Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 480 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | ||
|
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин (мындан ары - Кеңеш), судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин аныктайт.
2. Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан ай сайын төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
1) Кеңештин төрагасына - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө;
2) Кеңештин мүчөлөрүнө - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө.
3. Судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акы ар бир айдын аягында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине Кеңештин төрагасынын (ал жок учурда - орун басарынын) Кеңештин мүчөсү катышпаган Кеңештин жыйындары өткөрүлгөн күндөрдүн саны жөнүндө берилүүчү маалыматынын, ошондой эле жумуш убактысын эсепке алуу табелинин негизинде эсептелет.
Материалдык сый акы киреше салыгын жана мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чегерүүлөрдүн суммасын кармоо менен төлөнөт.
4. Материалдык сый акынын суммасын эсептөөдө Кеңештин жыйындарына катышпаган ар бир күн үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген материалдык сый акынын суммасынын 1 пайызына барабар болгон азайтуучу коэффициент колдонулат.
5. Судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө тийиш.
6. Материалдык сый акынын суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан эмгек акы долбоорунун алкагында тейлөөгө келишим түзүлгөн банктагы жеке эсебине которулат.