Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу № 425
"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 447-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышындагы "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Биосфералык аймак өзгөчө жаратылыш коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, рекреациялык жана саламаттык чыңдоочу мааниге ээ.
Биосфералык аймактын статусу төмөнкүлөр менен аныкталат:
1) өзгөчө корголгон жаратылыш аймагынын болушу;
2) Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан флора жана фауна объекттеринин түрдүүлүгү;
3) жаратылыш жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси;
4) туристтик, курорттук-рекреациялык комплекси.";
3) 4-статьясынын биринчи абзацындагы "областтык мамлекеттик администрация менен макулдашылган" деген сөздөр алып салынсын;
4) 5-статьясынын он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Санация зонасында бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү максатында регенерациялык, рекультивациялык, ремедиациялык, эрозияга каршы, жайыттарды калыбына келтирүүчү жана токой тигүүчүлүк иш-чаралар жүргүзүлөт.";
5) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:
"7-1-статья. Илимий-изилдөө иши
Биосфералык аймактагы илимий-изилдөө иши экологиялык абалды баалоо жана болжолдоо, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгуу, биологиялык жана ландшафттык түрдүүлүктү коргоо, жаратылыш ресурстарын кайра жаратуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында жаратылыш комплекстерин жана (же) объекттерди изилдөөгө, жаратылыш процесстеринин динамикасына көзөмөл жүргүзүүгө жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.";
6) 8-статьясындагы "жана жергиликтүү бюджеттердин" деген сөздөр "бюджеттин, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 10-статьясындагы "Биосфералык аймактын зоналарынын режимин, жаратылышты пайдалануу эрежелерин" деген сөздөр "Жаратылышты пайдалануу жана биосфералык аймакты коргоо режимдерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|