Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-марты № 71
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу боюнча комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) кызматкерлерин бошотуу жана бошонуу жөлөкпулун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка тийиштүү төлөмдөрдү төлөө маселелерин чечсин;
- кредиторлор менен эсептешүүлөрдү жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) дебитордук карыздарын өндүрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) мүлкүн эсепке алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу балансын даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) бошотулуп жаткан кызматкерлерин окутуу жана кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) өндүрүшүндө турган жазык иштерин жана материалдарды тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү маселелерин белгиленген тартипте чечсин.
31. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- органдын жоюлушуна байланыштуу кызматтан бошотулган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлерине пенсияга чыгуу укугу менен бир жолку жөлөкпул кызмат өтөө мөөнөтүнө жараша төмөнкүдөй төлөнөт:
10 жылга чейин - акчалай камсыздоо 2 айлык маянасы өлчөмүндө;
10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай камсыздоо 10 айлык маянасы өлчөмүндө;
15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай камсыздоо 12 айлык маянасы өлчөмүндө;
20 жылдан 25 жылга чейин - акчалай камсыздоо 15 айлык маянасы өлчөмүндө;
25 жылдан 30 жылга чейин - акчалай камсыздоо 18 айлык маянасы өлчөмүндө;
30 жана андан ашык жылдары - акчалай камсыздоо 20 айлык маянасы өлчөмүндө;
- жоюу жол-жобосу аяктаганга чейин Жоюу комиссиясына тартылган ЭККМКнын кызматкерлери укук коргоо органдарында кызмат өтөө жана ЭККМКнын кызматкерлерине акчалай үлүшүн төлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган акчалай үлүштөр, жөлөкпулдар, компенсациялар жана төлөмдөр менен камсыздалат;
- ЭККМКнын аттестацияланган курамына кирген, иштеген жылдары боюнча пенсияга укугу бар, бирок аны белгиленген тартипте тариздебеген жана кызмат өтөөнү уланткан адамдарга ЭККМКны жоюу процессинде төлөө мезгилине карата чегерүүгө тийиш болгон пенсиянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөм жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 10-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун жыйырманчы абзацы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| У.А. Марипов |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу боюнча КОМИССИЯ
Абышев Кылычбек Асаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Султанов Жоомартбек Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Эрматов Сэйитбек Таштанович | - | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча секторунун инспектору (макулдашуу боюнча); |
Мамытов Бексултан Абакирович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти; |
Байдылдаев Кумарбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана бажы органдарында ыкчам, издөө жана тергөө ишмердигин көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Алымкулова Садыгуль Адылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын мыйзамдуулукту мониторингдөө жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов Азамат Касымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) штабынын начальниги; |
Дуйшеева Жибек Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Чоткараев Камил Алияскарович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги; |
Акжигит уулу Мелис | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо башкармалыгынын начальниги; |
Эсенбаев Максат Бердибекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Иманбеков Руслан Таштанович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын стратегиялык талдоо жана тобокелдиктерди баалоо бөлүмүнүн башчысы; |
Мадьяров Чолпонкул Мысырович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы мамлекеттик эмгек инспектору; |
Рыскулов Канат Бактыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын начальниги; |
Тыналиев Канат Казакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүлөр башкармалыгынын начальниги; |
Кокина Анастасия Анатольевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) штабынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн начальниги; |
Рыспекова Жазина Рыспековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) штабынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Масаитов Кубанычбек Исмаилович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; |
Фархадов Эльдар Фархадович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Омурбекова Индира Табышовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору; |
Сейдахматова Венера Марселовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн инспектору; |
Идрисов Сооронбай Толонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) кадрлар бөлүмүнүн начальниги; |
Торобаева Жибек Абдубековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) кадрлар бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Абдырахманова Зухра Керимовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси; |
Келдибеков Эмил Турсунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын финансы, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; |
Джунушева Айнура Дюшенбиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын финансы, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору; |
Асанакунова Айжан Ибраимовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын финансы, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору; |
Исмаилов Чынгыз Усонгазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын санариптештирүү жана кесиптик даярдоо бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Сагынов Кайрат Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын санариптештирүү жана кесиптик даярдоо бөлүмүнүн инспектору; |
Сабитова-Ким Дильбар Таштохуновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) жалпы бөлүмүнүн начальниги; |
Ишенбек Аскар | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) жалпы бөлүмүнүн инспектору; |
Джалгасынов Мирлан Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн начальниги; |
Пахыров Айбек Закиралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн улук тергөөчүсү; |
Осмоналиев Азамат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн улук тергөөчүсү. |