Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 497 токтомуна) |
Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо жана кароонун жыйынтыктары боюнча чечим чыгаруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жобо
1. Ушул тартип Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин (мындан ары - Кодекс) 32-беренесине ылайык иштелип чыкты, салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо жана кароонун жыйынтыктары боюнча чечим чыгаруу тартибин белгилейт.
2. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосу боюнча пландуу текшерүү салык кызматынын органдарынын бири тарабынан текшерүү планына ылайык акыркы текшерүү бүткөндөн кийинки күндөн баштап, 12 ай өткөндөн кийин бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.
3. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү планы үстүдөгү жылга ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан түзүлөт, анда текшерилүүгө тийиш болгон администраторлордун жана/же башкы администраторлордун тизмеси камтылган жана ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан календардык жыл башталганга чейин 20 иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө бекитилет.
4. Администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүү планы кызматтык пайдалануу үчүн документ болуп саналат, аны жарыялоого болбойт.
5. Администраторлордун жана/же башкы администраторлордун, анын ичинде мурда текшерилгендердин Кодексте каралган ченемдерди бузуу фактыларын далилдөөчү документалдуу ырасталган маалыматтар бар болсо, пландан тышкары текшерүү же болбосо кайра текшерүүнүн алкагында, текшерүүлөр Кодексте белгиленген мөөнөттөрү аяктаганга чейин жүргүзүлөт.
6. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдары салык кызмат органдарынын жетекчиси жана жетекчисинин орун басары тарабынан, салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү акты администраторго жана/же башкы администраторго тапшырылган күндөн тартып, эгерде алар жазуу жүзүндө түшүндүрмө беришпесе же текшерүү акты боюнча каршылыктарды билдиришпесе, анда 10 иш күнүнөн кечиктирбестен каралып чыгат.
2-глава. Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүү жүргүзүүнүн жана аяктоонун мезгили, мөөнөтү
7. Салыктык эмес кирешелерди пландуу текшерүү ушул пландуу текшерүүнүн башталышына карата отчетту тапшыруу жана/же салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөтү бүткөн мезгилди, ошондой эле үстүдөгү жылдын башталышына карата аяктаган, өткөн 3 календардык жылдан ашпаган мезгилди камтыйт.
8. Салыктык эмес кирешелерди пландан тышкары текшерүү же кайра текшерүү, доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган мезгилде жүргүзүлүшү мүмкүн.
9. Салыктык эмес кирешелерди кайра текшерүү 15 (он беш) календардык күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
10. Салыктык эмес кирешелер администраторлорун жана/же башкы администраторлорун текшерүү жүргүзүүгө жазма эскертүүнүн формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
11. Салыктык эмес кирешелер администраторлорун жана/же башкы администраторлорун текшерүүнүн аякташы боюнча салык кызматынын органын кызматкери тарабынан акт түзүлөт.
12. Салыктык эмес кирешелер администраторлорун жана/же башкы администраторлорун текшерүүнүн акты эки нускадан кем эмес түзүлөт жана текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызматкери жана текшерилип жаткан уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлат. Эгерде, аталган адамдар актка кол коюудан баш тартышса, анда ал жөнүндө актта тиешелүү белги коюлат.
13. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү актынын бир нускасы администраторго жана/же башкы администраторго берилет. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү актыны алганда администратор жана/же башкы администратор аны алгандыгы тууралуу белги коюшу керек.
14. Администратор жана/же башкы администратор, эгерде текшерүүнүн жыйынтыгы менен макул болбосо, анда ал алган күндөн кийинки 5 иш күнүнөн кечиктирбестен текшерүү акты боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөсүн берүүгө же каршылыгын билдирүүгө укуктуу.
15. Эгерде администратор жана/же башкы администратор тарабынан текшерүү акты боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмө же каршылыктар ушул Тартиптин 14-пунктунда белгиленген мөөнөттө берилсе, анда текшерүүнүн материалдары администратордун жана/же башкы администратордун же анын өкүлүнүн катышуусунда каралат.
16. Ошону менен бирге, текшерүү материалдарын карап чыгуу мөөнөтү текшерүү акты боюнча администратордун жана/же башкы администратордун жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүн же каршылыгын салык кызматынын органы алган күндөн кийинки 10 иш күнүнөн кечиктирбестен белгиленет.
3-глава. Кароонун тартиби
17. Эгерде администратор жана/же башкы администратор текшерүүнүн материалдарын кароодо катыша албаса, анда ал (алар) катышпагандыгынын себеби жөнүндө салык кызматынын органдарына билдирет жана бул себептердин негиздүүлүгү боюнча далилдерди берет.
18. Администратор жана/же башкы администратор салык кызматынын органынан алар жок учурда текшерүүнүн материалдарын кароону жана чечимдин көчүрмөсүн жиберүүнү өтүнүүгө укуктуу.
19. Текшерүү материалдарын кароодо, анын убактысы жана орду боюнча кабарлоо алган администратордун жана/же башкы администратордун өкүлүнүн жоктугу, анын ичинде администратордун жана/же башкы администратордун берген түшүндүрмөлөрү, каршы пикирлери, башка документтери жана материалдары текшерүү материалдарын кароого тоскоолдук болуп саналбайт.
4-глава. Текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча салык кызматынын органдары тарабынан кабыл алынууну чечимдер
20. Текшерүү (пландуу, пландан тышкары жана кайра текшерүү) материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча салык кызматынын органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары бузуу фактысы белгиленген учурда тиркелген формага ылайык (1-тиркеме) салык кызматынын органынын чечимин чыгарат.
21. Текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1) салыктык эмес кирешелерди, туумдарды чегерүү жана/же суммаларын азайтуу жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуу фактылары үчүн администраторду жана/же башкы администраторду жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;
3) Кодекстин 31-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө.
22. Салык кызматынын органынын мыйзам бузуу үчүн администраторду жана/же башкы администраторду жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечиминде төмөнкүлөр баяндалышы керек:
1) мыйзам бузуу жагдайы (жагдайдын кыскача мазмуну), ушул жагдайды тастыктаган документтик жана башка маалыматтар;
2) администратордун жана/же башкы администратордун өзүн коргоо үчүн келтирген далилдери жана ушул далилдерди текшерүүнүн жыйынтыктары;
3) Кодекстин ченемдерин жана жоопкерчилик чараларын көрсөтүү менен бузуу фактысы үчүн администраторду жана/же башкы администраторду жоопкерчиликке тартуу үчүн негиздеме.
23. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторду жана/же башкы администраторду текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын чечими кабыл алынып, администраторго жана/же башкы администраторго текшерүү материалдарын кароо күнүнөн тартып 3 иш күнүнөн кечиктирбестен тапшырылат, ал тапшырылган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
24. Эгерде, текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим чыгарылса, анда "Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторду жана/же башкы администраторду текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча" чечим кабыл алынат, мында чечимдин 4-пунктунда текшерүү жүргүзүүнүн узартылган мөөнөтү көрсөтүлөт, ошону менен бирге аталган чечимдин 1-3-пункттары толтурулбайт.
25. Салыктык эмес кирешелер боюнча администратордун жана/же башкы администратордун жетекчиси жоопко тартылууга тийиш болгон, аныкталган бузуу фактылары боюнча ушул администратор жана/же башкы администратор катталган салык кызматынын органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы мыйзам бузуу жөнүндө протокол түзөт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык мыйзам бузуу жөнүндөгү иш боюнча токтом формасында администратордун жана/же башкы администратордун жетекчисин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
5-глава. Текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча салык кызматынын органынын чечимине даттануу тартиби
26. Текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча салык кызматынын чечимине ыйгарым укуктуу салык органына чечимди алган күндөн тартып 10 (он) иш күнүнүн ичинде даттанууга болот.
27. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан даттанууну кароонун мөөнөтү 10 (он) иш күнүнөн ашпашы керек.
28. Администратор жана/же башкы администратор берилген даттануусу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине макул болбосо, анда ал бул чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу.