Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-августу № 406
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьясынын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар" деген сөздөр "жайыттар" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинде:
а) экинчи абзацындагы "жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Жайыттарды жакшыртуу - жайыттын түшүмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын системасы.
Шалбаага айлантуу - ар түрдүү чарбалык пайдалануудагы чөптүн чыгышы үчүн көп жылдык чөптөрдү айдоо.
Жайыттарды үстүртөн жакшыртуу - чымды толук бузбастан, айдоо жайыттарын түзүү менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.
Жайыттарды түп-тамырынан жакшыртуу - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаага айлантуу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.
Айдоо жайыттары - үстүртөн жакшыртылган, тоют өсүмдүктөрүн себүүдөн кийин чөп жакшы өсүп чыккан, үзгүлтүксүз каралган, жер семирткичтер чачылган, белгилүү сандагы мал киргизилип жайылуучу жайыт участоктору.
Тоют өсүмдүктөрү - мал үчүн тоютка колдонуу максатында өстүрүлүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү.
Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаага айлантуу жолу менен пайда болгон чөптүү айыл чарба жери.
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу - жайыт инфраструктурасынын объекттерин реконструкциялоого, оңдоого, калыбына келтирүүгө, курууга багытталган иш-чаралар.";
2) 3-1-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык ишке ашырылат.";
3) 4-беренесинин 3-бөлүгүндө:
- "пайдалануу боюнча жамааттын пландарын жыл сайын бекитет, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторун." деген сөздөр "башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4) 5-беренесинин 4-бөлүгүндө:
- "пайдалануу пландарынын аткарылышы үчүн" деген сөздөр "башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планынын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5) 6-беренесинде:
а) 5-бөлүгүндө:
- экинчи абзацындагы "пайдалануу" деген сөз "башкаруу жана пайдалануу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацындагы "пайдалануу боюнча жамааттын" деген сөздөр "башкаруу жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- жетинчи абзацындагы "акы белгилөө жана жыйноо" деген сөздөр "жыйымды аныктоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүндөгү "уюштуруу тартиби жөнүндө, жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө, жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболор" деген сөздөр "ишин уюштуруу тартиби жөнүндө, жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө, жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболор, Кыргыз Республикасынын жайыттарына малды жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө жобо, жайыттардын абалына жана сапатына мамлекеттик стандарттарды жана баалоо мониторингинин методдорун аныктоо тартиби, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча жоболор, нускамалар, эрежелер жана башка укуктук ченемдик актылар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 7-бөлүгү "Жайыттарды" деген сөздөн кийин "башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 7-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын түзүүдө жайыт комитеттери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын бекитүү учуруна айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан келип түшкөн маалыматтарга ылайык бул органдардын пландарын эске алууга милдеттүү.";
7) 8-беренесинин 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы «ал жайыттарды» деген сөздөн кийин «башкаруу жана» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иш чаралардын тизмеси;";
8) 10-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "акы төлөө" деген сөздөр "жыйым" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жайыт белеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү жыйымдар киргизилгенден кийин жайыт комитети тарабынан берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жайыт белеттери үчүн жыйымды бөлүп төлөөгө жол берилет, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнөн 50 пайызынан кем эмес бөлүгү үстүдөгү жылдын 15-апрелинен кеч эмес, калган бөлүгү 1-ноябрынан кечиктирбей төлөнөт. Жыйым өз убагында төлөнбөгөн учурда мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык туум эсептелет.";
в) 3-бөлүгүндөгү "укук алуу үчүн акынын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жайыт комитети тарабынан оптималдуу жүктү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес белгиленип" деген сөздөр "укук алуу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жайыт комитети тарабынан оптималдуу жүктү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгүндөгү "акы төлөө" деген сөз "жыйым" деген сөз менен алмаштырылсын;
д) 5-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "акы төлөө" деген сөз "жыйым" деген сөз менен алмаштырылсын;
ж) 6 жана 7-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 11-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Жайыт пайдалануу үчүн каражаттарды пайдалануу
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн түшкөн каражаттар жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле жайыт комитетин күтүүгө пайдаланылат.";
10) 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацында:
- "жайыттарды тескөө" деген сөздөр "жайыттарды башкаруу жана пайдалануу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "жана жайыттарды" деген сөздөрдөн кийин "пайдалануунун жылдык" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|