Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу № 427
"Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Тышкы чалгындоо иши жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам тышкы чалгындоо ишинин укуктук негиздерин жана аны ишке ашыруунун мыйзамдуулугуна кепилдиктер системасын аныктайт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) тышкы чалгындоо иши - Кыргыз Республикасынын тышкы чалгындоо органдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чалгындык маалыматты табуу, иштеп чыгуу жана пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында мамлекет жүргүзүүчү чараларды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү иши;
2) тышкы чалгындоо - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкары мыйзамга ылайык ишке ашырылуучу ачык жана жашыруун чалгындоо, уюштуруу жана башкаруу чараларынын системасы;
3) тышкы чалгындоо органдары - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын, аскердик чалгындоо органдарынын жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын компетенциясына тышкы чалгындоо ишин жүргүзүү кирген бөлүкчөлөрү;
4) чалгындоо маалыматы - чет мамлекеттердин, атайын кызматтардын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка, анын ичинде террористтик, сепаратисттик, экстремисттик уюмдардын, кылмыштуу топтордун (кылмыштуу уюмдардын), ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган анык жана мүмкүн болуучу мүмкүнчүлүктөрү, иш-аракеттери, пландары жана мүдөөсү жөнүндө тышкы чалгындоо органдары табуучу жана пайдалануучу маалыматтар.
3-берене. Тышкы чалгындоо ишинин укуктук негизи
Тышкы чалгындоо ишин жүргүзгөн органдардын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
4-берене. Тышкы чалгындоо ишинин принциптери
Тышкы чалгындоо иши төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдын жана жарандын укугун сыйлоо жана сактоо;
3) ачык жана жашыруун ыкмалар менен каражаттардын айкалышы;
4) жашырындык.
5-берене. Тышкы чалгындоо ишинин милдеттери
1. Тышкы чалгындоо ишинин милдеттери төмөнкүлөр:
1) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн саясий, экономикалык, аскердик жана илимий-техникалык тармактарда чечим кабыл алууга зарыл болгон чалгындоо маалыматтары менен камсыздоо;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук тармагындагы саясатын ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк түзүүчү шарттарды камсыздоо;
3) Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнө, илимий техникалык прогресске жана коопсуздугун аскердик-техникалык камсыздоого көмөк көрсөтүү.
2. Тышкы чалгындоо иши ушул Мыйзамда каралбаган милдеттерди аткаруу үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.
6-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын иш чөйрөлөрү
Тышкы чалгындоо органдарынын ишин өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкү органдар жүргүзөт:
1) саясий, экономикалык, маалымат жана илимий-техникалык чөйрөлөрүн, атайын байланыш түрлөрүн уюштуруу, колдонуу, атайын техникалык жана башка каражаттарды пайдалануу чөйрөсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мекемелердин жана өз иши боюнча мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иш сапарда жүргөн жарандарынын коопсуздугун камсыздоо тармагын тескеген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бөлүкчөлөрү;
2) аскердик, аскердик-саясий, аскердик-техникалык, аскердик-экономикалык жана экологиялык тармактардагы аскердик чалгындоо органдары;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткарууда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүкчөлөрү.
7-берене. Тышкы чалгындоо ишин жүргүзүүдөгү жашырындык
1. Тышкы чалгындоо иши төмөнкү маалыматтарды жашыруун сактоо менен жүргүзүлөт:
1) тышкы чалгындоо ишин уюштуруу, тактикасы, күчтөрү, каражаттары, методдору, пландары, абалы, жыйынтыгы жана каржылоосу жөнүндө;
2) тышкы чалгындоо органдарына жарандардын көрсөткөн жардамы жөнүндө;
3) тышкы чалгындоо органдарына жашыруун негизде көмөк көрсөткөн жарандар жөнүндө;
4) тышкы чалгындоо органдарынын оперативдик киргизүүгө катышып жаткан же катышкан кызматкерлери, жашыруун кызматкерлер, ошондой эле тышкы чалгындоо органдарынын башка кызмат адамдары жөнүндө;
5) тышкы чалгындоо органдары өткөрүүчү иш-чаралар жана башка иштер жөнүндө;
6) тышкы чалгындоо ишин жүргүзүүдө эл аралык кызматташтык жөнүндө.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтар мамлекеттик жашыруун сырды түзөт.
2-глава. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин уюштуруу
8-берене. Чалгындоо ишинин методдору жана каражаттары
1. Тышкы чалгындоо органдары тышкы чалгындоо ишин өз алдынча жана өз ара биргелешип иштешүү менен жүргүзүшөт.
2. Тышкы чалгындоо органдары чалгындоо ишинин жүрүшүндө ачык жана жашыруун методдор менен каражаттарды колдоно алат, алардын өзгөчө мүнөзү бул иштин шарттары менен аныкталат.
3. Чалгындоо ишинин методдору менен каражаттары адамдардын жашоосуна жана саламаттыгына, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян алып келбөөгө тийиш.
4. Чалгындоо ишин жүргүзүүдө тышкы чалгындоо органдарына белгилүү болгон жеке турмуш жөнүндө же мыйзам менен корголгон коммерциялык, банктык жана башка купуя сыр жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбоого тийиш.
5. Чалгындоо ишинин максатына жетүү үчүн тышкы чалгындоо органдары маалымат системаларын, видео жана аудио жаздырууну, сүрөткө тартууну, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген башка методдор менен каражаттарды түзүүгө, сатып алууга жана колдонууга укуктуу.
9-берене. Чалгындоо маалыматын берүү
1. Чалгындоо маалыматы Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет.
2. Тышкы чалгындоо органдарынын жетекчилери чалгындоо маалыматынын тууралыгына, объективдүүлүгүнө жана өз убагында берилишине жеке жоопкерчилик тартат.
3. Чалгындоо маалыматы берилген кызмат адамдары маалыматтагы мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды же бул маалыматтын булагын ачкан маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартышат.
10-берене. Тышкы чалгындоо иши жөнүндө маалыматты коргоо
1. Тышкы чалгындоо органдары алган чалгындоо маалыматы мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарга кирет.
2. Тышкы чалгындоо ишин жүргүзүүдө тышкы чалгындоо органдарына жашыруун көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө маалымат мамлекеттик сырды түзөт жана ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык корголууга тийиш жана алардын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
3. Тышкы чалгындоо иши жөнүндө мамлекеттик сырды түзгөн маалымат менен таанышууга белгиленген тартипте уруксат берилген адамдар аны ачыкка чыгарганы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылат.
4. Чалгындоо ишине тиешелүү документтик жана башка материалдар тышкы чалгындоо органдарында сакталат.
11-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясы
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) тышкы чалгындоо органдарынын чалгындоо ишин координациялоо;
2) тышкы чалгындоо ишинин милдеттерин ишке ашырууда өз компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыздоо системасына тартылган мамлекеттик органдарды координациялоону жана бирге иш алып баруусун камсыздоо.
12-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын ыйгарым укуктары
1. Чалгындоо ишинин максатына жетүү үчүн тышкы чалгындоо органдарына төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкаркы аймакта чалгындоо ишин жүргүзүү, аны ишке ашырууну уюштуруу жана тактикасын аныктоо;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында чалгындоо маалыматын табуу;
3) жеке адамдарды жашыруун кызматташууга тартуу;
4) кадрдык курамды жашыруу жана бул максатта башка ведомствонун атын пайдалануу менен анын ишин уюштуруу боюнча чараларды ишке ашыруу;
5) жашырындык максатында тышкы чалгындоо органдарынын кадрдык курамынын кызматкерлеринин ким экендигин, бөлүкчөлөрүнүн, уюмдарынын, имараттарынын жана транспорт каражаттарынын ведомстволук таандыгын жашыруун сактаган документтерди пайдалануу;
6) тышкы чалгындоо ишин жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен бирге иш алып баруу;
7) менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден зарыл болгон маалыматтарды алуу;
8) мыйзамсыз иш-аракеттер менен коркунучтардан өз күчүн, каражаттарын жана маалыматын коргоо аркылуу өздүк коопсуздугун камсыздоо;
9) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана алардын персоналдарынын коопсуздугун, ошондой эле маалымат коопсуздугун камсыздоого өз ыйгарым укугунун алкагында катышуу;
10) контрчалгындоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык контрчалгындоо ишин жүргүзүү;
11) радиотехникалык жана радиоэлектрондук чалгындоо жүргүзүү;
12) коргоого алынган байланыш системаларын колдонуу;
13) маалымат системаларын, байланыш жана маалымат берүү системаларын түзүү, сатып алуу, колдонуу, ошондой эле электрондук мейкиндиктен маалымат жыйноо;
14) чет өлкөлүк чалгындоо жана контрчалгындоо кызматтары менен бирге иш алып баруу;
15) өз ишин камсыздоо үчүн финансылык жана башка каражаттарды тартуу;
16) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
2. Тышкы чалгындоо органдары өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн контрчалгындоо жөнүндө мыйзамга ылайык иш-чараларды өткөрө алышат.
13-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы
1. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери аскер кызматчылары үчүн мыйзамдарда каралган милдеттерди аткарышат, укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болушат.
2. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери мамлекеттин коргоосунда болот. Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан башка эч ким тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык ишине кийлигишүүгө укугу жок.
3. Мамлекет тышкы чалгындоо ишин жүргүзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта кармалган, камакка алынган же соттолгон тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн сөзсүз бошотууга бардык күчү менен көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Чалгындоо ишин жүргүзүүгө байланыштуу тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн, саламаттыгын, ар-намысын жана мүлктөрүн мыйзамсыз кол салуудан жана коркунучтардан коргоону тышкы чалгындоо органдары мыйзамдарда белгиленген тартипте камсыздайт.
5. Чалгындоо ишинин максатына жетүү үчүн тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери ведомстволук таандыгын ачыкка чыгарбастан, менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик органдарга жана уюмдарга иштөө үчүн аскердик кызматта калуу менен жиберилиши жана кызмат орундарын ээлей алышы мүмкүн.
Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери тышкы чалгындоо ишин аткарууда тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарынын, мекемелеринин, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерине көз каранды эмес.
6. Аталган органдардын жана уюмдардын кызмат адамдары кызматкерлердин тышкы чалгындоо органдарына тиешеси бар экендиги аларга белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылат.
7. Тышкы чалгындоо органынын кызматкеринин статусу анын функциялык милдеттерине ылайык келбеген максатка пайдаланылбайт.
3-глава. Тышкы чалгындоо ишин жүргүзгөн органдарга жарандардын көмөк көрсөтүүсү
14-берене. Тышкы чалгындоо органдарына жашыруун көмөк көрсөткөн адамдарды социалдык жана укуктук жактан коргоо
1. Чалгындоо ишинин максатына жетүү үчүн тышкы чалгындоо органдары жашыруун көмөк көрсөтүүгө макулдугун берген жашы толгон ишке жөндөмдүү адамдар менен акы төлөнүүчү же акысыз негизде жашыруун кызматташуу мамилесин түзүшөт.
2. Тышкы чалгындоо органдарына көмөк көрсөткөн адамдар мамлекеттин коргоосунда болот.
3. Жашыруун көмөк көрсөткөн адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында тышкы чалгындоо органдары аларды коргоо иш-чараларын аткарышат.
4. Тышкы чалгындоо органдарына жашыруун көмөк көрсөткөн адамдарды коргоо башка мамлекеттик органдар тарабынан да, тышкы чалгындоо органдары менен бирге иштешүү тартибинде ишке ашырылышы мүмкүн.
5. Тышкы чалгындоо органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктары жана социалдык корголуу кепилдиги контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзамга ылайык камсыздалат.
4-глава. Тышкы чалгындоо ишин финансылык камсыздоо
15-берене. Тышкы чалгындоо органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо
1. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо улуттук коопсуздук маселесин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бөлүнүүчү каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
2. Тышкы чалгындоо иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен да финансылык жактан камсыздалышы мүмкүн.
5-глава. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
16-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин ведомстволук контролдоо
1. Тышкы чалгындоо ишин жүргүзгөн органдардын жетекчилери чалгындоо иш-чараларын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамдын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
2. Тышкы чалгындоо ишин жүргүзгөн органдын жетекчиси төмөнкү иш-аракеттерди контролдойт:
1) тышкы чалгындоо ишинин уюштурулушун, тактикасын, формасын жана методдорун, тартылган күчтөрдү жана каражаттарды;
2) чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты уюштуруу жана жүргүзүүнү;
3) тышкы чалгындоо ишин жүргүзүүдө сырларды жана жашырындыкты камсыздоону;
4) тышкы чалгындоо ишине бөлүнгөн финансылык каражаттан сарпталышын.
17-берене. Прокурордук көзөмөл
1. Ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышын Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын орун басары көзөмөлдөйт.
2. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтар прокурордук көзөмөл предметине кирбейт.
6-глава. Корутунду жоболор
18-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми ушул берененин 2-бөлүгү расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |