Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-сентябры № 497
Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо жана кароонун жыйынтыктары боюнча чечим чыгаруу тартибин жана чечимдин формаларын бекитүү жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 32-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо жана кароонун жыйынтыктары боюнча чечим чыгаруу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча салык кызматынын органдарынын чечиминин формасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
Форма |
|
|
Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча салык кызматынын органдарынын чечими
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.