Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-сентябры № 476
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
39-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик жарандык жана жазык мыйзамдарында, бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте белгиленет.".
2-берене.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 40-беренесинде:
а) 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Телерадио уюмдарына жана телерадиоберүү операторлоруна саат 7.00дөн 23.00гө чейинки эфир убактысында жашы жете электердин жана жеткинчектердин дене мүчөсүнүн, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү жаңылыктар мүнөзүндөгү эмес телерадиопрограммаларды жана телерадиоберүүлөрдү трансляциялоого жана ретрансляциялоого, ошондой эле анонс жасоого тыюу салынат.
Телерадио уюмдары жана телерадиоберүү операторлору жашы жете электердин телерадиопрограммаларды же телерадиоберүүлөрдү көрүүсүнө техникалык жактан чектөө киргизүү боюнча чараларды колдонууга тийиш.
Чектөөгө тийиштүү телерадиопрограммаларга же телерадиоберүүлөргө трансляциялоодон мурда жана трансляциялоо учурунда мезгил-мезгили менен атайын эскертүүлөр берилүүгө жана алар телерадио уюмдарынын программаларынын расписаниесинде белгиленүүгө тийиш.
Жашы жете электерди жана жеткинчектерди ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан коргоо чөйрөсүндөгү телерадиоканалдарды, телерадиопрограммаларды жана телерадиоберүүлөрдү түзүү жана/же комплекттөө, жайылтуу тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.";
2) 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 45-1-берене менен толукталсын:
"45-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик жарандык жана жазык мыйзамдарында, бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген негизде жана тартипте келип чыгат.
Ушул Мыйзам менен жөнгө салынган укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаштар административдик иштер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте каралат.";
3) 48-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "2019-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2023-жылдын 1-январына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|