Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасында Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 445 токтомуна |
Транзит боюнча улуттук координатор жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Транзит боюнча улуттук координатордун ишинин негизги максаты болуп Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында транзиттик жол-жоболорду ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматташтыгын координациялоо жана уюштуруу саналат.
2. Транзит боюнча улуттук координатор кызмат орду боюнча бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси болуп саналат.
3. Транзит боюнча улуттук координатор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Транзит боюнча улуттук координатордун ыйгарым укуктары
4. Транзит боюнча улуттук координатор төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
- транзиттик жол-жоболорду башкаруунун алдыңкы тажрыйбаларын ишке ашырууда жана колдонууга киргизүүдө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо, транзит боюнча колдонмону (колдонмолорду), анын ичинде Дүйнөлүк бажы уюмунун рекомендациясына ылайык маалымат берүүнүн электрондук каражаттарын (электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү) пайдалануу менен иштеп чыгуу;
- Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлоруна транзиттик жол-жоболор маселелери боюнча суроо-талаптарды жиберүү жана алуу, ошондой эле аларга маалымат берүү;
- Транзит боюнча улуттук координатордун расмий сайтында, анын ичинде электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында транзит боюнча бөлүмдү түзүү жана коштоо, төмөнкүлөргө байланышкан маалыматты киргизүү менен:
- колдонуудагы жол-жоболорго, өткөрүү пункттарында колдонулган жол-жоболорду кошо алганда;
- колдонуудагы документтерге, формаларга, бланктарга;
- бажы транзитинин бажы жол-жобосунда бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоого;
- мамлекеттик органдар тарабынан алына турган төлөмдөргө жана жыйымдарга;
- колдонуудагы чектөөлөргө жана тыюу салууларга;
- бузуулар үчүн айып пулдарга жана башка санкцияларга;
- даттануу, апелляциялар боюнча колдонуудагы жол-жоболорго;
- колдонуудагы эл аралык келишимдер же транзиттик жол-жоболор боюнча анын айрым жоболоруна.
3-глава. Транзит боюнча улуттук координатордун негизги укуктары
5. Транзит боюнча улуттук координатор өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан же башка уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө мамлекеттердин транзит боюнча улуттук координаторлорунан транзит жана башка жол-жоболор боюнча зарыл болгон маалыматты суратууга жана алууга;
- транзиттик жол-жоболор боюнча региондук жана эл аралык иш-чараларда катышууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык иш-чараларда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөгөн позицияны иштеп чыгууга жана билдирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен макулдашып, алардын маалымат базаларындагы маалыматтарды пайдаланууга;
- эл аралык келишимдерди, ошондой эле транзиттик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө тийиштүү болгон эл аралык укуктун жалпыга таанымал принциптерин жана ченемдерин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен кызматтык кат алышууга жана консультация берүүнү уюштурууга;
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен макулдашып, Транзит боюнча улуттук координатордун карамагына кирген маселелерди чечүүдө алардын адистерин катышууга тартууга;
- туруктуу же убактылуу жумушчу топторду, ведомстволор аралык, эксперттик комиссияларды түзүүгө, ушул максаттарда мамлекеттик органдардын адистерин, бизнес коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууну транзиттик жол-жоболор жаатында практикалык ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды киргизүүгө;
- координациялык жана башка кеңешмелерди өткөрүүгө (жолугушуулар, консультациялар, талкуулоолор жана башкалар).
4-глава. Транзит боюнча улуттук координатордун координациялык кеңешмелери
6. Координациялык кеңешмелер Транзит боюнча улуттук координатордун компетенциясына кирген маселелер боюнча бирдиктүү чечимдерди иштеп чыгуу максатында өткөрүлөт.
7. Координациялык кеңешмелер Транзит боюнча улуттук координатордун чечими боюнча, бирок жылына кеминде 1 жолу өткөрүлөт.
8. Координациялык кеңешменин туруктуу катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы - Транзит боюнча улуттук координатор, Координациялык кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары;
- Транзит боюнча улуттук координатордун уюштуруу бюросунун жетекчиси.
Зарылдыкка жараша, кызыкдар мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Координациялык кеңешмеге чакырылышы мүмкүн.
9. Координациялык кеңешменин чечими протокол түрүндө таризделет.
5-глава. Транзит боюнча улуттук координатордун ишин камсыздоо
10. Транзит боюнча улуттук координатордун ишин уюштуруу бюросу камсыздайт.
Транзит боюнча улуттук координатордун уюштуруу бюросунун курамы жана жетекчиси бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен дайындалат.
Уюштуруу бюросунун курамына Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, бизнес коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кире алат.
Уюштуруу бюросу өз ишин Транзит боюнча улуттук координатор бекиткен иш планга ылайык уюштурат.
11. Транзит боюнча улуттук координатор жана уюштуруу бюросунун мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүргүзүшөт.
Транзит боюнча улуттук координатордун жана уюштуруу бюросунун иши өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан каржылоону тартуу мүмкүндүгү менен алардын өзүнүн негизги ишин аткаруунун чегинде каржыланат.
6-глава. Корутунду жобо
12. Транзит боюнча улуттук координатор жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө отчётту Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин кароосуна берет.