ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 14-октябры № 539

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52, 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын 2019-жылдын 1-январынан тартып мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-октябрындагы № 87 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев