Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 токтомуна) |
Мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына коюлуучу ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Терминдер жана түшүнүктөр
1. Ушул техникалык талаптар мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата жалпы талаптарды аныктайт.
2. Ушул Техникалык талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) автомай куюучу станцияны автоматташтырылган башкаруу системасы – бул комплексинде станциялардын функцияларын башкарууну камсыз кылган чакан системаларды жана тийиштүү жабдууларды пайдалануучу, автотранспорт каражаттарына мунай заттарын куюу боюнча станцияларды автоматташтыруу, анын ичинде фискалдык чек чыгарылгандан кийин гана мунай заттарды берүү бөлүгүндө отун-таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машиналардын ишин синхрондоштуруу милдеттерин чечүү
2) контролдук-кассалык машиналар - фискалдык эске тутуусу менен техникалык (аппараттык-программалык) каражаттар же банктык төлөм карточкалары жана чектери, электрондук жана накталай акча каражаттары аркылуу кызмат көрсөтүү жана иштерди аткаруу же соода операцияларында жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөрдү пайдаланууга багытталган виртуалдык контролдук-кассалык машиналар;
3) отун таратуучу колонка - автомашиналарды мунай заттар менен толтуруу боюнча автомай куюучу станциялардагы, автомобилдик газ толтуруучу станциялардагы жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардагы колонка;
4) деңгээл ченегич - бул резервуардагы мунай заттардын параметрлерин (деңгээлин, көлөмүн, температурасын жана тыгыздыгын) үзгүлтүксүз өлчөөчү прибор;
5) Х-отчет - жыйынтык сумманы өчүрбөстөн контролдук-кассалык машиналардын орто аралык отчету;
6) Z-отчет - контролдук-кассалык машинаны өчүрүү менен субъекттин иш күнүнүн аягында жүргүзүлүүчү отчет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасына карата жалпы техникалык талаптар
3. Мунай заттарды сатуу чөйрөсү үчүн отун таратуучу колонкадан мунай заттарды берүү процессин башкаруу жана берүүнүн жыйынтыктарын каттоо отун тартуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машиналардын комплекстүү ишин камсыз кылуучу, автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы менен жүргүзүлүүгө тийиш. Комплекстүү өз ара аракеттенүүнүн башкы шарты болуп контролдук-кассалык машиналардын чеги катталганга чейин мунай заттарды берүүнү бөгөттөө мүмкүндүгү саналат.
4. АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасынын ишине негизги талап болуп Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген Контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрине киргизилген контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу саналат.
5. АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасы реалдуу убакыттын режиминде отун таратуучу колонкалардын абалына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу маалыматтарды берүүнүн тиешелүү протоколу боюнча иштеген отун таратуучу колонкалар аркылуу башкарылышы керек.
6. АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасына коюлуучу жалпы техникалык талаптар:
1) системанын түзүмүнө жана иштешине карата талаптар:
- тандалган системанын жана анын чакан системаларынын иштеши регламенттик иштерге каралган пландуу тыныгуулары менен узак мөөнөттүү, күнү-түнү жана үзгүлтүксүз режимде ишке ашырылууга тийиш;
- система модулдук архитектурага ээ болушу керек жана зарыл болгон учурда өздөрүнүн чакан системаларынын функционалдуулугун бирдиктүү технологиялык жана архитектуралык платформанын базасында өстүрүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш;
2) ишенимдүүлүгүнө жана маалыматтык коопсуздугуна коюлуучу талаптар:
- маалыматтарга кирүү укугу кызматтык ыйгарым укуктарын эске алуу менен авторизацияланган пайдалануучуларга гана берилүүгө тийиш. Системанын ар бир колдонуучусуна системанын функционалдуулугунун уруксат берилген көлөмү аныкталышы керек;
- системага тартылган субъекттердин жана процесстердин иш-аракети системанын адистештирилген интерфейстери аркылуу жүргүзүлүшү керек;
- пайдалануучуларга ролдор системанын администратору тарабынан ыйгарылууга тийиш;
3) эргономикага карата талаптар:
- система интерфейсти кабыл алуу үчүн интуициялык түшүнүктүү жана жөнөкөй болушу керек. Система менен колдонуучунун ортосундагы диалогду уюштуруу үчүн графикалык пайдалануучулук интерфейсти колдонуу зарыл;
- колдонуучулар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн (мамлекеттик жана расмий тилде) локалдаштырылган интерфейстин болушу камсыздалышы керек;
4) авария учурунда маалыматтын сакталышына карата талаптар:
- системанын программалык камсыздоосу аппараттык каражаттарын туура кайра иштетүүдө, өз иштөөсүн автоматтык түрдө калыбына келтирүүгө тийиш;
- резервдик көчүрүү мүмкүндүгү болушу керек;
- электр энергиясы күтүүсүз өчүп калган учурда акыркы киргизилген маалыматтарды автоматтык түрдө (жоготуусуз) сактоо;
5) система тарабынан аткарылуучу функцияларга карата талаптар:
- эгерде мунай заттар литр менен (көлөмү), акчага (суммага) же "бак толмоюнча" берилген учурда, мунай заттарды отун таратуучу колонкалар аркылуу сатуу керек;
- зарыл болгон учурда коштоочу товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүү;
- ар кандай төлөм каражаттарынын (накталай, банктын ж.б. төлөм системаларынын пластикалык карталарынын) жардамы менен мунай заттар, коштоочу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө;
- кассалык операцияларды аткаруу (товарды кайтарып берүү, чектин көчүрмөсүн басып чыгаруу, чек боюнча маалыматты кайра карап чыгуу, кассага салуу, инкассация, Х-отчетунун жана Z-отчетунун мөөрү);
- АМСте сменалардын ачылышын/жабылышын өткөрүү;
- мунай заттарды жана коштоочу товарларды кабыл алуу (зарыл учурда);
- АМСтин ишинин жыйынтыгы боюнча сменадагы жана башка отчетторду генерациялоо жана бул маалыматтарды башка системаларга өткөрүп берүү;
- резервуардагы мунай заттардын параметрлерин ченөөчү түзүлүштөр (деңгээл ченегичтер) менен байланышын камсыз кылуу, өлчөө жүргүзүү, башка системаларга маалыматтарды берүү жана белгилөө;
- ар кандай кошумча жабдуулар менен иштөөнү камсыздоо (штрих-коддорду сканерлөө, терминалдык түзүлүштөр, смарт-сейфтер ж.б.);
- маалыматтарды алмашуу стандарты же адистештирилген чечимдерди колдонуу менен башка өндүрүүчүлөрдүн программалык продуктуларына интеграциялоону камсыздоо.
Бардык функциялар түздөн-түз АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасынын менюсунан алынышы керек. Чоң АМСтерде автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасынын бир нече иш орундарын колдонууга жол берилет;
6) автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптар:
- автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу отун таратуучу колонкадан мунай заттарды берүү контролдук-кассалык машиналардын фискалдык чекти чыгарып бергенден кийин гана ишке ашырылат;
- автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы маалыматтарды оңдоо мүмкүндүгү болбогон контролдук-кассалык машина менен үзгүлтүксүз автоматташтырылган байланышты камсыздоого тийиш;
- автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы контролдук-кассалык машинадан фискалдык чек урулбаган учурда мунай зат берүүгө бөгөт коюшу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)