Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-сентябрындагы N 452 токтомуна) |
Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде бюджеттик ачык-айкындуулукту мүнөздөчү көрсөткүчтөрдүн системасын белгилейт.
2. Бюджеттик ачык-айкындуулуктун индикаторлорун баалоодо жергиликтүү бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттун, статистикалык отчеттун маалыматтары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары - Эсептөө палатасы) аудитордук отчету, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары пайдаланылат.
3. Бюджеттик ачык-айкындуулук баллдык система боюнча бааланат жана ушул Методикага ылайык аныкталган формула боюнча эсептелет.
4. Бюджеттик ачык-айкындуулуктун кайсы бир көрсөткүчтөрүнүн маанисин аныктоо үчүн баштапкы маалыматтарды бербеген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу (мындан ары - ЖӨБ) органы 0 балл алат.
5. Бюджеттик ачык-айкындуулукту баалоо көрсөткүчтөрдүн тийиштүү топтору боюнча бардык көрсөткүчтөргө тийиштүү баалоо суммасы менен төмөнкүдөй формула аркылуу аныкталат:
ИБП = SUM (Gj * SWj),
мында:
ИБП - жергиликтүү бюджеттин бюджеттик ачык-айкындуулугун жыйынтыктоочу баалоо;
Gj - көрсөткүчтөрдүн j тобу боюнча баалоо;
SWj - көрсөткүчтөрдүн j тобу боюнча коэффициент, анын мааниси 6-главанын 1-таблицасында аныкталган.
2-глава. Бюджеттик маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын көрсөткүчтөрү
6. Бюджеттик маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын көрсөткүчтөрү маалыматты аныктоонун белгилүү бир түзүмү жана формасы боюнча бюджеттик документтердин жана маалыматтардын болушун жана шайкеш келишин баалашат. Алардын курамына төмөнкүлөр кирет: жергиликтүү бюджет, ЖӨБ органынын жарандык бюджети, кирешелердин иш жүзүндө түшүүсүн жана негизги чыгымдар боюнча чыгымдардын планынын аткарылышын көрсөтүүчү жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча жылдык отчет, Эсептөө палатасынын аудитордук отчету жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы.
§ 1. "Инфографиканы пайдалануу менен бекитилген жергиликтүү бюджет" К1 көрсөткүчү
7. Бекитилген бюджеттерди жана аларды аткаруу жөнүндө отчетторду жарыялоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ачык-айкындуулук (ачыктык) принцибине ылайык келет. Бул көрсөткүчтү аткаруу бюджеттик процесстин сапатын жогорулатууну жана анын ачык-айкындуулугун мүнөздөйт.
8. Бул көрсөткүч бюджеттик кирешелерди жана чыгымдарды түзүү боюнча жол-жоболор канчалык жеткиликтүү жүргүзүлгөндүгүн, бюджеттин бекитилген функционалдык жана экономикалык классификацияга шайкеш келерин жана инфографика пайдаланылгандыгын чагылдырат.
§ 2. "ЖӨБ органынын жарандык бюджети" К2 көрсөткүчү
9. Жарандык бюджет жарандарга тийиштүү бюджеттик мезгилге жергиликтүү бюджеттин чечимдери, параметрлери жана артыкчылыктары жөнүндө маалыматты алардын түшүнүүсү үчүн жөнөкөй жана жеткиликтүү формада берет. Жарандык бюджет расмий бюджеттик документтердин негизинде түзүлөт.
10. Бул көрсөткүч төмөнкүлөрдү өзүнө камтууга тийиш болгон документтин болушун чагылдырат: 1 жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгымдары, инфографика менен.
§ 3. "Инфографиканы пайдалануу менен жергиликтүү бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчет" К3 көрсөткүчү
11. Жергиликтүү бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчет жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген, өткөн жыл үчүн жергиликтүү бюджетти аткаруу жөнүндө отчетту чагылдырат. Бул көрсөткүч инфографиканы пайдалануу менен өткөн жыл үчүн жергиликтүү бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттун болушуна байкоо жүргүзөт.
§ 4. "Эсептөө палатасынын аудитордук отчету" К4 көрсөткүчү
12. Жергиликтүү бюджеттин аудитинин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан түзүлүүчү Эсептөө палатасынын аудитордук отчету. Ал бюджеттик процесстин жүрүшүндө ЖӨБ органдары тарабынан жол берилген бузуулар жөнүндө маалыматты камтышы мүмкүн.
13. Бул көрсөтүч ЖӨБ органынын дарегине өзүнчө топтоштурулган жазма буйруктар жана сунуштар тиркелген Эсептөө палатасынын отчету боюнча маалыматтын толуктугун жана жеткиликтүүлүгүн чагылдырат.
14. Документтин же маалыматтын жоктугунун объективдүү себеби болгон учурда (мисалы, "Эсептөө палатасынын аудитордук отчету" К4 көрсөткүчү ЖӨБ органында жок, анткени учурдагы жылы бул ЖӨБ органынын жергиликтүү бюджети аудиттин планына кирген эмес) критерий аткарылды деп эсептелет жана 10 балл ыйгарылат. ЖӨБ органдары документти (маалыматты) берүүдөн баш тарткан учурда 0 балл коюлат.
§ 5. "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (же башка стратегиялык документ)" К5 көрсөткүчү
15. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы - келерки мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган документ.
16. Бул көрсөткүч программанын багыттары жарандар үчүн канчалык жеткиликтүү формада көрсөтүлгөнүн (инфографика менен) (алар кабыл алынган учурда программанын өзгөрүшү), каржылоо булактарын жана күтүлгөн натыйжаларды чагылдырат.
3-глава. Бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугунун көрсөткүчтөрү
17. Бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугунун көрсөткүчтөрү жарандар үчүн бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгүн баалайт:
- маалыматтык тактанын болушу, ал аркылуу бюджеттин ачык-айкындуулук принциби ишке ашырылат (К6);
- расмий интернет-порталдын болушу (сайт) (К7);
- документтерди (маалыматтарды) тактага (сайтка) жайгаштыруу (К8);
- бюджеттик угуулардын негизги маселелери боюнча кайра байланыш жана маалыматты тактага (сайтка) жайгаштыруу (К9);
- коомчулук менен байланышуу үчүн электрондук почтаны пайдалануу (К10).
18. ЖӨБ органынын расмий интернет-порталынын (сайтынын) болушун текшерүүдө жана ага маалыматты жайгаштырууда, ЖӨБ органынын өзүнүн же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында маалыматтын жарыяланышы эске алынат.
19. Бул көрсөткүчтөр бюджеттик маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын жыйынды көрсөткүчүнө карата колдонулуучу жеткиликтүүлүк коэффициентин эсептөө үчүн колдонулат.
4-глава. Бюджеттик процесске жарандардын катышуусунун көрсөткүчтөрү
20. Бюджеттик процесске жарандардын катышуусунун көрсөткүчтөрү жарандардын бюджеттик процесске катышуу деңгээлин чагылдырат, мында баалоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт:
- жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар туруктуу негизде пайдаланылабы ("Коомдук угуулар" К11 көрсөткүчү);
- ЖӨБ органдары менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүнүн коомдук угуулардан айырмаланган, бирок талкуулоону жана кайра байланышты караган башка формалары барбы, ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандардын өз ара аракеттенүүсү" К12 көрсөткүчү);
- ЖӨБ органынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктары эсепке алынабы ("Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктары" К13 көрсөткүчү);
- бюджеттик саясаттын артыкчылыктарын иштеп чыгуу жана кыйла маанилүү маселелерин кароо боюнча коомдук уюмдардын жана кызыкдар жарандардын катышуусу менен демилгечи топтор түзүлгөнбү жана алардын иш-аракеттери туруктуу негизде иштешеби ("Бюджеттик саясаттын артыкчылыктарын иштеп чыгуу боюнча демилгечи топтордун болушу жана алардын туруктуу негиздеги иш-аракети" К14 көрсөткүчү);
- ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бюджеттик угуулардын жүрүшүндө берилген сунуштары көңүлгө алынабы ("Коомчулуктун бюджеттик угуулардын жүрүшүндө берилген сунуштары" К15 көрсөткүчү).
5-глава. Убакыт менен баалоону башкаруу (календарь)
21. Индексти баалоо дайыма: кварталда 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Балл этап-этабы менен коюлат, жылдын аягында жыйынтыктоочу балл чыгарылат. Индикаторлордун көпчүлүгү баалоонун кийинки индикаторлорунан тышкары, жылына бир жолу бааланат:
- ЖӨБ органдары менен жарандардын талкууну жана кайра байланышты караган өз ара аракеттенүүлөрүнүн (коомдук угуулардан тышкары) башка формаларын пайдалануу (жылына 2 жолу: II жана IV кварталдарда);
- бюджеттик саясаттын артыкчылыктарын иштеп чыгуу жана кыйла маанилүү маселелерин кароо боюнча коомдук уюмдардын жана кызыкдар жарандардын катышуусу менен демилгечи топтордун туруктуу иш-аракеттери (жылына 2 жолу: II жана IV кварталдарда);
- бекитилген жергиликтүү бюджет (эгер бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөр киргизилсе, такталган жергиликтүү бюджет бааланат);
- "Бюджеттик документтердин жана маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын көрсөткүчтөрүнө тиешелүү документтерди (маалыматты) тактага (сайтка) жайгаштыруу" индикатору квартал сайын бааланат.
6-глава. Жергиликтүү бюджеттин бюджеттик ачык-айкындуулугун баалоо көрсөткүчтөрүн эсептөө мааниси жана тартиби
22. Жергиликтүү бюджеттин бюджеттик ачык-айкындуулугун баалоо 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт.
1-таблица
№ | Индикаторлор | Индикаторлорду эсептөө | Ченемдик мааниси | Баалоо | Коэффициент |
Жергиликтүү бюджеттин бюджеттик ачык-айкындуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү | |||||
Бюджеттик маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын көрсөткүчтөрү | |||||
К1 | Бекитилген жергиликтүү бюджет | Эгерде келерки мезгилге жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары (функционалдык жана экономикалык классификация боюнча) инфографиканы колдонуу менен даярдалса К1 = 10,0 балл, эгерде колдонулбаса К1 = 1 балл | = 10,0 | 10,0 балл, же 1 балл, же 0 балл | Бул топтун (К1, К2, КЗ, К4 жана К5) көрсөткүчтөрүнүн суммасы үчүн Кд коэффициенти колдонулат |
К2 | Жарандык бюджет | Эгерде документ инфографика менен жергиликтүү бюджеттин 1 жыл үчүн кирешелерин жана чыгашаларын камтыса К2 = 10,0 балл, камтыбаса К2 = 1 | = 10,0 | 10,0 балл, же 1 балл, же 0 балл | |
К3 | Жергиликтүү бюджетти аткаруу жөнүндө отчет | Эгерде документ инфографика менен жергиликтүү бюджеттин 1 жылдагы кирешелерин жана чыгашаларын камтыса К3 = 10,0 балл, камтыбаса К3 = 1 | = 10,0 | 10,0 балл, же 1 балл, же 0 балл | |
К4 | Эсептөө палатасынын аудитордук отчету (акыркы текшерилген жыл үчүн) | Эгерде ЖӨБ органынын дарегине өзүнчө топтоштурулган жазма буйруктар жана сунуштар (эгерде алар болсо) тиркелген Эсептөө палатасынын отчету боюнча толук маалымат чагылдырылса К4 = 10,0 балл, жок болсо К4 = 1 | = 10,0 | 10,0 балл, же 1 балл, же 0 балл | |
К5 | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (же башка стратегиялык документ) | Эгерде программанын багыттары (программага киргизилген өзгөртүүлөр), каржылоо булактары жана күтүлүүчү натыйжалар жарандар үчүн жеткиликтүү формада (инфографика менен) көрсөтүлсө К5 = 10,0 балл, болбогон учурда К5 = 1 | = 10,0 | 10,0 балл, же 1 балл, же 0 балл | |
Бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүүлүк коэффициенти (Кд) | |||||
К6-К10 | Бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүүлүк коэффициенти | Кд = (МТ + ИП +Т1 + БУ + ЭП)/100, мында: эгерде ал аркылуу бюджеттин ачык-айкындуулук принциби ишке ашырылуучу маалыматтык такта болсо МТ = 15 балл, эгерде болбосо МТ = 0; эгерде расмий интернет-портал (сайт) болсо ИП = 15 балл, болбосо ИП = 0; эгерде тактада (сайтта) бюджеттик маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын 4 кем эмес көрсөткүчү боюнча жайгаштырылса Т1 = 40 балл, эгерде маалымат 2 кем эмес көрсөткүч боюнча жайгаштырылса Т1 = 20 балл, калган учурларда Т1 =0. Эгерде бюджеттик угуулардагы негизги суроолор боюнча "жооп" материалдар даярдалып, тактага (сайтка) жайгаштырылса БУ = 20, калган учурларда БУ = 0. Эгерде коомчулук менен байланышуу үчүн электрондук почта колдонулса ЭП = 10 балл, колдонулбаса ЭП = 0 | = 40,0 | Төрттөн көп болсо - 40 балл, экиден көп болсо - 20 балл, 2ден аз болсо - 0 балл | - |
Жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун көрсөткүчтөрү | |||||
К11 | Коомдук угуулар | К11 = КП + Ф, мында: эгерде коомдук угуулардын протоколу (көчүрмөсү), анын ичинде ал боюнча киргизилген сунуштар жана кабыл алынган чечимдер болсо КП = 5,0 балл, болбосо КП = 0; эгерде тактада сүрөт же сайттан басып чыгарылган маалымат болсо Ф = 5,0 балл, болбогон учурда Ф = 0 | = 10,0 | 10,0 балл, же 5 балл, же 0 балл | Бул топтун (К11, К12, К13, К14 жана К15) көрсөткүчтөрүнүн суммасы үчүн 1ге барабар коэффициент колдонулат |
К12 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүнүн башка формалары | Эгерде иш-чаранын протоколу (протоколдун көчүрмөсү), анын ичинде ал боюнча киргизилген сунуштар жана кабыл алынган чечимдер болсо К12 = 5,0 балл, болбогон учурда К12 = 0 | = 5,0 | 5,0 балл же 0 балл | |
К13 | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында (бюджетте) жергиликтүү коомдоштуктун артыкчылыктары | К13 = КПСЭӨ + ЖКА, мында: эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында артыкчылыктар баса белгиленсе КПСЭӨ = 5,0 балл, болбогон учурда КПСЭӨ = 0; эгерде жергиликтүү бюджетте жергиликтүү коомдоштуктун артыкчылыктары эсепке алынса. ЖКА = 5,0 балл, алынбаса ЖКА = 0 | = 10,0 | 10,0 балл, же 5 балл, же 0 балл | |
К14 | Артыкчылыктарды иштеп чыгуу боюнча демилгечи топтордун болушу жана алардын туруктуу негиздеги иш-аракети | К14 = ДТ + ӨИП, мында: бюджеттик саясаттын артыкчылыктарын иштеп чыгуу жана кыйла маанилүү маселелерин кароо боюнча коомдук уюмдардын жана кызыкдар жарандардын катышуусу менен демилгечи топтор болсо ДТ = 5,0 балл, эгерде болбосо ДТ = 0; эгерде өткөрүлгөн иш-чаралардын протоколдору (жарым жылда бир жолудан кем эмес) болсо ӨИП = 5,0 балл, жок болсо ӨИП = 0 | = 10,0 | 10,0 балл, же 5 балл, же 0 балл | |
К15 | Бюджеттик угуулардын жүрүшүндө коомчулук берген сунуштар | Эгерде коомдук угуулардын жүрүшүндө киргизилген сунуштар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө ЖӨБ органынын отчетунун көчүрмөсү болсо К15 = 15,0 балл, жок болсо К15 = 0 | = 15,0 | 15,0 балл, же 0 балл | |
23. Баалоо процессинде объективдүү белги коюлат жана анын коюлганын ырастаган тиешелүү документтер, шилтемелер берилет. Ар бир критерий боюнча верификация катары бирден кем эмес ырастоочу документ болууга тийиш.
7-глава. ЖӨБ органдарынын бюджеттик ачык-айкындуулугун баалоо натыйжаларын колдонуу
24. Баалоонун жыйынтыктары боюнча, алган баллга жараша ЖӨБ органдары үч топко бөлүнөт:
1) жогорку индекс - баллдын суммалык саны 60 баллдан көп:
а) жарандардын бюджеттик процесске катышуусу жогорку деңгээлде:
- жарандар бюджеттик процесске активдүү катышат;
- жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктарын эсепке алуу;
б) бюджеттик маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын көрсөткүчтөрү жогорку деңгээлде:
- инфографиканы пайдалануу менен бюджет боюнча маалыматтын чоң көлөмү;
- сапаттуу жарандык бюджет;
- кирешелер жана чыгашалар боюнча жергиликтүү бюджетти сапаттуу жана өз убагында аткаруу;
- финансыны жогорку натыйжалуу башкаруу;
- жарандар үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (же башка стратегиялык документ) жеткиликтүү жана сапаттуу берилген;
в) бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугунун көрсөткүчтөрү жогорку деңгээлде камсыздалууда:
- калк үчүн бюджеттик маалыматтын жогорку жеткиликтүүлүгү;
- жарандар бюджеттик процессте ЖӨБ органдары менен байланышты активдүү колдошот;
2) орточо индекс - баллдын суммалык саны 20дан көп, бирок 60тан аз:
а) жарандардын бюджеттик процесске катышуусу канааттандыраарлык деңгээлде:
- жарандар бюджеттик процесске катышат;
- жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктары аныкталууда;
б) бюджеттик маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын көрсөткүчтөрү орточо деңгээлде:
- инфографиканы пайдалануу менен бюджет боюнча маалыматтын орточо көлөмү;
- жарандык бюджет орточо деңгээлде;
- кирешелер жана чыгашалар боюнча жергиликтүү бюджетти аткаруу орточо деңгээлде;
- финансыны башкаруу орточо деңгээлде;
- жарандар үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (же башка стратегиялык документ) берилген;
в) бюджеттик процесстин ачык-айкындуулук көрсөткүчтөрү орточо деңгээлде камсыздалууда:
- калк үчүн бюджеттик маалыматтын орточо жеткиликтүүлүгү;
- жарандар аздыр-көптүр бюджеттик процесске катышат;
3) төмөнкү индекс - баллдын суммалык саны 20дан аз:
а) жарандардын бюджеттик процесске катышуусу канааттандыраарлык эмес деңгээлде;
- жарандар бюджеттик процесске тартылбайт;
- жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктары аныкталбайт;
б) бюджеттик маалыматтын курамынын жана ачыктыгынын көрсөткүчтөрү канааттандыраарлык эмес деңгээлде:
- инфографиканы пайдалануу менен бюджет боюнча маалыматтын төмөн көлөмү;
- жарандык бюджет төмөн деңгээлде;
- кирешелер жана чыгашалар боюнча жергиликтүү бюджетти аткаруу төмөн деңгээлде;
- финансыны башкаруу төмөн деңгээлде;
- белгилүү бир финансылык бузуулардын болушу;
- жарандар үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (же башка стратегиялык документ) тийиштүү түрдө берилген эмес;
в) бюджеттик процесстин ачык-айкындуулук көрсөткүчтөрү канааттандыраарлык эмес деңгээлде камсыздалууда:
- маалымат берилбейт же маалымат начар берилет, калк үчүн бюджеттик маалыматтын орточо жеткиликтүүлүгү;
- жарандар бюджеттик процесске тартылган эмес.
25. Баалоонун жыйынтыгы боюнча ЖӨБ органы алышы мүмкүн болгон эң жогорку жалпы балл 100 баллды түзөт.
26. ЖӨБ органдарынын бюджеттик ачык-айкындуулугун баалоонун жыйынтыгы ар бир көрсөткүч боюнча алынган көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү маанилерине, баалоого, жалпысынан ЖӨБ органдары боюнча жыйынтыктоочу баалоого жана 2-таблицага ылайык формада аныкталган топко киргизилгенине ылайык чыгарылат.
ЖӨБ органдарынын бюджеттик ачык-айкындуулугунун көрсөткүчтөрүн баалоонун натыйжаларынын таблицасы
2-таблица
Форма
Аталышы | Көрсөткүчтөрдүн маанилери | Жыйынтыктоочу баалоо | Рейтинг | |||||
К1 | К2 | ... | ||||||
Иш жүзүндөгү маани | Мүмкүн болгон балл | Иш жүзүндөгү маани | Мүмкүн болгон балл | Иш жүзүндөгү маани | Мүмкүн болгон балл | |||
ЖӨБ 1 | 10,0 | 10,0 | 0,0 | 10,0 | ... | ... | 80,0 | Жогору |
ЖӨБ 2 | 0,0 | 10,0 | 0,0 | 10,0 | ... | ... | 10,0 | Төмөн |
... | ... | ... | ... | ... | ... | ... | ... |
|