Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-сентябры № 449
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында өксүктөрдү болтурбоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибине 2-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин ТИЗМЕГИ
№ | Чет мамлекеттин аталышы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоого туруу үчүн зарыл болгон мөөнөттөр |
1 | Австралия | 60 календардык күн |
2 | Австрия Республикасы | 60 календардык күн |
3 | Азербайжан Республикасы | 10 календардык күн(*) |
4 | Албания Республикасы | 60 календардык күн |
5 | Андорра Княздыгы | 60 календардык күн |
6 | Аргентина Республикасы | 60 календардык күн |
7 | Армения Республикасы | 30 календардык күн(*) |
8 | Багам Аралдарынын Шериктештиги | 90 календардык күн(*) |
9 | Барбадос | 28 календардык күн(*) |
10 | Бахрейн Королдугу | 60 календардык күн |
11 | Беларусь Республикасы | 30 календардык күн(*) |
12 | Бельгия Королдугу | 60 календардык күн |
13 | Болгария Республикасы | 60 календардык күн |
14 | Босния жана Герцеговина | 60 календардык күн |
15 | Бразилия Федерация Республикасы | 60 календардык күн |
16 | Бруней-Даруссалам Мамлекети | 60 календардык күн |
17 | Ватикан | 60 календардык күн |
18 | Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу | 60 календардык күн |
19 | Венгрия | 60 календардык күн |
20 | Венесуэла Боливариан Республикасы | 90 календардык күн(*) |
21 | Вьетнам Социалисттик Республикасы | 60 календардык күн |
22 | Германия Федерация Республикасы | 60 календардык күн |
23 | Греция Республикасы | 90 календардык күн(*) |
24 | Грузия | 90 календардык күн(*) |
25 | Дания Королдугу | 60 календардык күн |
26 | Доминика | 21 календардык күн(*) |
27 | Израиль Мамлекети | 60 календардык күн |
28 | Индонезия Республикасы | 60 календардык күн |
29 | Иран Ислам Республикасы | 8 календардык күн(*) |
30 | Ирландия Республикасы | 60 капендардык күн |
31 | Исландия | 60 календардык күн |
32 | Испания Королдугу | 60 календардык күн |
33 | Италия Республикасы | 60 календардык күн |
34 | Казакстан Республикасы | 30 календардык күн(*) |
35 | Канада | 60 календардык күн |
36 | Катар Мамлекети | 60 календардык күн |
37 | Кипр Республикасы (күн батыш) | 60 календардык күн |
38 | Корея Республикасы | 60 календардык күн |
39 | Коста-Рика Республикасы | 30 календардык күн(*) |
40 | Куба Республикасы | 30 календардык күн(*) |
41 | Кувейт Мамлекети | 60 календардык күн |
42 | Лаос Элдик-Демократиялык Республикасы | 30 календардык күн(*) |
43 | Латвия Республикасы | 60 календардык күн |
44 | Литва Республикасы | 60 календардык күн |
45 | Лихтенштейн Княздыгы | 60 календардык күн |
46 | Люксембург Улуу Герцогдугу | 60 календардык күн |
47 | Македония Республикасы | 60 календардык күн |
48 | Малайзия | 30 календардык күн(*) |
49 | Мальдива Республикасы | 30 календардык күн(*) |
50 | Мальта Республикасы | 60 календардык күн(*) |
51 | Мексика Кошмо Штаттары | 60 календардык күн |
52 | Монако Княздыгы | 60 календардык күн |
53 | Монголия | 30 календардык күн(*) |
54 | Нидерланд Королдугу | 60 календардык күн |
55 | Никарагуа Республикасы | 90 календардык күн(*) |
56 | Жаңы Зеландия | 60 календардык күн |
57 | Норвегия Королдугу | 60 календардык күн |
58 | Бириккен Араб Эмираттары | 60 календардык күн |
59 | Оман Султанаты | 60 календардык күн |
60 | Перу Республикасы | 90 календардык күн(*) |
61 | Польша Республикасы | 60 календардык күн |
62 | Португалия Республикасы | 60 календардык күн |
63 | Россия Федерациясы | 30 календардык күн(*) |
64 | Румыния | 60 календардык күн |
65 | Эль-Сальвадор Республикасы | 90 календардык күн(*) |
66 | Сан-Марино Республикасы | 60 календардык күн |
67 | Сауд Аравия Королдугу | 60 календардык күн |
68 | Сербия Республикасы | 60 календардык күн |
69 | Сингапур Республикасы | 60 календардык күн |
70 | Словакия Республикасы | 60 календардык күн |
71 | Словения Республикасы | 60 календардык күн |
72 | Америка Кошмо Штаттары | 60 календардык күн |
73 | Таиланд Королдугу | 60 календардык күн |
74 | Тажикстан Республикасы | 60 календардык күн(*) |
75 | Түркмөнстан | 10 календардык күн(*) |
76 | Түркия Республикасы | 90 календардык күн(*) |
77 | Украина | 90 календардык күн(*) |
78 | Филиппин Республикасы | 60 календардык күн |
79 | Финляндия Республикасы | 60 календардык күн |
80 | Француз Республикасы | 60 календардык күн |
81 | Хорватия Республикасы | 60 календардык күн |
82 | Черногория | 60 календардык күн |
83 | Чехия Республикасы | 60 календардык күн |
84 | Чили Республикасы | 60 календардык күн(*) |
85 | Швейцария Конфедерациясы | 60 календардык күн |
86 | Швеция Королдугу | 60 календардык күн |
87 | Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы | 30 календардык күн(*) |
88 | Эквадор Республикасы | 30 календардык күн(*) |
89 | Эстония Республикасы | 60 календардык күн |
90 | Түштүк-Африка Республикасы | 60 календардык күн |
91 | Япония | 60 календардык күн |
92 | Индия Республикасы | 30 календардык күн |
Эскертүү.
(*) Чет мамлекеттердин жарандарына карата Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул чет мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына карата ал чет мамлекеттин аймагында туруктуу же убактылуу турган мезгилинде колдонулуучу каттоо жол-жоболорун аткаруу мөөнөттөрүн эске алуу менен эки жак үчүн бирдей принцип колдонулат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибине киргизилген ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо, алардын турган жерине карабай, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүндө автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу, ошондой эле калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жүргүзүлөт.";
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген акыркы күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоону узартуу каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейинки акыркы күндөн кечиктирбей ишке ашырылат.
Каттоо узартылган учурда жаңы каттоо талону берилет.";
- 9-пунктундагы "беш жумуш күнүнүн" деген сөздөр "бир жумуш күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункту төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо, жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын өтүнүч каты боюнча жүргүзүлөт.";
- 13-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзүлөт. Кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында аталган адамдардын турган жеринин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлүүгө тийиш.";
- 14-пунктта:
1-пунктчасындагы:
экинчи абзацы "жарандыгы жок адамдын" деген сөздөрдөн кийин "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы "туруктуу жашай турууга укугу" деген сөздөрдөн кийин "жана/же менчик турак жайы" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзацындагы ", ошондой эле алардын көчүрмөлөрү" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзацындагы "жана алардын көчүрмөлөрү" деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) кабыл алуучу тарап катары чыгуучу юридикалык жактар үчүн:
- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты;
- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы визасы;
- өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
- турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;
- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.";
- 15-пунктта:
экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы;
- жатаканада жашаган дареги көрсөтүлгөн, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн окуу жайынын өтүнүч каты. Эгер студенттер окуу жайдын жатаканасынан тышкары жашаса, студенттерди каттоо чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоонун жалпы негиздеринде жүргүзүлөт;";
бешинчи абзацындагы ", ошондой эле алардын көчүрмөлөрү" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй редакциядагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.";
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Эмгектенүү жана жеке ишкердик менен алектенүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эмгек визасы берилген мөөнөткө карата жүргүзүлөт. Визасыз режим каралган чет мамлекеттердин жарандарын каттоо эмгек келишими түзүлгөн же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жумуш иштөөгө уруксаттын мөөнөтүнө карата же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жеке ишкердик менен алектенген учурда бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Каттоодо төмөнкүдөй документтер берилет:
- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы;
- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;
- өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;
- визасыз режим каралган мамлекеттин (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары) жарандары үчүн миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жумуш иштөөгө уруксат;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн эмгек келишими же анын жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүк;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашай туруу укугу;
- турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;
- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.";
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Кайрылман статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкү документтер берилген учурда кайрылмандын күбөлүгү берилген мөөнөткө карата жүргүзүлөт:
- кайрылман катары таанылган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы жана кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;
- өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кайрылмандын күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;
- турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;
- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.";
- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Кыргыз Республикасына диний уюмдар менен кызматташуу боюнча ишкердик максатында жана башка максаттар менен келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда ишке ашырылат:
- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы;
- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Юридикалык жактар кабыл алуучу тарап боло алышат;
- өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;
- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;
- турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;
- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.";
- 21-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилген каттоо талону, эгер ушул Тартипте башкача каралбаса, кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлөт.";
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Каттоо талону эки бөлүктөн турат: каттоо талонунун биринчи бөлүгү автоматташтырылган маалыматтык системасында сакталат, каттоо талонунун экинчи бөлүгү чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга же кабыл алуучу тарапка берилет.";
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Каттоо талону жоголгон учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам каттоо талонунун дубликатын алуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат. Мында калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылган күнү каттоо жүргүзүлгөн жана каттоо талону берилген жерине карабастан каттоо талонунун дубликатын берет.";
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, ошондой эле кабыл алуучу тарап калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөрүү же каттоону узартуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында каттоо же каттоону узартуу жол-жобосунан өтө алышат.";
- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында каттоо же каттоону узартуу жол-жобосунан өтүүнү каалаган чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, ошондой эле кабыл алуучу тарап:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун маалыматын киргизүү же электрондук кол тамгасы аркылуу авторлоштуруу жол-жобосунан өтөт;
2) маалымдама боюнча чет өлкөлүк жарандын жарандыгын тандайт же жарандыгы жок адам жөнүндө белги коёт жана төмөнкүдөй реквизиттерди киргизет:
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспортунун же өздүк күбөлүгүнүн номерин, датасын жана сериясын;
- туулган күнүн, айын жана жылын;
- электрондук почтасынын дарегин;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылган, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилген каттоо тартиби жөнүндө колдонмого ылайык кошумча маалыматтарды;
3) ушул Тартиптин 14-19-пункттарына ылайык документтердин электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук арызды толтурат;
4) жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдук берет жана электрондук арызын ырастайт.
Электрондук арыз ырасталгандан кийин электрондук портал чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо үчүн мамлекеттик алымды төлөө кодун чыгарат.
Мамлекеттик алымды төлөө тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.";
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Ушул Тартиптин 30-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттер аткарылгандан кийин электрондук почтанын аталган дарегине каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына каттоо талону же себебин көрсөтүү менен каттоодон баш тартуу жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын, ошондой эле кабыл алуучу тараптын андан аркы иш-аракеттери жөнүндө билдирүү келет. Каттоо күнү болуп каттоо талонун алган күн эсептелет.
Мында талонду берген бөлүмдүн кызматкери каттоо талонуна кол койбойт.";
- 32 жана 33-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- ушул Тартиптин тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
|
| "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибине тиркеме |
Форма
КАТТОО ТАЛОНУ / РЕГИСТРАЦИОННЫЙ ТАЛОН / REGISTRATION CARD
чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды келген жеринде / иностранного гражданина и лица без гражданства по месту пребывания / foreign citizen and persons without citizenship at the place of stay Фамилиясы, аты, атасынын аты / Фамилия, имя, отчество / Surname Name Middle name ________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ Жарандыгы / Гражданство / Citizenship _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ Туулган күнү / Дата рождения / Date of birth _________________________________________________________________ Инсандын документи / Документ, удостоверяющий личность / The identity document / Түрү, сериясы, номери / Вид, серия, номер / Type Series Number): _____________________________________________________________________________________________________ Келген жеринен төмөнкү даректе катталды / Зарегистрирован по месту пребывания по адресу / Registered at the place of stay _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ Кирип келген датасы / Дата въезда / Date of entry ____________________________________________________________ Катталган күнү / Дата регистрации / Date of registration _______________________________________________________ Чейин / По / To ________________________________________________________________________________________ Талонду берген органдын аталышы / Наименование органа, выдавшего талон / The name of authority issuing the card: _________________________________________________________________________________________________ Кабыл алган тарап / Принимающая сторона / The host: _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ Инсандын документ / Документ, удостоверяющий личность / The identity document / Түрү, сериясы, номери / Вид Серия Номер / Type Series Number): _____________________________________________________________________________________________________ |
|
КАТТОО ТАЛОНУ / РЕГИСТРАЦИОННЫЙ ТАЛОН / REGISTRATION CARD
чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды келген жеринде / иностранного гражданина и лица без гражданства по месту пребывания / foreign citizen and persons without citizenship at the place of stay Фамилиясы, аты, атасынын аты / Фамилия, имя, отчество / Surname Name Middle name ___________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ Жарандыгы / Гражданство / Citizenship _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ Туулган күнү / Дата рождения / Date of birth _________________________________________________________________ Инсандын документи / Документ, удостоверяющий личность / The identity document / Түрү, сериясы, номери / Вид, серия, номер / Type Series Number): _____________________________________________________________________________________________________ Келген жеринен төмөнкү даректе катталды / Зарегистрирован по месту пребывания по адресу / Registered at the place of stay _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ Кирип келген датасы / Дата въезда / Date of entry ____________________________________________________________ Катталган күнү / Дата регистрации / Date of registration ________________________________________________________ Чейин / По / То _________________________________________________________________________________________ Талонду берген органдын аталышы / Наименование органа, выдавшего талон / The name of authority issuing the card: _____________________________________________________________________________________________________ Кабыл алган тарап / Принимающая сторона / The host: _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ Инсандын документи / Документ, удостоверяющий личность / The identity document / Түрү, сериясы, номери / Вид, серия, номер / Type Series Number): _____________________________________________________________________________________________________ Талонду берген адамдын колу / Подпись сотрудника, выдавшего талон / Signature of the officer: ____________________
|
|