Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры № 536
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салган механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Улуттук резерв "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындала турган кызмат орундарын ээлөөдө да пайдаланылышы мүмкүн.";
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Конкурстун катышуучусу тарабынан ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин топтомун мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы аркылуу электрондук форматта тапшырууга уруксат берилет.
Жасалма документтерди же атайылап жалган маалыматтарды берген адам Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.";
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)