Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-сентябры № 461
"2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 461 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын (мындан ары - Макулдашуучу Тараптар) ортосунда Макулдашуучу Тараптардын аймагында инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо боюнча милдеттенмелер белгиленген.
Макулдашууда эл аралык укуктун стандарттарына ылайык Макулдашуучу Тараптардын ар бирине инвестицияларды колдоонун жана коргоонун, ошондой эле экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында адилеттүү тең укуктуу режимди, толук коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуунун механизмдери каралган.
Макулдашуу менен инвестициялык режим белгиленет, ага ылайык ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагында өзүнүн мыйзамдарынын жана эрежелеринин алкагында каалаган башка үчүнчү тараптын инвесторлоруна көрсөтүлүүчү режимден кем эмес жагымдуу шарттарды түзүүгө тийиш.
Мындан тышкары, Макулдашууга инвестициялар экспроприацияланбайт, улутташтырылбайт же ушуга окшош натыйжага ээ болгон чараларды көрүүнүн түз же кыйыр предмети болуп саналбай тургандыгын аныктаган ченемдер киргизилген.
Ушуну менен бирге, Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн аймагына ошондой эле, өзүнүн аймагынан инвестициялоого байланыштуу бардык которууларды өзүнүн мыйзамдарын басмырлоосуз колдонуунун негизинде өз ыктыяры менен чегерүүгө уруксат берүүгө тийиш экендиги белгиленген.
Макулдашууда бир Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорунун ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн ченемдери белгиленген, ошондой эле Макулдашуучу Тараптардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыккан учурда аларды жөнгө салуунун түз жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр сыяктуу шарттары же Макулдашуучу Тараптар арбитраждык сотко кайрылуу укугу аныкталган.
Макулдашуу эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүүсүнө оң таасирин тийгизет жана Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынан келүүчү түз инвестициялардын агымынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.