдарынан алынган маалыматтар;
- салык жана бажы органдарынан алынган маалыматтар;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин жөнгө салган мамлекеттик органдардан жана алардын аймактын органдарынан алынган маалыматтар;
- чарба жүргүзүүчү субъекттерге белгилүү бир иштин түрүн жүргүзүүгө уруксат жана лицензия берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган маалымат;
- архивдик органдардан алынган маалымат;
- ушул пунктта көрсөтүлбөгөн, товардык рыноктун спецификасын эске алуу менен башка мамлекеттик органдардан жана өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтар;
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
- туруктуу негизде жүргүзүлүүгө;
- алынган маалыматтарды эсепке алуу маалыматтардын толуктугун камсыз кылууга, ошондой эле маалыматтардын өзгөрүү динамикасын эске алууга тийиш;
- маалыматтар максималдуу так жана анык болушу керек.
2. Экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартиби
4. Реестрге киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү үчүн баштапкы маалымат катары монополияга каршы орган тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча жалпыланган маалыматтар жана маалыматтар маалымат берүү тартиби жөнүндө жана маалымат алуу укугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка органдар монополияга каршы органдын жазуу жүзүндөгү негиздүү суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди жана ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды, анын ичинде коммерциялык купуя маалыматтарды монополияга каршы орган тарабынан белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү, бул мөөнөт суратылган маалыматтардын көлөмүнө жараша суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндөн кем болбоого тийиш.
Суроо-талапта укуктук негиздер, суроо-талаптын максаты, талап кылынган маалымат, ошондой эле ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн, маалымат берилүүгө тийиш болгон мөөнөттөр көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка органдар жүйөлүү негиздеме боюнча монополияга каршы органга маалыматтарды жана документтерди берүүдө, суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттү беш жумуш күндөн ашырбай узартуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
7. Монополияга каршы орган ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн бир же бир нече булактардан алынган маалыматтар толук болбосо, түшүндүрмөлөрдү жана/же тактоону талап кылса жана башка булактардан алууга мүмкүн болбосо же суратылган маалыматты берүүдөн баш тарткан монополияга каршы орган Реестрге киргизилген чарбакер субъекттерден ишинин конкреттүү көрсөткүчтөрү боюнча төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды суратат:
- товардын импортунун жана/же экспортунун өндүрүшүнүн же накталай жана нарктык түрдө көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүн;
- баалардын (тарифтердин) деңгээлинин өзгөрүү динамикасын;
- баалар (тарифтер) өзгөрүлгөн учурда товардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын рентабелдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү түз чыгымдар беренесин чечмелөө менен өзгөрүүнүн себептеринин негиздемесин;
- товар өндүрүүнүн, кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркын;
- рентабелдүүлүктүн деңгээлин;
- товарларды жеткирүү, кызматтарды көрсөтүү боюнча типтүү келишимди. Эгерде арыз келип түшсө - чарба жүргүзүүчү айрым субъекттер менен түзүлгөн келишимдердин, анын ичинде дистрибьютордук келишимдердин (макулдашуулардын) көчүрмөлөрүн.
Суроо-талапта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- укуктук негиздер;
- суроонун максаттары;
- талап кылынган маалымат;
- ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган булактардан маалыматтарды алуу мүмкүн эместигинин себептери;
- монополияга каршы орган тарабынан белгиленген маалыматты берүү мөөнөтү бул мөөнөт суратылган маалыматтардын көлөмүнө жараша суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндөн кем болбоого тийиш.
Суроо-талапка ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын суратылган маалыматты берүүгө мүмкүн эместигин же баш тартууну ырастаган жазуу жүзүндөгү жообунун көчүрмөсү тиркелет.
8. Чарба жүргүзүүчү субъекттер жүйөлүү негиздеме боюнча монополияга каршы органына суроо-талапта көрсөтүлгөн маалымат берүү мөөнөтүн беш жумуш күндөн ашырбай узартып берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
9. Чарба жүргүзүүчү субъекттер монополияга каршы органдын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча монополияга каршы орган белгилеген мөөнөттө маалымат берүүгө милдеттүү.
10. Монополияга каршы органдан суроо-талап келип түшкөн учурда чарбакер субъект анын ишине тийиштүү туура эмес жана/же толук эмес маалыматтарды камтыган, түшүндүрүүнү жана/же тактоону талап кылган маалыматты тапса, чарбакер субъект өзүнүн жообунда туура маалыматты тиркеп, табылган туура эмес жана же толук эмес маалыматтарды баяндоо менен мындай шайкеш келбестикти белгилейт.
11. Монополияга каршы органдын суроо-талабы боюнча маалыматтар мамлекеттик жана башка органдар, чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан берилбесе, өз убагында берилбесе же так эмес маалымат берилсе, бул "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Монополияга каршы орган сураткан документтерде камтылган коммерциялык сырга тийиштүү маалыматтар монополияга каршы орган сураган маалыматтарды берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болбошу керек. Монополияга каршы органга берилүүчү жоопто ушундай маалыматтар болсо, чарба жүргүзүүчү субъект коммерциялык сырды түзгөн документтердин жана маалыматтардын толук тизмесин көрсөтүү менен монополияга каршы органга бериши керек.
13. Монополияга каршы орган, анын кызмат адамдары жана кызматкерлери чарба жүргүзүүчү субъекттин макулдугусуз коммерциялык сырга тийиштүү маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
14. Монополияга каршы орган алган маалыматтардын негизинде экономикалык талдоо жүргүзөт.
Экономикалык талдоо чарба жүргүзүүчү субъектинин ишине баа берүүнү, анын ичинде төмөнкүлөрдү камтыйт:
- товар (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана/же сатуу көлөмүнүн өзгөрүүлөрүн;
- товар (кызмат көрсөтүү) үчүн баанын өзгөрүүсүн;
- рентабелдүүлүк деңгээлинин өзгөрүүсүн;
- рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүшүнүн өзгөрүүсүн;
- рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин жүрүм-турумуна баа берүү жана атаандаштар менен керектөөчүлөргө анын таасири боюнча;
- атаандашууга чарба субъектинин таасири (алгылыктуу же терс).
Баа кескин өскөн учурда "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41 жана 42-беренелерине ылайык монополиялык жогору (монополиялык төмөнкү) баалардын белгилери боюнча баа өзгөрүшүнүн себептери изилденет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 461 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүү тартибине ылайык товардык рынокко экономикалык талдоо жана атаандаштык чөйрөгө талдоо жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин экономикалык талдоонун жана товардык рыноктордогу атаандаштык чөйрөнү талдоонун жыйынтыгы боюнча Реестрге киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
– “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузуунун белгилери табылган учурда – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерине ылайык монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароо жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибине ылайык чарба жүргүзүүчү субъектти Реестрден чыгаруу жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Чарба жүргүзүүчү субъект монополияга каршы органдын чечимине (аракетине) макул болбосо, ушул чечим (аракет) Кыргыз Республикасынын администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган сотко чейинки тартипте, андан ары соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)