Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 542
"2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасы төмөнкүдөй билдирүүлөр менен кошулсун:
1. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасына ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы билдирет, кредиторлордун төмөндөгү категориялардагы макулдашылбаган укуктары же кепилдиктери:
1) иш берүүчүнүн объектти каржылоо же лизинг келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбастыгы жарыяланган учурдан тартып пайда болгон эмгек акыны төлөө талаптары;
2) алардын ээлигинде болгон объектиде оңдоо иштерин жасаган адамдардын мындай жумуштарды аткаруунун наркынын суммасынын жана объектинин наркынын көбөйгөн суммасынын чегинде акы төлөө боюнча талаптары;
3) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча талап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча карыздарды төлөөнү камсыздоо боюнча талабы,
анын мыйзамдарына ылайык, кудуретсиздик боюнча жол-жоболорго байланышканына же байланышы жоктугуна карабастан, катталган эл аралык кепилдиктин ээсине таандык болгон кепилдикке барабар болгон жана ал кепилдик катталган эл аралык кепилдикке караганда артыкчылыктуу күчкө ээ болгон артыкчылыкка барабар артыкчылыкка ээ болушат.
2. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун b) пунктчасына ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы билдирет, ушул Конвенциянын эч нерсеси Кыргыз Республикасынын же мамлекеттик уюмдун, өкмөттөр аралык уюмдун же башка жеке коомдук тейлөөнү аткаруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык объектти мындай уюмдун же аткаруучунун ошол же башка объектти тейлегени үчүн түздөн-түз тиешелүү болгон суммадагы акыны төлөөгө чегерүү менен камоо же кармоо укугуна таасир этпейт.
3. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын 39-беренесинин 4-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы билдирет: Конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасына ылайык берилген билдирүүдөгү категориялардын биринин укугу же кепилдиги Протоколду ратификациялаган датага чейинки катталган эл аралык кепилдикке карата артыкчылыкка ээ.
4. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын 40-беренесине ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы билдирет, макулдашуудан тышкаркы укуктардын же кепилдиктердин төмөндөгү категориялары:
1) күчүнө кирген соттун чечимин толук же айрым бөлүгүн аткаруу максатында авиациялык объектини камакка алууну караган сот актысын алган жактын укугу;
2) мамлекеттик органдардын салыктар жана ар кандай төлөмдөр боюнча карызды төлөтүү үчүн мүлктү камакка алууга укугу жана башка укуктары (Конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасы боюнча билдирүүгө киргизилбегендер);
3) Конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасы боюнча билдирүүгө киргизилбеген башка ар кандай келишимден тышкаркы укуктар же кепилдиктер,
мындай укуктар же кепилдиктер эл аралык кепилдиктер болгон сыяктуу эле ушул Конвенцияга ылайык объекттердин ар кандай категориялары боюнча катталууга тийиш жана эл аралык кепилдик катары каралышы керек.
5. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын 53-беренесине ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы билдирет, Конвенциянын XII главасынын 1-беренесинин максаттары үчүн тиешелүү соттор болуп Кыргыз Республикасынын баардык соттору эсептелет жана тийиштүү талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык алардын кароосуна алынат.
6. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын 54-беренесинин 2-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы билдирет, кредитордо ушул Конвенциянын кайсы бир жобосуна ылайык болгон жана анда укукту коргоо үчүн сотко кайрылып коргонуу ыкмасы катары так аныкталбаган ар кандай укук коргоо ыкмасы соттун буйругусуз, чечимисиз же кандайдыр бир соттук актысыз эле колдонулушу мүмкүн.
7. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколунун XXX беренесинин 1-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы Протоколдун VIII, XII, XIII беренелерин колдоноорун билдирет.
8. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга авиациялык жабдуу жөнүндө протоколдун XXX беренесинин 2-пункту боюнча билдирүү:
Кыргыз Республикасы X беренени толук бойдон колдоноорун жана X берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн эң көп мөөнөттүн максаты үчүн пайдаланылуучу иш күндөрдүн саны төмөнкүдөй болоорун билдирет:
1) Конвенциянын 13-беренесинин a), b) жана c) пунктчаларында каралган чаралар боюнча (авиациялык объекттерди жана алардын наркын сактоо жөнүндө; авиациялык объекттерди ээлик кылууга, контролдоого же сактоого өткөрүп берүү жөнүндө; авиациялык объекттердин жайгашкан жерин өзгөртүүгө тыюу салуу жөнүндө) - 10 (он) календарлык күндөн ашык эмес;
2) Конвенциянын 13-беренесинин (d) жана e) пункттарында каралган чаралар боюнча (авиациялык объекттерди лизингге же андан киреше алуу менен башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө; авиациялык жабдууну сатуу же сатуудан түшкөн пайданы пайдалануу жөнүндө) - 30 (отуз) календарлык күндөн ашык эмес.
9. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколунун XXX беренесинин 3-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы XI берененин А Вариантын кудуретсиздик боюнча жол-жоболордун бардык түрлөрүнө карата толугу менен колдоноорун жана бул Варианттын XI беренесинин 3-пунктунун максаттары үчүн күтүү мөөнөтү - 60 (алтымыш) календардык күндү түзөөрүн билдирет.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жеке укукту унификациялоо боюнча эл аралык институтка Кыргыз Республикасы Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна (УНИДРУА) кошулганы жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|