Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 22-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине 1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери 2-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом 2020-жылдын 16-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөртүүлөр киргизиле турган чечимдери
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизинин жана Кедейчиликти кыскартуунун улуттук стратегиясынын" деген сөздөр "2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик статистика жөнүндө" деген сөздөр "Расмий статистика жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын тигүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "мамлекеттик статистиканын" деген сөздөр "статистиканын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "мамлекеттик" деген сөз "расмий" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 19-тиркемесинде:
- 15-пунктунун экинчи абзацындагы "мамлекеттик статистика" деген сөздөр "салык кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын 2019-2023-жылдары ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:
- 5-пунктундагы "мамлекеттик" деген сөз "расмий" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибинде:
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык статистика органдарынын маалыматтары;".
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготту деп тааныла турган чечимдери
1. Кыргызстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 18-июнундагы № 287 "Керектөөчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата баалардын өзгөрүүсүн эсепке алуу менен калктын кирешелерин жана аманаттарын индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 9-июлундагы № 314 "Эл аралык практикада кабыл алынган эсепке алуу жана статистика системасына Кыргызстан Республикасынын өтүүсү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 23-сентябрындагы № 475 "1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүү, жерлерди мелиорациялоо жана азык-түлүк фондун өстүрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-мартындагы № 104 "1994-жылы калктын социалдык-демографиялык тандалма изилдөөсүн жүргүзүү жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-мартындагы № 128 "Дыйкан (фермер) чарбаларын жана "Дыйкан-Ордо" ассоциациясын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 5-июлундагы № 263 "1995-жылы түшүмдөрдү жыйноо, тоют даярдоо жана күздүк себүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүшүндө кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 442 "1996-жылдын 1-январына карата негизги фонддорду кайра баалоо жана тездетилген амортизация механизмин колдонуу жөнүндө" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-февралындагы № 52 "Айыл чарбасына өзгөчө финансылык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 17-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 442 "1996-жылдын 1-январына карата негизги фонддорду кайра баалоо жана тездетилген амортизация механизмин колдонуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-августундагы № 475 "Жер жана агрардык реформаны өткөрүүнүн жана тереңдетүүнүн жүрүшү жөнүндө" токтому.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы айыл чарбаларын каттоо жөнүндө" токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 400 "Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын жакшыртуу жана көтөрүү, республикада өндүрүлгөн айыл чарба сырьесун кайра иштетүүнү жана сатып өткөрүүнү жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия түзүү жөнүндө" токтому.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-декабрындагы № 861 "1999-жылы Кыргыз Республикасынын элин Биринчи улуттук каттоонун маселелери" токтому.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 18-январындагы № 27 "2000-жылы Кыргыз Республикасынын соода ишканаларын, мейманкана чарбасын жана автомобилдерге май куюучу жайларын каттоону жүргүзүү жөнүндө" токтому.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-майындагы № 306 "2000-жылдын 1-январына карата бүтүрүлбөй турган курулуштарды (объекттерди) инвентаризациялоо жөнүндө" токтому.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-июнундагы № 322 "Чүй областынын Ысык-Ата районунда сынамык (пилоттук) айыл чарба каттоосун жүргүзүү жөнүндө" токтому.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-июнундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы өткөрүлүүчү Биринчи Улуттук айыл чарба каттоосун уюшкандыкта жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-майындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 437 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 385 "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополияны камсыздоого көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-августундагы № 430 "Ишканалар менен уюмдарда бир жолку изилдөө жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын 2003-жылы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүсүнүн жана пайдалануусунун тармактар аралык отчеттук балансын түзүү жөнүндө" токтому.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001 -жылдын 10-сентябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы өткөрүлүүчү Биринчи улуттук айыл чарба каттоолорун финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө" токтому.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы өткөрүлүүчү биринчи улуттук айыл чарба каттоосун уюшкандыкта жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-июнундагы № 348 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык информациясын классификациялоонун жана код берүүнүн бирдей системасын өнүктүрүү жөнүндө" токтому.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-августундагы № 543 "2002-жылдын түшүмүнүн айыл чарба продукциясын даярдоо, кайра иштетүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана областтык мамлекеттик администрациялар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө" токтому.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 13-августундагы № 558 "Азык-түлүк коопсуздугу-2001" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" токтому.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасында биринчи улуттук айыл чарба каттоосунун экинчи этабын өткөрүү жөнүндө" токтому.
28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июнундагы № 438 "Кыргыз Республикасынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө каттоо жүргүзүү жөнүндө" токтому.
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-февралындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын сатып алуу жана экспорттоо системасын өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки чаралар пакети жөнүндө" токтому.
30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 470 "2006-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-майындагы № 195 "Кыргыз Республикасында 2009-жылы Эл жана турак жай фондунун каттоо (сураштыруу) баракчасын бекитүү жөнүндө" токтому.
32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 365 "Мамлекеттик статистика органдарынан статистикалык маалыматты акысыз алууга укугу бар пайдалануучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому.
33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 30-пункту.
34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому.
35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы № 191 "Мамлекеттик статистика органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
36. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
37. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-июлундагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
39. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө" токтомунун 18-пункту.
40. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомунун 5 жана 6-пункттары.
41. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 413 "2012-жылы экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
42. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2018-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтому.
43. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
44. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
45. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту.
46. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту.