Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры № 691
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193, 2022-жылдын 14-апрелиндеги №200, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салык саясатын ырааттуу жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналарды колдонууну пландуу өркүндөтүүнү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109 жана 110-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 426 “Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктундагы “2019-жылдын 31-декабрына” деген сөздөр “2020-жылдын 31-мартына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкү чараларды көрсүн:
- өз ара аракеттенүү жөнүндө мурда түзүлгөн меморандумдарга ылайык иш жүргүзгөн контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды кайра түзүү боюнча;
- контролдук-кассалык машиналардан каттоо жана маалыматтарды алуу үчүн колдонулуучу автоматташтырылган маалыматтык системаны жеткире иштеп чыгуу боюнча.
8. Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө ушул токтомго ылайык, алар тейлеген жана субъекттер тарабынан колдонулган контролдук-кассалык машиналарды жеткире иштеп чыгуу (модернизациялоо) сунуш кылынсын.
9. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | М.Д.Абылгазиев |
| 2-тиркеме |
Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептөөлөрдү жүргүзө алышкан субъекттердин тизмеси
1. Төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзүүчү субъекттер:
1) гезит-журнал күркөлөрүндө гезиттерди жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды сатуу;
2) баалуу кагаздарды сатуу;
3) стационардык жайлардан тышкары лоторея билеттерин сатуу;
4) шаардык коомдук транспортто жүрүү үчүн жүрүү билеттерин жана талондорду сатуу;
5) поезддердин жүргүнчүлөр вагонунда чай жана башка коомдук тамак-аш продукцияларын сатуу;
6) жалпы пайдалануудагы товарларды, гүл өстүрүүчү продукцияларды жана айыл чарба продукцияларын 7 (жети) чарчы метрге чейинки аянттагы күркөлөрдө жана ларёктордо чекене сатуу;
7) цистерналардан/бочкалардан сыра, квас, сүт жана салкындатуучу суусундуктарды жана автомобилден жашылча, мөмө жана башка айыл чарба продукциясын чекене сатуу;
8) калктан айнек идиштерди, утилге чыккан чийки заттарды жана металл сыныктарын кабыл алуу.
2. Төмөнкүлөр боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзүүчү субъекттер:
1) базарларда, чакан базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу, анын аймагында жайгашкан төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- магазиндерди;
- атайын жабдылган жана соода жүргүзүү үчүн арналган имараттарда жана курулмаларда жайгашкан, туруктуу орду менен мүнөздөлгөн стационардык соода объекттерин;
- баалуу металлдардын жана таштардан жасалган зер буюмдарын саткан соода түйүндөрүн;
- соода залынын аянты 50 (элүү) чарчы метр жана андан жогору болгон павильондорду, контейнерлерди жана башка ушул сыяктуу ыңгайлаштырылган жана товарды көрсөтүүнү жана сактоону камсыз кылган соода орундарын;
2) соода борборлорунда жана үйлөрүндө жайгашкан аянты 20 (жыйырма) чарчы метрге чейинки түйүндөрдө товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу;
3) азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды көтөрүп жүрүп чекене сатуу, (анын ичинде полиэтилендүү пленка, парусина, брезент ж.б. капталган каркастар менен атмосфералык жаан-чачындан корголгон) кол арабаларынан, корзиналардан, лотоктордон сатуу;
4) жеке мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү (гувернанткалар, бала багуучулар, багбандар, үй кызматкерлери, репетиторлор), иттерди үйрөтүү боюнча, мал кайтаруу боюнча кызматтар, жеке издөөчүлөрдүн кум аралашкан алтынды казып алуусу, мал союу, үйдөгү малдын терисин жана жүнүн даярдоо, товарларды таңгактоо;
5) соода залынын аянты 20 (жыйырма) чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде жана башка убактылуу курулмаларда товарларды сатуу.
3. Алмашуу бюросунун, дискотекалардын жана түнкү клубдардын, жалпы аянты 150 (жүз элүү) чарчы метрден ашык мончолордун жана сауналардын кызмат көрсөтүүлөрүн кошпогондо, милдеттүү патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттердин милдеттүү патент алууга тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрү.
4. Накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнү кошпогондо, коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, адистештирилген финансылык-кредиттик уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган төлөм уюмдары.
5. Диний жайларда жана көчө күркөлөрүндө сыйынуу буюмдарын жана диний адабияттарды сатуу, ошондой эле сөөк коюу, диний ырым-жырымдарын жана аземдерин өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипке ылайык салык органдарында катталган, квитанциялардын бланктарын жана эсепке алуу дүмүрчөктөрү бар бухгалтердик кириштөө документтерин берүү менен кызмат көрсөтүүчү, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн субъекттер, уюмдар жана мекемелер, төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо:
- алмашуу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрүн;
- стационардык жайлардагы медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү;
- медициналык лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрүн;
- коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүн;
- дискотекалардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрүн.
7. Бишкек – Ош жана Бишкек – Балыкчы трассасында жайгашкан стационардык түйүндөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Тизмеге ылайык алыскы же барууга кыйын калктуу конуштарда ишкердик жүргүзүүчү суб