Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-сентябры № 480
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Элдик Курултайдан жана юридикалык коомчулуктан мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Элдик Курултайдан жана юридикалык коомчулуктан мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин тиешелүү жана кийинки жылдарга каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |