Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 29-августу № 437

Банктык эмес финансылык рынок чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Аудитордук текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:

- 7-пунктундагы "административдик жоопкерчилик чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин 6-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Жетекчилерди бузуу, жорук жасагандыгы үчүн жоопко тартуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымат.

Отчеттук мезгилдин аягына карата жоюлбаган экономикалык кылмыштар, жоруктар жана бузуулар үчүн жетекчини жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымат.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 75 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев