Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-августу № 407
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо жол-жоболорун өркүндөтүү, аларды каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жободо:
- 6-пунктунун сегизинчи абзацы "кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары" деген сөздөрдөн кийин "(жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин пландары, индекстелген каттоо картасынын фрагменттери)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү жана укук чектөөчү документтерди тариздеген жана берген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдына башкаруу органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 5 жумуш күндүн ичинде аталган документтердин электрондук түрдөгү жана кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарына жиберүүгө милдеттүү.
Документтердин кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрү жергиликтүү каттоо органына атайын жеткирүү менен же почта байланышы аркылуу тапшырылат.
Электрондук документтер "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдына башкаруу органдарынын ортосундагы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тартибиндеги талаптарга ылайык жергиликтүү каттоо органы тарабынан жиберилет жана кабыл алынат.
Келип түшкөн укук белгилөөчү документтерди жергиликтүү каттоо органынын архивариусу Укук белгилөөчү документтерди каттоо журналында эсепке алат (6-тиркеме). Кагаз жүзүндөгү документтер каттоо ишине тиркелет, ал эми электрондук түрдөгү документтер электрондук архивге киргизилет.";
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыймылсыз мүлккө укуктар жана аны менен бүтүмдөр кыймылсыз мүлк жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.
Кыймылсыз мүлккө укуктар жана аны менен бүтүмдөр укук ээсинин же арыз берүүгө укуктуу жактын ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жергиликтүү каттоо органына берген арызынын негизинде катталат.
Укук ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү кыймылсыз мүлккө укукту же аны менен бүтүмдү каттоого арыз менен кайрылган учурда мамлекеттик каттоого арыз берүү үчүн кыймылсыз мүлккө укукту же анын менен бүтүмдү каттоого нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилет. Мында кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жүргүзүүгө ишеним кат берүү учурун кошпогондо, юридикалык жактар тарабынан кыймылсыз мүлккө укукту каттоого берилген ишеним кат нотариуста күбөлөндүрүлбөйт.
Жеке жана юридикалык жактардын кыймылсыз мүлк бирдигине мурда пайда болгон жана жергиликтүү каттоо органдарында катталбаган укуктары ушул Эрежелерге ылайык укук ээси берген арыздын негизинде акы төлөө жолу менен катталат.
Кыймылсыз мүлк бирдигине укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоо кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органына арыз берилген күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Мурда жергиликтүү каттоо органында катталган кыймылсыз мүлккө укуктар 2 (эки) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт. Мында милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөн келип чыгуучу укуктар жумуш күндөгү 3 (үч) саатта катталат.
Кыймылсыз мүлккө укуктарды чектөө же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдүн негизинде укуктарды өткөрүп берүү чектелүүчү же ажыратылуучу кыймылсыз мүлккө менчик укук милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөндө жүргүзүлөт.";
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик каттоого арызды жана документтерди жергиликтүү каттоо органы Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формадагы арызды жана документтерди кабыл алуу жолу менен ойлайн режиминде да алышы мүмкүн.";
- 10-пунктунун биринчи абзацындагы "каттоо жүргүзүлгөндөн кийин каттоочу тарабынан Ишеним каттарды каттоо журналына" деген сөздөр "Укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү каттоого арыздарды кабыл алуу жана катталгандан кийин документтерди берүү журналына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында каттоочуга коюлуучу квалификациялык талаптар кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
- 19-пунктунда:
"документтердин көчүрмөлөрү," деген сөздөрдөн кийин "каттоо карточкасы," деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндөгү ээсинин укугун каттоону же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтотууга аталган укукту талашып жаткан кишинин арызы негиз болот.
Кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндөгү ээсинин укугун каттоону же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 календардык күндөн ашык мөөнөткө токтотуу талаш болгон укукту же бүтүмдү каттоону токтотуу жөнүндө соттун аныктамасынын негизинде ишке ашырылат.
Кыймылсыз мүлккө укукту талашып жаткан жана аны каттоону же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү каттоону 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтотууну каалаган адам жергиликтүү каттоо органына белгиленген формада (12-тиркеме) арыз берет.
Токтотууга арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу онлайн режиминде да берүүгө болот.
Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис бул арызды кабыл алуунун алдында кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндөгү ээсинин укугун каттоого арыздын же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү каттоого арыздын бар экендигин текшерүүгө тийиш.
Кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндөгү ээсинин укугун каттоо жөнүндө арыз же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү каттоого арыз болгон учурда документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис аталган укукту талашкан адамдан каттоону токтотуу жөнүндөгү арызын кабыл алат.
Токтотуу жөнүндө арыз Укукту каттоонун токтотулушун каттоо журналына киргизилет (32-тиркеме) жана токтоосуз түрдө укукту каттоого же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү каттоого арыз келип түшкөн каттоочуга берилет.
Мында жергиликтүү каттоо органы кыймылсыз мүлккө укукту же бүтүмдү каттоого арыз берген адамга үчүнчү жактан укукту каттоону токтотууга же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү токтотууга арыз келип түшкөндүгү жөнүндө белгиленген формадагы бланкта кабарлайт (13-тиркеме).
Кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндөгү ээсинин укугун каттоого берилген арыз же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү каттоого берилген арыз болбогон учурда, ушул укукту талашып жаткан адамдын токтотуу жөнүндө арызы кабыл алынбайт. Бул учурда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен арыз ээсине белгиленген формадагы бланкта (2-тиркеме) арызды кабыл алуудан баш тартуу тууралуу билдирүү берилет. Арызды онлайн режиминде кабыл алууда билдирүү арызда көрсөтүлгөн арыз ээсинин электрондук почтасына же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы арыз ээсинин жеке кабинетине жиберилет.";
- 25-пунктунун биринчи абзацы "токтотуу тууралуу арыз" деген сөздөрдөн кийин "же бүтүмдү каттоону токтотуу жөнүндө арыз" деген сөздөр менен толукталсын;
- 26-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 30-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыймылсыз мүлккө укукту же аны менен бүтүмдү мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирүүлөр документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис тарабынан арыз ээсине берилет/жиберилет";
- 48-1-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документ жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 54-пунктунун таблицасындагы "Башкы каттоочунун колу" графасы алып салынсын;
- 55-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 56-пунктунда:
таблицасындагы "Башкы каттоочунун колу" графасы алып салынсын;
жыйырма алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 57-пунктунда:
таблицасындагы "Башкы каттоочунун колу" графасы алып салынсын;
сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 63-пунктунда:
3 жана 4-абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Үй-бүлөнүн жер үлүшүнүн курамында (бир укук белгилөөчү документтин негизинде) катталган жарандын жер үлүшү өз алдынча жер үлүшүнө бөлүнүшү мүмкүн.
Бир жарандын жер үлүшүнөн айыл чарба багытындагы өз алдынча жер участокторун бөлүүгө 5 гектардан ашык өлчөмдүн чегинде гана жол берилет. Мында бөлүнүүчү өз алдынча жер тилкелеринин аянты 5 гектардан кем болбоого тийиш.
Эгерде бир жарандын жер үлүшү жалпы чек аралары жок болгон ар башка контурларда жана участоктордо жайгашкан болсо, анда бул жер үлүштөрү өзүнчө кыймылсыз мүлк бирдиктери болуп саналат.
Кыймылсыз мүлк бирдиктерин кошуунун же бөлүүнүн натыйжасында жаңыдан түзүлгөн кыймылсыз мүлк бирдигине укук бөлүнүүчү же кошулуучу кыймылсыз мүлк бирдигине укуктун пайда болуусуна негиз болгон укук белгилөөчү документке ылайык катталат.";
- 94-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Көп кабаттуу турак жай өз алдынча кыймылсыз мүлк бирдиктери болгон эки же андан көп жер участокторуна курулган учурларда курулуп жаткан имаратка идентификациялык код курулманын эң көп бөлүгү жайгашкан жер участогунун коду аркылуу ыйгарылат. Мында калган жер участокторунун каттоо карточкаларынын үчүнчү бөлүгүнө курулуп жаткан имараттын бар экендиги жөнүндө маалымат киргизилет. Объекттин андан ары пайдаланууга кабыл алынгандыгына байланыштуу жер участоктору кошулган учурда кошулган кыймылсыз мүлк бирдигине курулуп жаткан объектке ыйгарылган код аркылуу жер участогунун идентификациялык коду ыйгарылат.";
- 102-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Курулуп жаткан кыймылсыз мүлккө үлүштүк курулуш келишиминин шарттарында мүлктүк укукту каттоо үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн үлүштүк курулуш келишимин берүү зарыл.
Курулуп жаткан кыймылсыз мүлк бирдигине мүлктүк укук курулма салынып жаткан жер участогуна же салына турган курулмага чектөө катары катталат, эгерде бул курулма курулуп бүтө элек кыймылсыз мүлк бирдиги катары катталган болсо.
Бүтө элек курулмага бүтүмдөрдү каттоо мындай курулма ээсинин жер, шаар куруу мыйзамдарынан келип чыгуучу бардык милдеттенмелерин бүтүм боюнча өткөрүп берүү шарттарында жүргүзүлөт.";
- 117-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде сатып алуу-сатуу келишими нотариалдык күбөлөндүрүлбөсө, каттоо жол-жоболору ушул Эрежелердин 8-главасына ылайык жүргүзүлөт.";
- 127-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Бир эле жак катышуучу болгон юридикалык жактын уставдык капиталын түзүүдө өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлккө менчик укугун каттоо үчүн юридикалык жактын уставдык капиталына кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө уюштуруучунун чечимин жана кыймылсыз мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын берүү зарыл.";
- 21-параграфынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"§ 21. Жеңил конструкциялардан курулган кыймылсыз мүлккө (курулмага) укукту каттоо";
- 131-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"131. Жеңил конструкциялардан куралган кыймылсыз мүлккө (курулмага) укукту каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- жер участогуна укукту ырастаган укук белгилөөчү документтин;
- архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө документтин.";
- 177-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"177. Кыймылсыз мүлккө укукту өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишимден келип чыгуучу укук каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүгүнө чектөө катары катталат. "Бенефициардык бирдик же жак" графасында келечектеги укук ээсинин аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, ал эми "Чектөөнүн түрү" графасына "алдын ала келишим" көрсөтүлөт.
Укукту өткөрүп берүү кыймылсыз мүлккө укукту өткөрүп берүү жөнүндө тийиштүү түрдө таризделген негизги келишим берилген учурда катталат.
Кыймылсыз мүлккө укукту өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишим боюнча укукту токтотуу тараптар кыймылсыз мүлккө укукту өткөрүп берүү жөнүндө негизги келишимди түзүүчү мөөнөт аяктагандан кийин кыймылсыз мүлккө укукту өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишимдин бир тарабынын арызы боюнча катталышы мүмкүн.";
- 186-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 560-статьясында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-статьясында каралган ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин ижарага берүүнүн каршылыгы болбогон учурда ижарачынын мүлктү пайдаланууну улантуу укугу:
- ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттү сактоо менен, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө - ижара келишими бүткөнгө чейинки акылга сыярлык мөөнөт ичинде ижарачынын жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү ниети жөнүндө ижарага берүүчүгө жиберген жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде катталат.
Эгерде ижарага берүүчү юридикалык жак болсо - билдирүүдө документти кабыл алган датаны жана анын кириш номерин көрсөтүү менен ижарага берүүчүгө билдирүү жеткендиги жөнүндө белги/штамп болууга тийиш же болбосо билдирүү алгандыгын кабарлоо менен почта боюнча жиберилет.
Эгерде ижарага берүүчү жеке жак болсо - анда билдирүү менен бирге почта аркылуу жиберилгендиги тууралуу документ берилиши керек.";
- 206-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"206. Ыктыярдуу баш тартууга байланыштуу укукту токтотууну каттоо үчүн менчик ээси кыймылсыз мүлккө менчик укугунан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылат. Арызды атайын жеткирүү тартибинде, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу онлайн режиминде да берүүгө болот. Эгерде арыз почта аркылуу жиберилсе, анда менчик ээсинин ага таандык болгон менчик укугунан баш тартуу жөнүндө арызын нотариуста күбөлөндүрүү зарыл.
Мындай учурда менчик ээсинин өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлккө менчик укугунан баш тарткандыгы жөнүндө маалымат каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө киргизилет жана тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына менчик ээсинин менчик укугунан баш тартуусу жөнүндө билдирүү жиберилет. Башка адам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 257-статьясы менен белгиленген тартипте менчик укугун өткөрүп алганга чейин менчик укугунан баш тартуучу адамдын менчик укугу токтотулбайт.
Мында ээси жок кыймылсыз мүлк тийиштүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча эсепке алынат жана Ээси жок мүлктү каттоо журналында эсепке алынат (35-тиркеме). Арызды атайын жеткирүү тартибинде, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу онлайн режиминде да берүүгө болот.";
- 207-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде соттун чечими менен кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документ жараксыз деп таанылса жана ошол эле учурда универсалдуу укук улантуучулуктун негизинде кийинки бүтүмдөр түзүлсө же менчик укугун өткөрүп берүү катталган болсо, анда соттун чечими каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө чектөө катары катталат.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Эрежелердин 5-тиркемесиндеги "30" деген цифралар "14 жумуш күн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
|
АРЫЗ № _________________
Жеке жак үчүн:
Арыз ээсинин аты-жөнү: _____________________________________________
Жашаган жери (дареги): _____________________________________________
тел. ___________________ электрондук почтасынын дареги _______________
Ким экендигин күбөлөндүргөн документ: түрү ____________________ сериясы
№ __________ ким берген ____________ берилген күнү __________________
Укук ээсинин ПИНи _________________________________________________
20___-ж. "___" _____________ берилген ишеним каттын негизинде
____________________________________________ атынан аракеттенген жак
Юридикалык жак үчүн:
Юридикалык жактын толук аталышы ___________________________________
Күбөлүктүн каттоо номери: ___________________________________________
Укук ээсинин ИСНи _________________________________________________
Почта дареги: ______________________________________________________
Аты-жөнү _______________________________________ тел. ______________
(жетекчинин же ыйгарым укуктуу өкүлдүн)
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган документ: ______
__________________________________________________________________
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн түрү: _________________________________
Жалпы бирге же жалпы үлүштүк менчик: ________________________________
Жалпы бирге же жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын аты-жөнү _____
__________________________________________________________________
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду (эгер болсо) __________
__________________________________________________________________
Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги (эгер болсо): ________________________
Арызга тиркейм (документтин аталышы, сериясы, номери, ким жана
качан берген):
1. Төлөм жөнүндө документ: № _________________ суммасы ______________
2. ________________________________________________________________
3. ________________________________________________________________
4. ________________________________________________________________
5. ________________________________________________________________
Кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлеринде өзгөрүүлөр барбы?
_________________________ колу ________________________
(ооба/жок)
Датасы _________________ Арыз ээсинин колу: _________________________
Документтер текшерилди:
Арызды кабыл алган адистин аты-жөнү:
__________________________________________________________________
Арыз түшкөн күн 20___-ж. "___" _____________
Убактысы _______________________________
(саат, мүнөт)
Кошумча түрдө берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
(документтердин пакети толук эмес берилген учурда толтурулат)
1. ________________________________________________________________
2. ________________________________________________________________
3. ________________________________________________________________
4. ________________________________________________________________
5. ________________________________________________________________