Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 471 токтому менен бекитилди
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Бишкек шаары, 2019-жылдын 28-марты
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү, кыргыз-россия мамилелерин андан ары чыңдоого көмөктөшүп, 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) көңүлгө алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары 2017-жылы Кыргыз Республикасында 2017-жылга мунайды жана мунайзаттарын (мындан ары - товарлар) ички керектөөнүн көлөмдөрүн жана номенклатурасын макулдашат жана алар боюнча 2017-жылга индикативдик баланстарды бекитишет.
Товарларды кийинки жылдарда ички керектөөнүн көлөмү жана номенклатурасы Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү эсепке алынган кийинки календарлык жылга мунай чийки заттары (Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын коду (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) 2709 00, автомобилдик бензин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710 12 411 0, 2710 12 412 0, 2710 12 413 0, 2710 12 419 0 ичинен, 2710 12 450 0 ичинен, 2710 12 490 0 ичинен), дизель отуну (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710 19 421 0, 2710 19 422 0, 2710 19 423 0, 2710 19 424 0, 2710 19 425 0, 2710 19 429 0 ичинен, 2710 19 460 0 ичинен, 2710 19 480 0 ичинен), реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2710 19 210 0) боюнча индикативдик баланстарды жана 2713 20 000 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН субпозициясына карата түшүндүрмөлөргө ылайык мунай кара чайырынын физикалык-химиялык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен мунай кара чайыры (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2713 20 000 0) боюнча протоколду (мындан ары - индикативдик баланстар жана протокол) бекитүү аркылуу үстүдөгү календардык жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан макулдашылат. Көрсөтүлгөн товарларды ташып чыгарууда ЕАЭБ ТЭИ ТН коддордун жана товарлардын аталыштарын жетекчиликке алуу керек.
Ар бир үстүдөгү календардык жылга индикативдик баланстарды жана протоколду тактоо Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды ички керектөөнүн негизделген өзгөрүүсүн эсепке алуу менен учурдагы календарлык жылдын 15-августуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Тарап үстүдөгү календардык жылдын 5-сентябрына чейин Россия Тарапка кийинки календардык жылга индикативдик баланстарды жана протоколду түзүү боюнча сунуштарын берет, ал эми үстүдөгү календардык жылдын 15-ноябрына чейин 9 айдын ичиндеги индикативдик баланстардын жана протоколдун аткарылышы жөнүндө жана алардын үстүдөгү календардык жылы күтүлгөн аткарылышы тууралуу маалыматты белгиленген тартипте берет.
Тараптардын компетенттүү органдары 2019-жылы Кыргыз Республикасында 2019-жылга мунай кара чайырын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2713 20 000 0) ички керектөөнүн көлөмдөрүн жана номенклатурасын макулдашат жана 2713 20 000 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН субпозициясына карата түшүндүрмөлөргө ылайык мунай кара чайырынын физикалык-химиялык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен 2019-жылга протоколду бекитишет, ал бекитилген датадан тартып пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат.".
2. 5-беренесинде:
а) 1-пункту "Кыргыз Республикасына индикативдүү баланстарда" деген сөздөрдөн кийин "жана протоколдо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункту "календардык жылы индикативдүү баланстарда" деген сөздөрдөн кийин "жана протоколдо, ошондой эле индикативдик баланстарда жана протоколдо каралбаган товарларга карата" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоо 2019-2024-жылдары Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына мунайзаттарды түтүк өткөргүч транспорту менен ташып чыгарууда 2019-2024-жылдарга индикативдик баланстарга ылайык колдонулат.
Товарларга карата убактылуу декларацияны берүүдө ташып чыгаруу бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу индикативдик баланстарда көрсөтүлгөн товарлардын көлөмү ташып чыгаруу бажы алымдарын төлөөсүз декларацияланган товарлардын топтолгон көлөмүнөн ашпаган товарлардын көлөмүнө карата товарларга убактылуу декларацияны чыгаруу учурунда колдонулат.
Ташып чыгарууга бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу максаттары үчүн товарларды эсепке алуу төмөнкү учурлардын биринде, товарларга карата убактылуу декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын көлөмүнө жараша Россия Федерациясынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат:
товарларга карата убактылуу декларацияда көрсөтүлгөн товарлар берилүүчү айдын 15ине чейин товарларга толук декларацияны берүү, эгер товарларга карата убактылуу декларация товарлар берилүүчү айдын 1ине чейин берилсе;
товарларга карата убактылуу декларацияны берүү датасынан тартып 15 календардык күндүн ичинде товарларга толук декларацияны берүү, эгер ал товарларды берүү айында берилсе.
Эгер товарларга карата толук декларация ушул пункттун төртүнчү же бешинчи абзацтарында көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганда берилсе, анда жалпысынан ташып чыгарууга бажы алымдарын төлөөсүз декларацияланган топтолгон товарлардын көлөмү индикативдик баланстарда көрсөтүлгөн товарлардын көлөмүнөн ашкан товарлардын көлөмүнө карата ташып чыгаруу бажы алымдары, ошондой эле товарларга убактылуу декларацияны каттоо датасынан тартып товарларга толук декларация боюнча ташып чыгарууга бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттерди аткаруу датасына чейин эсептелген туумдар төлөнүүгө тийиш.
Ташып чыгаруу бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу максаттары үчүн 1 календардык айдан ашкан берүү мезгили менен товарларга карата убактылуу декларацияны берүүгө жол берилбейт.".
2-берене.
Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптар ушул Протоколго кол коюлган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин ушул Протокол менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып Макулдашуунун жоболорун убактылуу колдонуп баштайт.
2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |