Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу № 426
Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу 2019-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-июнуна чейин пилоттук (эксперименталдык) режимде киргизилсин (мындан ары - пилоттук долбоор).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө убактылуу жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде киргизилүүчү маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарга коюлуучу убактылуу талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып 2019-жылдын 1-сентябрына чейин пилоттук долбоорду ишке ашырууну уюштуруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги пилоттук долбоорду ишке ашырууну баалоо жана маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - виртуалдык ККМ) колдонуу механизмин киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, бизнес ассоциациялардын жана башка кызыкдар уюмдардын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссияны түзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети ведомстволор аралык комиссия тарабынан пилоттук долбоорду ишке ашырууга оң баа берилген учурда виртуалдык ККМ механизмин киргизүүнү караштыруучу тийиштүү актылардын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |