Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-октябры № 524
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-беренесинде:
- 3-бөлүгүндөгү ар түрдүү жөндөмөдөгү "жана (же) толуктоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-бөлүгүндө:
ар түрдүү сандагы жана жөндөмөдөгү "жана (же) толуктоо" деген сөздөр алып салынсын;
"жана (же) толуктаган" деген сөздөр алып салынсын;
2) 12-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Преамбула (киришүү) - ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматты камтыган анын өз алдынча бөлүгү. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт. Мыйзамдарда преамбула милдеттүү бөлүк болуп саналбайт.";
б) 6-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
в) 8-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "жана (же) толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи жана үчүнчү абзацтары "Эгерде" деген сөздөн кийин "өзгөртүүлөрдү киргизүүдө" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 17-беренесинде:
а) аталышындагы "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын;
б) беренеде ар түрдүү сандагы жана жөндөмөдөгү "жана (же) толуктоолор" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана (же) толуктоочу" деген сөздөр алып салынсын;
4) 18-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууда жалпы мамлекеттик программалар, Өкмөттүн иш-аракеттер программалары, Президенттин кайрылуулары жана билдирүүлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, кызыкдар органдардын, илимий мекемелердин, жарандык коом өкүлдөрүнүн сунуштары, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте эске алынат.";
5) 20-беренесинин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 22-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда ченемдик укуктук актылар ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде (доскаларда, стенддерде) жайгаштырылышы мүмкүн.
Ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдаган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "тегерек столдорду", семинарларды, конференцияларды, айылдык жыйындарды өткөрүү, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун тексттерин бирдиктүү электрондук порталга, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жайгаштыруу, пресс-релиздерди чыгаруу, башка интернет-сайттарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалар менен кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, жергиликтүү жамааттын, илимий, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын мүчөлөрүнүн, окумуштуулардын жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда аны кошумча коомдук талкуулоо өткөрө алышат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бирдиктүү электрондук порталда коомдук талкуулоого жайгаштыруунун өткөрүү жол-жобосунун тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүүгө багытталган, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоого жатпайт.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"жөнгө салуучу таасирин талдоонун жыйынтыктарын (ушул Мыйзамдын 19-беренесинде каралган учурда);";
7) 24-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) төртүнчү абзацындагы "жана (же) толуктоолор" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"жөнгө салуучу таасирин талдоо (ушул Мыйзамдын 19-беренесинде каралган учурда).";
8) 25-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"ченемдик укуктук актынын кабыл алынгандыгына байланыштуу кайра карап чыгууга же иштеп чыгууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат;
жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат (ал өткөрүлүүгө тийиш болгон учурда).";
9) 29-беренесинин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
10) төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-берене менен толукталсын:
"29-1-берене. Ченемдик укуктук актыларды басылмаларда жарыялоо
1. Ченемдик укуктук актылар расмий болуп саналбаган басылмаларда жарыяланышы, ошондой эле жалпынын маалыматына телекөрсөтүү жана радио боюнча жеткирилиши, маалыматты жайылтуунун башка ыкмалары менен берилиши мүмкүн.
Ченемдик укуктук актылар расмий болуп саналбаган басылмаларда жарыялоо расмий эмес болуп саналат.
2. Ченемдик укуктук актыларды расмий эмес жарыялоо ал расмий жарыялагандан кийин гана жүргүзүлөт. Мында ар бир ченемдик укуктук акты үчүн расмий жарыялоо булагы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
3. Ченемдик укуктук актыларды басылмаларда расмий эмес жарыялоо шарттары жана тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.";
11) 33-беренесиндеги "толуктоолорду же" деген сөздөр алып салынсын;
12) 33-1-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "жана толуктоолорду" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|