Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 426 токтомуна) |
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде киргизилүүчү маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарга коюлуучу УБАКТЫЛУУ ТАЛАПТАР
1. Ушул Убактылуу талаптар маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоордо (мындан ары - пилоттук долбоор) колдонулуучу контролдук кассалык машинага (мындан ары - ККМ) карата колдонулат.
2. Ушул Убактылуу талаптарда төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
виртуалдык ККМ оператору - виртуалдык ККМди колдонууга жана аларды техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөөгө даярдоо боюнча салык төлөөчүгө кызмат көрсөткөн субъект. Виртуалдык ККМ оператору маалыматтарды чогултуунун, сактоонун жана ыйгарым укуктуу салык органына өткөрүп берүүнүн техникалык процессин камсыз кыла алат;
колдонуучу - товарларды сатууда, иштерди аткарууда же кызмат көрсөтүүдө банктык төлөм карталарын же электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүүлөрдү жана/же накталай акча эсептешүүлөрдү ишке ашырууда виртуалдык ККМ колдонгон жак;
контролдук-кассалык чек - виртуалдык ККМ түзгөн жана эсептешүү боюнча операцияларды аткарууда акчалай эсептешүү фактысын тастыктаган кагаз жана/же электрондук документ түрүндө берилүүчү алгачкы эсептик документ;
орто аралык отчет (X-отчет) - жыйынды сумманы жабуусуз орто аралык отчет;
реалдуу убакыт сааты - хронометраж маалыматтарын эсепке алууга арналган электрондук схема (учурдагы убакыт, дата, жуманын күнү ж.б.);
суткалык отчет (Z-отчет) - жабуу боюнча берилген отчет, субъекттин иш күнүнүн аягында тапшырылат;
фискалдык маалыматтар - виртуалдык ККМ операторунун жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын серверинде сакталган акчалай эсептешүүлөр жана товарлардын номенклатурасы жөнүндө маалымат, ошондой эле виртуалдык ККМ түзгөн жана контролдук-кассалык чектерде жана башка кассалык отчеттордо жана чектерде чагылдырылган башка маалыматтар;
фискалдык белги - ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасы тарабынан ыйгарылган жана фискалдык маалыматтарды түзүү аяктаганда гана басмага чыгарылган чектин же отчеттун катар номери.
3. Ушул Убактылуу талаптарда виртуалдык ККМ болуп төмөнкүлөр саналат:
1) реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен интеграциянын негизинде иштеген Android, iOS жана Windows операциялык системаларында кардардык тиркеме түрүндө ишке ашырылган программалык камсыздоо;
2) маалыматтарды чогултуунун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылган виртуалдык ККМ операторунун маалыматтык системасы.
4. Пилоттук долбоор ишке ашырылган мезгилде ыйгарым укуктуу салык органы жана виртуалдык ККМ оператору маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй чараларды көрүшөт:
1) маалымат ресурстарына жетүү укугун чектөө;
2) колдонуучуларды аутентификациялоо жол-жоболорун уюштуруу;
3) антивирустук контролду уюштуруу;
4) маалыматты иштетүү каражаттарын коргоону жана маалымат ресурстарынын иштешинин коопсуз чөйрөсүн уюштуруу;
5) маалыматты резервдик көчүрүү жана калыбына келтирүү регламенти;
6) киберкоопсуздук инциденттерин каттоо журналы;
7) штаттан тышкары жагдайларды эсепке алуунун журналы;
8) маалыматтарды иштетүүнүн аппараттык-программалык каражаттарын, маалыматтарды сактоо системаларын, маалыматтарды сактоо тармагынын компоненттерин жана маалыматтарды берүү каналдарын резервдөө.
5. Пилоттук долбоор ишке ашырылып бүткөндөн кийин же пилоттук долбоорго катышуу токтотулган учурда виртуалдык ККМ оператору төмөнкүлөрдү камсыз кылышат:
1) пилоттук долбоор аяктаган же пилоттук долбоорго катышуу токтотулган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде виртуалдык ККМ операторунун маалыматтык системасында камтылган топтолгон маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына өткөрүп берүүнү;
2) жогоруда белгиленген мөөнөт аяктаганда маалыматтарды жана/же калдык информацияны маалыматтардын машиналык алып жүрүүчүлөрүнөн жок кылууну (өчүрүүнү) жана/же маалыматтардын машиналык алып жүрүүчүлөрүн жок кылууну.
6. Акчалай эсептешүүлөрдү ишке ашырууда пилоттук долбоордо колдонулуучу виртуалдык ККМ боюнча төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) кассалык чектерди жана отчетторду басып чыгаруу үчүн түзүлүштү туташтыруу мүмкүндүгү;
2) колдонуучуларды аутентификациялоо үчүн программалык паролдун;
3) фискалдык маалыматтарды корголгон, оңдолбогон каттоого алуунун жана энергияга көз карандысыз узак мөөнөттү сактоонун камсыз кылынышы;
4) контролдук-кассалык чекте чагылдырылган накталай жана накталай эмес акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматты электрондук түрдө ыйгарым укуктуу салык органынын серверине байланыштын зым же зымсыз жана корголгон каналдары боюнча берүү, кабыл алуу мүмкүндүгү;
5) маалыматтарды жана мөөрү бар кассалык чектерди жана отчетторду ыйгарым укуктуу салык органынын серверине өткөрүп берүүнүн алдында виртуалдык ККМ операторунун серверинде бардык жасалган операциялар боюнча фискалдык маалыматтардын милдеттүү түрдө сакталышы;
6) сатылып жаткан товардын ЕАЭБ ТЭИ ТН коду же кызмат көрсөтүүнүн ЭИМК коду жөнүндө маалыматты контролдук-кассалык чекте чагылдыруу жана ыйгарым укуктуу салык органынын серверине өткөрүү мүмкүндүгү;
7) фискалдык белгинин электрондук түрдө кабыл алынышы жана анын контролдук-кассалык чекте чагылдырылышы;
8) төмөнкүлөрдү кагаз жана/же электрондук түрдө түзүүнүн жана берүүнүн камсыз кылынышы:
- фискалдык отчеттун;
- контролдук-кассалык чектин;
- суткалык отчеттун (Z-отчет);
- орто аралык отчеттун (X-отчет);
- кайтаруу чегин;
- киргизүү жана төлөө чектерин;
9) ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен синхрондоштурулган реалдуу убакыт саатынын болушу;
10) виртуалдык ККМ колдонуу менен жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматты колдонуучулар тарабынан пайдалануунун камсыз кылынышы;
11) ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен байланыш жок болгон учурда контролдук-кассалык чекти түзүү жана берүү мүмкүндүгүнө бөгөт коюлушу;
12) ыйгарым укуктуу салык органынын серверине маалыматтарды өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген квалификациялуу электрондук кол тамганын коюлушу;
13) контролдук-кассалык чекке төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттердин басып чыгарышы:
- виртуалдык ККМ версиясынын номерин;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИСН);
- салык төлөөчүнүн аталышын;
- ККМ каттоо номерин;
- операциянын катар номерин, анын ичинде чекти текшерүү номерин;
- операцияны каттоо датасын жана убактысын;
- сатылган товардын, кызмат көрсөтүүнүн же иштерди аткаруунун 1 бирдиги үчүн бааны, аталышын, кодун, санын;
- сатылган товардын же кызмат көрсөтүүнүн идентификациялоо коддорун (товарларды маркалоо коду жана/же ЕАЭБ ТЭИ ТН коду же ЭИМК коду);
- сатылган товардын, кызмат көрсөтүүнүн же иштерди аткаруунун суммасын;
- салык режимин;
- фискалдык режим жөнүндө тастыктаманы (фискалдык белги);
- кошумча нарк салыгынын жана сатуудан салыктын ставкасын жана суммасын;
- чек жөнүндө маалыматты камтыган QR-кодду;
- контролдук-кассалык чектин электрондук түрүн текшерүүнүн жана алуунун маалымат порталынын дарегин;
- төлөмдүн түрүн (накталай, накталай эмес).