Загрузка документа…
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 222, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584, 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында иштелип чыккан жана өлчөө каражаттары оңдолгондон кийин аларды жүгүртүүгө чыгарууда, импорт боюнча ташып киргизүүдө, эксплуатациялоодо жана сатууда мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жалпы талаптарды белгилейт.
Өлчөө каражаттарынын бекитилген тиби өз ара таанылган Евразия экономикалык бирлигинин аймагында өндүрүлгөн өлчөө каражаттарын текшерүү Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жумуштардын натыйжаларын таануу эрежелерине ылайык Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
1. Терминдер жана аныктамалар
1. Өлчөө каражаттарын текшерүү - эксперименттин негизинде аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн негизинде өлчөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун белгилөө жана алардын техникалык регламенттерде белгиленген же өндүрүүчү-заводдун коштомо документтеринде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастоо.
2. Өлчөө каражаттарын баштапкы текшерүү - өлчөө каражаттарын өндүрүштөн чыгарууда же оңдолгондон кийин, ошондой эле өлчөө каражаттарын партиялар менен импорт боюнча алып келүүдө жана сатууда аткарылуучу текшерүү.
3. Өлчөө каражаттарын мезгилдүү текшерүү - белгиленген текшерүүлөрдүн ортосундагы мезгилдин аралыгында аткарылуучу эксплуатацияда же сактоодо турган өлчөө каражаттарын текшерүү.
2. Жалпы жоболор
4. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары баштапкы, мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш, аларды метрология боюнча улуттук орган, ошондой эле ушул Жобого ылайык өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан укук берилген юридикалык жактар жүргүзөт.
5. Текшерүүнү өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте текшерүүчүлөр катары аттестацияланган атайын окутулган адистер жүргүзөт.
51. Өлчөө каражаттарын текшерүү Эл аралык бирдиктер системасына (СИ) карата чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондору жана башка мамлекеттердин чоңдуктар бирдиктеринин эталондору аркылуу байкоо жүргүзүлүүчү чоңдуктар бирдиктеринин эталондорун колдонуу менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Белгиленген тартипте бекитилген, текшерилүүгө тийиштүү өлчөө каражаттарынын Тизмесине жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүнө киргизилген өлчөө каражаттары текшерилүүгө тийиш.
7. Жүгүртүүгө чыгарууда жана оңдоодо, ошондой эле импорт боюнча ташып киргизүүдө бекитилген типтердеги өлчөө каражаттары баштапкы текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Жаңы өлчөө каражаттары үчүн эксплуатацияга киргизүү алдында бул өлчөө каражаттарын баштапкы текшерүүдөн өткөрүү үчүн партиядан өлчөө каражаттарын тандап алууга жол берилет. Партиядан өлчөө каражаттарын тандоо улуттук жана мамлекеттер аралык стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Белгиленген тартипте бекитилген текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын Тизмесине жана анын мезгилдүүлүгүнө ылайык белгиленген текшерүүнүн ортосундагы мезгилдин аралыгы аркылуу эксплуатацияда турган өлчөө каражаттары мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
9. Метрология боюнча улуттук орган мезгилдүү текшерүүлөрдүн натыйжаларын эсепке алууга жана аларды колдонуунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен текшерүүлөрдүн ортосундагы аралыкты оңдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга милдеттүү.
10. Окутуу максаттарында гана колдонулуучу өлчөө каражаттары текшерилүүгө жатпайт, аларга "У" белгиси коюлууга тийиш. Алардын эксплуатациялык документтеринде тиешелүү белги көрсөтүлөт.
11. Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары метрологиялык байкоо жүргүзүүнү жана тактыкты камсыз кылуу зарыл болгон учурда калибрленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
12. Өлчөө каражаттарына текшерүү төмөнкүлөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) стационардык жана көчмө текшерүү лабораторияларында;
2) текшерүүчүлөрдү ишканага жиберүү аркылуу өлчөө каражаттарын пайдалануучунун түздөн-түз аймагында;
3) өлчөө каражаттарын даярдоочу жана оңдоочу ишканалардын контролдук-текшерүү пункттарында.
13. Эгер текшерилүүчү өлчөө каражаттарынын конструкциясы жана көлөмү ташууга мүмкүндүк бербесе, текшерүү өлчөө каражаттары жайгашкан жерде жүргүзүлөт.
14. Өлчөө каражаттарын мезгилдүү текшерүү текшерүүнүн макулдашылган графигинде белгиленген календардык мөөнөттөрдө жүргүзүлөт, ал эки нускада түзүлүп, ошол жылдын 1-октябрынан 15-ноябрына чейин метрология боюнча улуттук органга же өлчөө бирдиктерин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган өлчөө каражаттарын текшерүү жүргүзүүгө укук берген юридикалык жакка берилет.
Текшерүү графигин оңдоо текшерүү ортосундагы аралыкты эске алуу менен тараптардын макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
15. Өлчөө каражаттарын текшерүүгө ченемдик жана техникалык документтерге ылайык даярдалган эксплуатациялык документтер жана текшерүүнүн методикасы (зарылдыгына жараша), акыркы текшерүү жөнүндө күбөлүк, ошондой эле зарыл болгон комплекттөөчү түзүлүштөр менен бирге берилүүгө тийиш.
15-1. Өлчөө каражаттарынын ээлери (пайдалануучулары), өлчөө каражаттарын даярдоочулар, мамлекеттик органдар ошондой эле мамлекеттик менчиктин үлүшү бар ишканалар жана уюмдар гана өлчөө каражаттарын текшерүүгө өтүнмө ээлери боло алышат (мындан ары - өтүнмө ээлери).
Өлчөө каражаттарын текшерүү үчүнчү жактарды (ортомчуларды) кошпогондо, өтүнмө ээлерине (кызматтын акыркы алуучусуна) гана метрология боюнча улуттук орган бекиткен форма боюнча таризделген, өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмөнүн негизинде жүргүзүлөт.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Текшерүү графигине ылайык берилген шартта өлчөө каражаттарын стационардык текшерүү лабораторияларында болуу убакыты текшерүүнүн узактыгы бул мөөнөттөн ашып кеткен өлчөө каражаттарын кошпогондо 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
17. Өлчөө каражаттарын текшерүүдө:
1) текшерүү ыкмасы жөнүндө колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык жол-жоболор жүргүзүлөт;
2) өлчөө каражатын идентификациялоо (тиби, диапазону, завод номери ж.б.), өлчөө процессиндеги айлана-чөйрөнүн шарттары, эталондордун жана текшерилген өлчөө каражатынын көрсөткүчтөрү белгиленген форманын же иштелип чыккан текшерүү лабораторияларынын протоколуна киргизилет. Протоколдун көчүрмөсү арыз ээсинин талабы боюнча берилет;
3) өлчөө каражатын текшерүүнүн жыйынтыктары ушул Жобонун 21 же 25-пункттарына ылайык таризделет.
18. Өлчөө каражаттарын алар даярдалган, оңдолгон же эксплуатацияланган жерлерде текшерүүдө ишканалар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) метрология боюнча улуттук органга же өлчөө бирдиктерин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өлчөө каражаттарын текшерүүгө укук берген юридикалык жакка таандык эталондорду жана көмөкчү каражаттарды зарыл учурда текшерүү ордуна жеткирүүгө жана кайра алып келүүнү жүргүзүүгө;
2) текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жайларды жана кызматкерлерди берүүгө.
19. Өлчөө каражатын өндүрүштөн чыгаруучу же оңдоочу, ошондой эле эксплуатациялоочу чарба субъекттери аларды даярдаган, оңдогон же эксплуатациялаган жерлерде текшерүү үчүн стационардык текшерүү жабдуулары жана стационардык эталондор талап кылынса тиешелүү жабдууларга жана эталондорго ээ болууга, аларды акы төлөө негизинде текшерген метрология боюнча улуттук органдын же өлчөө бирдиктерин камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу орган өлчөө каражатын текшерүүгө укук берген юридикалык жактын карамагына берүүгө тийиш.
20. Эгерде өлчөө каражаты өзүнүн техникалык мүнөздөмөлөрүнүн тар диапазонунда колдонулса, жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча өлчөө каражатын көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөрү боюнча гана текшерүүгө жол берилет. Мындай учурларда өлчөө каражаттарына жана текшерүү жөнүндө күбөлүккө аларды колдонуу өзгөчөлүгүн көрсөтүүчү жазуу же шарттуу белги коюлат.
21. Өлчөө каражаттарынын ар бир бирдигин текшерүүнүн оң натыйжалары текшерүү эн тамгасынын оттиски менен же ушул Жобонун 1-тиркемесине жана 2-тиркемесине ылайык формалар боюнча текшерүү (зарыл болгондо) жөнүндө күбөлүк менен тастыкталат.
211. Эгерде өлчөө каражаты электрондук коргоо бар параметрлерди жөндөө функциясына ээ болсо, анда текшерүүчү электрондук коргоо каражаттарын колдонууга тийиш. Жөндөөнүн параметрлеринин акыркы өзгөртүлгөн күнү жана өзгөртүү жасаган адамдын идентификациясы же ченөө каражаттарын акыркы жөндөөдө түзүлгөн кокустук коду текшерүү тууралуу күбөлүктө жазылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464 токтомунун редакциясына ылайык)
212. Эгерде туруктуу орнотулган өлчөө каражаттарын кезектеги текшерүүдө механикалык коргоо (пломба) же коргоонун электрондук каражаттары бузулганы аныкталса (акыркы жөндөөнү жүргүзгөн адамдын аты-жөнү жана датасы же өлчөө каражатынын эсинде жөндөөнүн кокустук коду текшерүү жөнүндө мурунку күбөлүктө жазылгандар менен дал келбесе), жараксыздыгы жөнүндө маалымкат таризделет. Жараксыздыктын себеби мурда орнотулган механикалык же электрондук пломбалардын бузулушу катары белгиленет. Жараксыздыгы жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү 3 жумуш күндүн ичинде текшерүү жүргүзгөн орган тарабынан метрологиялык көзөмөл органына жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Текшерүү эн тамгасынын оттиски өлчөө каражатына коюлат жана (же) пломбага жана (же) эксплуатациялык документке түшүрүлөт.
23. Эгер өлчөө каражатынын конструкциясы текшерүү эн тамгаларынын оттискин түшүрүүгө, механикалык пломбаны орнотууга же электрондук коргоо каражаттары менен жетүүнү чектөөгө мүмкүндүк бербесе, текшерүүчү өлчөө каражатына текшерүү жөнүндө күбөлүк гана бере алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Зарыл учурларда жасалма ишеним эн тамгаларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн идентификациялык номери бар пломбаны бирге коюуга уруксат берилет.
25. Эгерде өлчөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжасында өлчөө каражаттары колдонууга жараксыз деп табылса, ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча өлчөө каражаттарынын жараксыздыгы жөнүндө маалым кат берилет жана текшерүү эн тамгасынын оттиски өчүрүлөт.
26. Эгерде текшерүү эн тамгасынын оттиски же пломба бузулса же текшерүү жөнүндө күбөлүк жоголсо өлчөө каражаттары колдонууга жараксыз деп эсептелет.
27. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мамлекеттер аралык келишимдер (макулдашуулар) болсо башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары таанылышы мүмкүн.
28. Метрология боюнча улуттук орган тарабынан текшерүүнүн бардык түрү метрологиялык жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө белгиленген тартипте бааларды жана тарифтерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү белгиленген мыйзамдарга ылайык макулдашылган жана бекитилген тарифтер боюнча алдын ала акы төлөө шартында текшерүүнүн натыйжасына карабастан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 464 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Өлчөө каражаттарын текшерүүгө өлчөө каражаттарынын бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук алган юридикалык жак жүргүзгөн ушундай эле иштерге акы келишимдик шарттарда төлөнөт.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
30. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобону бузган учурда Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Карама-каршылыктар (талаш-тартыштар) келип чыккан учурда жеке жана юридикалык жактар өлчөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктарына "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте административдик (сотко чейинки) жана кийин соттук тартипте даттанууга укуктуу.
32. Өлчөө каражаттарын текшерүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюм өлчөө каражаттарынын сакталышы жана бүтүндүгү үчүн өлчөө каражаты текшерүүгө кабыл алынган учурдан тартып текшерүүдөн өткөндөн кийин өтүнмө ээсине берилгенге чейин гана жоопкерчилик тартат. Өлчөө каражаттары өтүнмө ээсине берилгенден кийин өлчөө каражаттарынын сакталышы, бүтүндүгү жана жарактуулугу үчүн жоопкерчиликти өтүнмө ээси өзү тартат.".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 454 токтомунун редакциясына ылайык)
| |||||||||||||||
Форма
ӨЛЧӨӨ КАРАЖАТЫН ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНΥНДӨ № ___ КΥБӨЛҮК СВИДЕТЕЛЬСТВО № ___ О ПОВЕРКЕ СРЕДСТВА ИЗМЕРЕНИЙ Срок действия до 20___ж/г. «___» ________ чейин жарактуу
_________________________________________________________________________ Өлчөө каражатынын аталышы/наименование средства измерения Тиби/Тип Өлчөөнүн чектери/Пределы измерений _______________________________________ Таандык/Принадлежит: _________________________________________________________________________ Жасалган/Изготовлено: _________________________________________________________________________ Өлчөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде классы боюнча колдонууга жарактуу деп таанылат/На основании результатов поверки средство измерений признается годным к применению по классу: _________________________________________________________________________ Эталондордун жардамы менен текшерилген/Поверен с помощью эталонов: _________________________________________________________________________ (Эталондордун аталышы, тиби, разряды, каталыгы/аныксыздыгы/ наименование, тип, разряд, погрешность/неопределенность эталонов) Калибрлөө сертификаты/текшерүү жөнүндө күбөлүк (Текшерүү датасы, калибрлөө сертификатынын же текшерүү жөнүндө күбөлүктүн №/ дата поверки, № сертификата калибровки или свидетельства о поверке) ______________________________________________________________________ Текшерүүдөгү тамга салуу оттискасынын орду/ Место оттиска поверительного клейма Текшерүүчү/Поверитель _________________________________________________________________________Колу/Подпись Аты-жөнү/Ф.И.О.
20____ж/г.«____»___________
Эскертүү: Кыргызстандарттын аймактык борборлору өлчөө каражаттарынын сактыгы жана бүтүндүгү үчүн текшерүү жүргүзүү мезгилинде гана жоопкерчилик тартат. Примечание: Территориальные центры Кыргызстандарта несут ответственность за сохранность и целостность средства измерений только в период проведения поверки. | |||||||||||||||
».
|
| Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
______________________________________________________ (метрологиялык кызмат органынын аталышы/ наименование органа метрологической службы) ЖУМУШЧУ ЭТАЛОНДУ ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮК № СВИДЕТЕЛЬСТВО № О ПОВЕРКЕ РАБОЧЕГО ЭТАЛОНА Срок действия до "___" ________________ _____ ж./г. чейин жарактуу _________________________________________________________________ (эталондун аталышы/наименование эталона)
Тиби/Тип _______________________________________________________ № ________________________________________ Жасалган/Изготовлен: _______________________________________________________________________________________ (жасоочу-ишкана жана жасалган күнү/ предприятие-изготовитель и дата изготовления) Эталондордун жардамы менен текшерилген:/Поверен с помощью эталонов: ___________________________________________________________________________________________________________ (эталондордун каталыгы, разряды, тиби жана аталышы/ наименование и тип, разряд, погрешность эталонов) ___________________________________________________________________________________________________________ (текшерилген күнү, күбөлүктүн №/дата поверки, № свидетельства) Текшерүү жүргүзүүнүн шарты/Условия проведения поверки: ___________________________________________________________________________________________________________ (температура, атмосфералык басым, нымдуулук ж.б./ температура, атмосферное давление, влажность и др.) Текшерүү жыйынтыктарынын негизинде (протокол № _____ "___" ______________________ ж./г.) жумушчу эталонун колдонууга жарактуу деп табылат жана колдонууга уруксаат берилет./На основании результатов поверки рабочий эталон признается годным и допускается к применению согласно: ___________________________________________________________________________________________________________ (метрологиялык мүнөздөмөлөргө болгон талаптарды камтыган документтин аталышы/ название документа, содержащего требования к метрологическим характеристикам) ___________________________________________________________________________________________________________ (метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн мааниси/значения метрологических характеристик)
Текшерүүдөгү тамга салуу оттискасынын орду/ Место оттиска поверительного клейма
Бөлүмдүн жетекчиси Руководитель подразделения _________________________ ___________________________________________ (колу/подпись) (аты-жөнү/инициалы, фамилия)
Текшерүүчү/Поверитель ______________________________ ___________________________________________ (колу/подпись) (аты-жөнү/инициалы, фамилия)
"___" ___________________ ______ ж./г. |
|
|
| Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
______________________________________________________ (метрологиялык кызмат органынын аталышы/ наименование органа метрологической службы) ЖАРАКСЫЗДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ СПРАВКА № О НЕПРИГОДНОСТИ ________________________________________________________________________ (жумушчу эталондун (өлчөө каражатынын) аталышы/ наименование рабочего эталона (средства измерений)
Тиби/Тип _______________________________________________________ Зав.№ _______________________ Таандык/Принадлежит: ____________________________________________________________________________________________ Жасалган/Изготовлен: ____________________________________________________________________________________________ текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде пайдаланууга жараксыздыгы таанылат жана өтүүдөн алып ташталат./ На основании результатов поверки рабочего эталона (средства измерения) признается непригодным к применению и подлежит изъятию из обращения. Жараксыздыгынын себеби/Причина непригодности: ______________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ Рекомендация: ____________________________________________________________________________________________ Текшерүүдөгү тамга салуу оттискасынын орду/ Место оттиска поверительного клейма Бөлүмдүн жетекчиси/ Руководитель подразделения _________________________ _____________________________________________ (колу/подпись) (аты-жөнү/инициалы, фамилия)
Текшерүүчү/Поверитель ______________________________ _____________________________________________ (колу/подпись) (аты-жөнү/инициалы, фамилия)
"___" ___________________ ______ ж./г. |
|