Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-сентябры № 445
Транзит боюнча улуттук координатор жөнүндө
"2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуунун 11-беренесинин 17-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Транзит боюнча улуттук координатор жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Транзит боюнча улуттук координатордун милдетин аткарат;".
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалары жана уюмдары Транзит боюнча улуттук координаторго көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле анын сурамдары боюнча керектүү документтерди жана маалыматтарды берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына белгиленген тартипте кабарласын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |