Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу № 388
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- “2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Жалал-Абад шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
1-берене
2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын “____” ___________ №_____ токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-майындагы № 141-б буйругу менен жактырылган.
Аталган макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Финансы министри 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол койгон.
Долбоордун максаты Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоого жана кеңейтүүгө төмөнкүлөр аркылуу жардам көрсөтүү болуп саналат
1) капиталдык инвестицияларды каржылоо;
2) инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызмат көрсөтүү;
3) Корпоративдик өнүктүрүү программасын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызмат көрсөтүү.
“Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүдө.
Долбоордун жалпы суммасы 9,275 млн евро түзөт, анын ичинде:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фондунун гранты – 4,125 млн евро;
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити – 4,0 млн евро;
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты - 1,15 млн евро (техникалык кызматташтык каражаттары).
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүүнүн финансылык шарттары: кредит 15 жылдык мөөнөткө берилүүдө, мында жеңилдетилген мөөнөт - 3 жыл, пайыздык ставкасы - Euribor +1,0 % (өзгөрүлмө ставканы эске алганда) менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 3 жыл.
Долбоордун максаты Жалал-Абад шаарында суу менен жабдуу тутумдарын жакшыртууда:
Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө республикалык бюджеттен бул долбоорду ишке ашырууга финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.