Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 463 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
3. Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүүнүн максаты өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү маселеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тарабынан каралат.
Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү кирет.

5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин камсыз кылуу боюнча уюштуруу-методикалык иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) тарабынан жүргүзүлөт.

6. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине калктуу конуштарды киргизүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан жыл сайын 1-апрелге чейин төмөнкүдө көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен Агенттикке жиберилет:
- тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштары;
- бул маселеге тиешеси бар мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн позициялары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кирген жумушчу топтун ар бир мүчөсүнүн кол тамгасы менен тастыкталган, ушул токтомдун тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү жөнүндө маалымат.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн келип түшкөн маалыматтар Агенттик тарабынан жалпыланып, 10 жумуш күндүн ичинде "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, корутунду алуу жана позицияларын аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилет.
8. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде корутундуларын жана позицияларын 10 жумуш күндүн ичинде Агенттикке төмөнкү мамлекеттик органдар жиберишет:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги- социалдык –экономикалык өнүгүүсү төмөн, калктын жашоо денгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин көчүп кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу болбогон критерий боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги-табигый-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон критерий боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон критерий боюнча.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн келип түшкөн сунуштар, ал сунуштар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундулары жана позициялары Агенттик тарабынан жалпыланып, жыл сайын 1-июнга чейин ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет.
10. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесинен калктуу конуштарды чыгаруу маселеси калктуу конуштун социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына же башка негиздүү себептерге байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан демилгеленип, Агенттикке тиешелүү негиздемеси менен берилет.
11. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесинен калктуу конуштарды чыгаруу боюнча сунуштар келип түшкөнүнө жараша Агенттик тарабынан жалпыланып, ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет.
12. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү маселеси ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында келип түшкөнүнө жараша.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык).
13. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү маселеси ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында добуш берүү аркылуу анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде Агенттик тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме | |