Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-августу № 394
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерин өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилигинде өз алдынча чечүүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдик берген укуктары жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү.";
2) 21-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган маселелерди өз алдынча чечет.";
3) 21-1-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 35-беренесинин 3-бөлүгүндөгү ", ал эми жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү мамлекеттик администрацияга" деген сөздөр алып салынсын;
5) 39-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-бөлүгүндөгү ", жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти райондун мамлекеттик администрацияларынын тиешелүү башчылары тартышат" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.";
2) 9-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 10-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Акимди кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан жүзөгө ашырылат.";
4) 11-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "жана жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын" деген сөздөр алып салынсын;
5) 14-беренесинин 2, 3, 4, 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "- депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүгүнүн 10, 10-1-пункттары жана 2, 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирүү сунушталсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйындарынын документтерин Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте тапшырууну камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|