Редакцияот 05.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 5-сентябры № 452

Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана финансылык децентрализациялоо реформаларын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 129-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев