Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 457
"Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу грамотаны депозитарий болуп эсептелген Эл аралык эмгек уюмунун башкы директоруна депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 457 токтому менен жактырылган |
Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Женева (Швейцария) шаарында 2014-жылдын 11-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун Башкы конференциясынын 103-сессиясында кабыл алынган Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын протоколу (мындан ары - 2014-жылдагы протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы № 29 конвенция Женева (Швейцария) шаарында, 1930-жылдын 28-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун (мындан ары - ЭЭУ) Башкы конференциясынын 14-сессиясында кабыл алынган, СССР тарабынан 1956-жылдын 4-июнунда ратификацияланган жана эмгек чөйрөсүндөгү ЭЭУнун негизги сегиз конвенциясынын бири болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 31-мартында Эл аралык эмгек уюмуна (ЭЭУ) мүчөлүккө киргенде мурда СССРде ратификацияланган ЭЭУнун конвенцияларына карата юридикалык иш улантуучулугун ырастаган.
2014-жылдагы протоколдун негизги максаты мажбурлап иштетүүнү токтотуу, аны пайдаланууну болтурбоо жана токтотуу боюнча таасирдүү чараларды көрүү, анын курмандыктарын коргоо жана укуктук коргоонун талаптагыдай жана натыйжалуу каражаттарына жетүү, алар зыяндын ордун толтуруу жана мажбурлап иштетүүгө алып келген укук бузуучуларга карата санкциялар болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө 31 өлкө 2014-жылдагы протоколду ратификациялаган. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан 2014-жылдагы аталган протоколду Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы ратификациялаган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы мажбурлап иштетүүнү пайдаланууга тыюу салган. Мамлекеттик саясат мажбурлап иштетүүнү пайдалануу практикасын жоюуга багытталган дүйнөлүк коомдоштуктун күч-аракетин колдойт. Өлкө мажбурлап иштетүүнү болтурбоо тууралуу ченемдерди камтыган бир катар эл аралык актыларды ратификациялаган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартибинин 8.7-милдети катары "Мажбурлап иштетүүнү болтурбоо үчүн тез арада жана натыйжалуу чараларды көрүү, азыркы учурдагы кулчулукту жана адам сатууну жок кылуу жана 2025-жылга балдар эмгегинин эң начар формаларына тыюу салууну жана жоюуну камсыз кылуу" милдеттенмесин колго алган.
2016-жылдын январынан тартып Кыргызстан ВСП+ Бүткүл дүйнөлүк преференция системасынын катышуучусу болуп калды, бул 27 эл аралык конвенция боюнча милдеттерди өлкөнүн натыйжалуу жүзөгө ашыруусун божомолдойт, ага эмгек чөйрөсүндөгү ЭЭУ негизги конвенцияларын кошууга болот. ВСП+ механизми туруктуу өнүгүүнү жана натыйжалуу башкарууну камсыздоо үчүн инструмент болуп эсептелет. Преференциялар системасы ВСП+ бенефициарларынын милдеттеринин туруктуу мониторингин караштырат, анын ичинде мажбурлап иштетүүнү жоюу боюнча эл аралык конвенцияны натыйжалуу ишке ашыруу боюнча милдеттер эсептелет.
Адам сатуу жана мажбурлап иштетүүнүн өз ара байланышы көрүнүп турат жана эл аралык тынчсыздануу предмети болуп эсептелет. 2014-жылдагы протокол № 29 конвенцияда камтылган мажбурлап же милдеттүү иштетүүнү аныктоонун актуалдуулугун ырастайт жана адам сатуу менен байланышты баса көрсөтөт. Кыргыз Республикасы дагы адам сатуу менен күрөшүү боюнча чараларды көрүүдө, атап айтканда "Адам сатуунун алдын алуу жана күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.
2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясы 2040-жылга татыктуу иш менен камсыз болуунун эсебинен элдин экономикалык байгерчилигин камсыздоо максатын койгон.
2014-жылдагы протоколдун жоболору төмөнкү багыттарга негизделген:
1. Эскертүү. 2014-жылдагы протоколдун катышуучусу узак мөөнөттүү келечекке мажбурлап иштетүүнү болтурбоо максатында таасирлүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Мамлекет тарабынан кабыл алынган чаралар мажбурлап иштетүүгө адамдын аярлуулугун жогорулаткан проблемалуу маселелерди чечүүгө жана адамдын жашоосундагы социалдык-маданий, экономикалык, укуктук жана саясий чөйрөсүн камтууга тийиш.
Мажбурлоо чаралары катары төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
1) маалыматтык-билим берүү;
2) мыйзам чыгаруу чаралары, анын ичинде эмгек мыйзамдары жана эмгек маселелерин жөнгө салуу жаатында;
3) жалдоо жаатындагы укукка каршы жана алдамчылык практикадан коргоо;
4) мамлекеттик жана жеке сектор тарабынан опурталдарды дыкаттык менен контролдоо;
5) мажбурлап иштетүүнүн пайда болушунун биринчи себептерин жана опурталынын факторлорун аныктоо.
2. Коргоо. 2014-жылдагы протокол мажбурлап иштетүүнүн бардык курмандыктарын табуу, бошотуу, коргоо, калыбына келтирүү, реабилитациялоо боюнча таасирлүү чараларды көрүүгө милдеттендирет. Бул чаралар кылмыш жана башка өндүрүштүн алкагында кызматташуу курмандыктарынын даярдыгына жараша коюлууга тийиш эмес. Мажбурлап иштетүү курмандыктарын кылмыш жана административдик куугунтуктоодон бошотуу жана аларды өздөрүнүн эрки менен эмес, түздөн-түз мажбурлап иштетүүгө аргасыз катышуусунан улам жасалган иш-аракеттери үчүн жазалоо принцибин ишке ашырууну караштыруу зарыл. Мажбурлап же милдеттүү иштетүүгө дуушар болгон балдарды коргоо чаралары баланын өзгөчө керектөөлөрүн эске алууга тийиш.
3. Сот адилеттигине жетүү. Мамлекет улуттук аймакта мажбурлап иштетүүнүн курмандыктарынын физикалык катышуусуна же укуктук статусуна карабастан сот адилеттигине, зыяндын ордун толтуруу сыяктуу укуктук коргоонун адекваттуу жана натыйжалуу каражаттарына жетүүсүнө милдеттенет. Улуттук мыйзамдарды сактоону камсыздоо режимин чыңдоо максатында чараларды көрүү зарыл.
4. Кызматташтык. Мажбурлап иштетүүнү таасирлүү токтотууну камсыздоо процессинде бири-бирине узак мөөнөттүү келечекке көмөк көрсөтүү максатында ЭЭУ мүчөлөрү жана тиешелүү эл аралык жана региондук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты колдоо керек.
2014-жылдагы протоколду жөнгө салуу предмети болуп адамдын негизги укуктарына жана эркиндигине тиешелүү болгон маселелер эсептелет, бул "Эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8- пунктуна ылайык ратификацияланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адам сатууну жоюу боюнча күч-аракетине карабастан, АКШ Мамлекеттик департаментинин адам сатуу жөнүндө ар жылдагы докладына ылайык Кыргыз Республикасы 2 деңгээлге чейин төмөндөгөн: Өзгөчө көңүл буруу тизмесинде (Tier 2 Watch List), анда 2000-жылдагы адам сатуунун курмандыктарын коргоо жөнүндө актынын талаптарын толук деңгээлде сактабаган өлкөлөрдүн тизмесине кирген (TVPA), бирок бул стандарттарга өзүн ылайык келтирүү үчүн олуттуу күч-аракеттерди жумшоодо.
Кыргыз Республикасында мажбурлап иштетүү концепциясы дагы деле жетиштүү калыптана элек, эмгек мыйзамдарынын эл аралык эмгек ченемдерине шайкештигин талдоо, тактап айтканда мажбурлап иштетүүнү аныктоо жана бул кылмыштын курмандыктарын бирдейлештирүү зарылдыгы бар.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жумушчу топтун көчмө иш жыйынында мажбурлап иштетүү кырдаалын талкуулап чыгып, 2018-жылдын 14-майындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2014-жылдагы ЭЭУнун протоколун ратификациялоо зарылдыгын иликтеп чыгууну тапшырган.
2014-жылдагы протокол ЭЭУнун эки мүчөсүнүн ратификациялык грамоталарын Башкы директор каттаган датадан 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 2014-жылдагы протоколду ратификациялагандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иш берүүчүлөрдүн конфедерациясынын, коомдук жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен мажбурлап иштетүүнү токтотуу максатында иш-аракеттер планын иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасы үчүн 2014-жылдагы протоколго катышуунун күтүлүүчү жыйынтыктары:
1. Кыргыз Республикасы мажбурлап иштетүү жана адам сатуу менен күрөшүүдө өз милдеттенмелерин жана ниеттерин ырастайт. 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо Кыргыз Республикасынын адам сатуу маселелери боюнча өзгөчө көңүл бурулган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгуусуна түрткү берет.
2. Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Күн тартибин жүзөгө ашырууда улантуучулукту жана татыктуу эмгекти жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоону ырастайт.
3. Кыргыз Республикасы эмгек мигранттарын коргоо чараларын күчөтөт, ага ылайык атаандаштык артыкчылыктарын алуу үчүн бир дагы мамлекет өзүнүн улуттук эмгек ченемдерин төмөндөтө албайт. Өзгөчө Протоколду ратификациялаган өлкөлөрдө, атап айтканда Россия Федерациясында (Протокол 2018-жылдын ноябрында ратификацияланган, ЭЭУда ратификациялык грамотаны каттоо 2019-жылдын январында) колдонулат.
4. 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо ЭЭУнун байкоочу органдары менен диалог аркылуу эмгек ченемдерин колдонуу маселелеринде боштуктарды табууга жана жоюуга мүмкүндүк берет.
5. Адам сатууну жана мажбурлап иштетүүнү жоюу боюнча минималдуу стандарттарды сактоо өлкөгө инвестицияларды тартууга позитивдүү таасирин тийгизет.
6. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы протоколго катышуусу адам потенциалын туруктуу өнүктүрүүгө, адам укуктарын сактоого, бизнес үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүүгө, социалдык камсыздоонун деңгээлин жогорулатууга, формалдуу эмес иш менен камсыз болуу деңгээлин азайтууга жана элдин экономикалык жактан байгерчилигине өбөлгө болот.
7. Ратификация эмгек мыйзамдарын акырындык менен өркүндөтүү жолунда реформаны жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.
8. Ратификация ВСП+ режиминин алкагында өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышынын практикалык мисалы жана демонстрациясы катары колдонулат.
Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды, ошондой эле социалдык-экономикалык терс кесепеттерди алып келбейт.