Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-сентябры № 448
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Д. Байбакпаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын “____”_____________
№ _____ токтому менен
жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Д. Байбакпаев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жетинчи абзацында белгиленгендей, балдарды багуу жана тамактандыруу үчүн билим берүү уюмдарынын чыгымдары балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан төлөнөт деп сунушталууда.
“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мектепке чейинки билим берүү уюму - 6 айдан 7 жашка чейинки балдар үчүн арналган, баланы багуу, аны окутуу, тарбиялоо, өстүрүү жана мектепке даярдоо үчүн мамлекеттин заказын, үй-бүлөнүн жана коомдун суроо-талаптарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлүүчү уюм. Багуу деп мектепке чейинки курактагы балдарга санитардык-гигиеналык, сакайтуучу процедураларды өткөрүү, алардын тамактануусун жана аларга көз салууну уюштуруу түшүнүлөт.
Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесине ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмунун милдеттерине балдарды багууну жүзөгө ашыруу жана балдарды курагына жана азык-заттарды керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык тамак-аш менен камсыз кылуу кирет.
Жогоруда аталган Мыйзамдын ченемдерине ылайык мектепке чейинки билим берүү программасы мектепке чейинки тарбиялоонун жана окутуунун милдеттүү минимумдук мазмунун курактык жана өсүшүнүн жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык белгилейт, ошол эле учурда мектепке чейинки билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик стандартынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет.
Мектепке чейинки билим берүү программасы балдарды окутуунун, тарбиялоонун, өстүрүүнүн, багуунун атайын уюштурулган формасы катарында сабактарды, ойноп иштөөнү, балдардын жекече жана чогуу ишинин оптималдуу айкалышын карайт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен балдардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) балдарды багууга жана тамактандырууга кетүүчү чыгымдарга төлөө милдетин жүктөп салуу боюнча сунушталган норма “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин тогузунчу абзацында белгиленгендей, өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча ачылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгек акы жергиликтүү бюджеттен каржыланары, ал эми бир жылга ар бир бала үчүн каржылоо ченемдери билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын иштелип чыгуусу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүсү сунушталат.
Ушул сыяктуу ченем менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн толуктоо сунуш кылынат.
Бүгүнкү күндө 453 айыл өкмөтүнүн ичинен 374 дотациялык болуп саналат жана республикалык бюджеттен теңөөчү гранттарды алып жатат.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүгү тарбиячылардын эмгек акысын жана мектепке чейинки билим берүүгө байланыштуу башка чыгымдарды каржылай алышпайт.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинде сунушталып жаткан чыгымдар жергиликтүү бюджетте каралган эмес.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин тогузунчу жана он төртүнчү абзацын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат, ага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, эгерде мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүүчү уюмдар, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары демөөрчүлүк жардамды, ыктыярдуу салымдарды, камкордук төгүмдөрүн, кайрымдуулук жана гранттык жардамдарды алган учурда коммерциялык банктан эсептерди ачуу үчүн бюджеттик мекемеге уруксат берүүгө укуктуу.
Ошол эле учурда мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма үчүнчү абзацы менен жогоруда аталган Кодекстин 105-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-пунктунун б), в) жана г) пунктчаларын алып салуу сунушталат, аларга ылайык демөөрчүлүк жардам түрүндө жана ыктыярдуу төгүмдөр, камкордук төгүмдөрү, кайрымдуулук же гранттык жардам аркылуу түшкөн каражаттар атайын эсеп бөлүмчөсүнөн чыгарылат.
Ошентип, мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү уюмдарга жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына демөөрчүлүк жардамдан, ыктыярдуу салымдардан, камкордук төгүмдөрүнөн, кайрымдуулук жана гранттык жардамдардан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктардагы эсептерге жиберилет.
Белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Бирдиктүү казыналык эсеп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсеби болот, анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттик акча каражаттары топтолот, ошондой эле мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча операциялары чагылдырылат.
Аталган Кодекстин 105-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептерге бөлүнөт:
1) бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен багытталуучу бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эске алынуучу эсептер;
2) атайын эсептер - төмөнкүлөр түрүндө түшүүлөр эске алынуучу эсептер:
а) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр;
б) демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төлөмдөр;
в) көзөмөлчүлүк төлөмдөр;
г) кайрымдуулук же гранттык жардам;
д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр;
е) өздүк чыгарылган товарларды сатуудан каражаттар;
3) депозиттик эсеп – бул убактылуу тескөөгө (сактоого) жана белгилүү бир шарттар келип чыкканда аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайтарып берүүгө же тийиштүү багыты боюнча которуу үчүн келип түшкөн каражаттар боюнча операцияларды эсепке алган кардардын эсеби.
Ошентип бюджеттик уюмдардын коммерциялык банктардан эсептерди ачуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсеби болгон бирдиктүү казыналык эсептин принциби бузулууда.
Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине сунушталган өзгөртүүлөр мектепке чейинки билим берүү жана башка билим берүү уюмдарына эле тиешелүү эмес, Кыргыз Республикасынын тиешелүү чөйрөсүндөгү башка бюджеттик мекемелерине да жайылтылат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
3. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жыйырма алтынчы абзацы менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 6-бөлүгүн 3-пункт менен толуктоо сунушталууда.
Бирок белгилеп кетсек, 2019-жылдын 11-январындагы № 4 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготкон.
Ошого байланыштуу мыйзам долбоорунан ушул пунктту алып салуу зарыл.
Кошумча белгилеп кетсек, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык мамлекеттик сатып алуулар – бул уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик каражаттардын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржыланган Мыйзам тарабынан белгиленген ыкмалар менен сатып алуу.
мамлекеттик каражаттар болуп төмөнкүлөр таанылат:
- сатып алуучу уюмдардын иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары жана капиталдык салымдар;
- бюджет жөнүндө мыйзам менен “бюджеттен тышкаркы каражаттар” катары аныкталган акцияларынын 50 жана андан ашык пайызы (уставдык капиталга катышуу үлүшү) мамлекетке таандык акционердик коомдордун, фонддордун жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн башка чарбакер субъекттердин, ошондой эле өзүн-өзү каржылаган мекемелердин жана ишканалардын каражаттары;
- эгерде келишимде каражаттарды пайдалануунун башка ыкмалары каралбаса, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлүк жардам катары берилген каражаттар;
- мамлекет тарабынан кепилденген жана камсыз кылынган кредиттик каражаттар;
Азыркы учурда мамлекеттик сатып алуулар бийлик органдары жана юридикалык жактардын, ошондой эле жеке жактардын ортосундагы мамлекеттик муктаждыктарды канааттандырууга багытталган жана мыйзамдуулукка, натыйжалуулукка, маалыматтык ачыктыкка, ак ниет атаандаштыкка жана кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугуна негизделген мамилелердин системасы болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, мүмкүн болуучу коррупциялык коркунучтарды болтурбоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүүчү уюмдар, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары тарабынан бюджеттен тышкаркы каражаттарга (демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр, камкорчулук төгүмдөр) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жоюу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, аталган ченемдик укуктук актынын долбооруна ушундай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду көрсөтүү менен башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, каралып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта чагылдырылган эмес.
Мында, эгерде талдоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталса, мыйзам менен Мыйзамдан келип чыгуучу актылардын ортосундагы укуктук вакуумду жоюу максатында мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу керек.
Жалпысынан айтканда, мыйзам долбоорунун мазмуну жана түзүлүшү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча нускаманын талаптарына жооп бербейт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.