Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-августу № 431
«Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
«Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы «үчүнчү жакка» деген сөздөр «жабырлануучуга» деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 3-беренеде:
- он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«пайда табуучу – жабырлануучу жана (же) ал өлгөн учурда жабырлануучунун мураскору, же юридикалык жак кайра уюштурулган учурда анын мыйзамдуу мураскору болуп саналган, камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар жеке жак; »;
төмөнкүдөй мазмундагы элүү сегизинчи абзац менен толукталсын:
«жабырлануучу - Кыргыз Республикасынын аймагында жөнөтүүчүдөн алуучуга кооптуу жүктү жеткирүүдө кооптуу жүк менен болгон инциденттин кесепетинен өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген (жеке же юридикалык) жак. »;
3) 4-беренедеги «үчүнчү жактын» деген сөздөр «жабырлануучунун» деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 8-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү «үчүнчү жактар» деген сөздөр «жабырлануучулар» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү «үчүнчү жактар» деген сөздөр «Жабырлануучулар» деген сөз менен алмаштырылсын
5) 10-беренеде:
- 2-бөлүгүндөгү «үчүнчү жактарга» деген сөздөр «жабырлануучуларга» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн ушул Мыйзамда каралган керектүү документтерди берип, кайрылган ташуучуга келишимди түзүүдөн баш тартууга укугу жок.»;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Милдеттүү камсыздандыруу келишими ачык-айкын келишим болуп саналат.»;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 101-берене менен толукталсын:
«101-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун эрежеси
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча тараптардын ушул Мыйзамда аныкталган укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү милдеттүү камсыздандыруунун эрежелеринде белгиленет.
2. Милдеттүү камсыздандыруунун эрежелери башка жоболор менен бирге өзүнө төмөнкү жоболорду камтыйт:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн, өзгөртүүнүн, узартуунун, бузуунун, токтотуунун тартибин;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн керектүү документтердин тизмесин;
3) камсыздандыруу сый акыларын төлөөнүн тартибин;
4) милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда, анын ичинде камсыздандыруу окуясы болгондо адамдардын аракеттеринин тизмеси;
5) камсыздандыруу төлөмдөрү жана аны төлөөнүн тартиби жөнүндө талаптарды коюунун, ошондой эле бир нече пайда табуучулардын ортосунда камсыздандыруу төлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн тартиби;
6) жабырлануучунун өмүрүнө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар адамдардын тизмеси;
7) милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаштарды чечүүнүн тартиби.»;
7) 11-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы «үчүнчү жактын» деген сөздөр «жабырлануучунун» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
«9) кооптуу жүктү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.»;
8) 12-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «үчүнчү жактардын» деген сөз «жабырлануучулардын» деген сөз менен алмаштырылсын;
9) 13-беренеде:
- берененин аталышындагы жана 2-бөлүгүндөгү «үчүнчү жактардын» деген сөздөр «жабырлануучулардын» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндөгү «Үчүнчү жактар» деген сөздөр «Жабырлануучулар» деген сөз алмаштырылсын
10) 15-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгендиги үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, жабырлануучунун ден соолугуна зыян келтирүүнүн мүнөзүнө жана оордугуна жараша ченемдерге ылайык аныкталат.»;
- 5 жана 7-бөлүктөрүндөгү «үчүнчү жакка» жана «үчүнчү жактарга» деген сөздөр «жабырлануучуга» жана «жабырлануучуларга» деген сөздөр менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
11) 16-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу талап камсыздандырылуучу же пайда табуучу тарабынан жазуу жүзүндө, документтерди тиркөө менен камсыздандыруучуга берилет, тариздөөнүн тартиби жана толук тизмеси Милдеттүү камсыздандыруунун эрежелери менен аныкталат, анын ичинде:»;
12) 18-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31. Башка негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга камсыздандыруучунун укугу жок.»;
13) 20-беренеде:
- «үчүнчү жактардын» деген сөз «жабырлануучулардын» деген сөз менен алмаштырылсын;
- «сот тартибинде» деген сөздөр «тартипте» деген сөз менен алмаштырылсын;
2-берене
«Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
- он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«пайда табуучу – жабырлануучу жана (же) ал өлгөн учурда жабырлануучунун мураскору, же юридикалык жак кайра уюштурулган учурда анын мыйзамдуу мураскору болуп саналган, камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар жеке жак;»;
жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жабырлануучу - ташуу мезгилинде ден соолугуна, өмүрүнө же мүлкүнө зыян келтирилген жүргүнчү. Жүргүнчүлөр менен бирге жүргөн балдардын ташуу мезгилинде ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирилсе, алар да, жүргүнчү деп таанылган, таанылбагандыгына карабастан, жабырлануучу болуп таанылат;»;
2) 7-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт каражатын башкаруучу адам жүргүнчүлөрдүн алдындагы ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин өзүнүн жанында алып жүрүүгө жана аны жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдын кызмат адамына текшерүү үчүн көрсөтүүгө милдеттүү.»;
3) 9-беренеде:
3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Камсыздандыруучунун ушул Мыйзамда каралган керектүү документтерди берген, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн кайрылган ташуучуга келишим түзүүдөн баш тартууга укугу жок.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 5-абзац менен толукталсын:
«Милдеттүү камсыздандыруу келишими ачык-айкын келишим болуп саналат.»;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 91-берене менен толукталсын:
«91-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун эрежелери
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча тараптардын ушул Мыйзамда аныкталган укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген милдеттүү камсыздандыруу эрежелери менен белгиленет.
2. Милдеттүү камсыздандыруунун эрежелери башка жоболор менен бирге өзүнө төмөнкү жоболорду камтыйт:
1) милдеттүү камсыздандыруунун келишимин түзүүнүн, өзгөртүүнүн, узартуунун, бузуунун, токтотуунун тартибин;
2) милдеттүү камсыздандыруунун келишимин түзүү үчүн керектүү документтердин тизмесин;
3) камсыздандыруунун сый акыларын төлөөнүн тартибин;
4) милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда, анын ичинде камсыздандыруу окуясы болгондо адамдардын аракеттеринин тизмесин;
5) камсыздандыруу төлөмдөрү жана аны төлөөнүн тартиби жөнүндө талаптарды коюунун, ошондой эле бир нече пайда табуучулардын ортосунда камсыздандыруу төлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн тартибин;
6) жабырлануучунун өмүрүнө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмүн алууга укугу бар адамдардын тизмесин;
7) милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаштарды чечүүнүн тартибин.»;
5) 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
«8) жүргүнчүлөрдү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.»;
6) 17-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын мүнөзүнө жана оордугуна жараша ченемдерге ылайык аныкталат.».
3-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти