Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 547
2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- 2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 1-чакан программа боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 547 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 1-чакан программа боюнча гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Гранттык макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 356-б буйругу менен жактырылган.
Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын түзүү үчүн шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.
Программа саясаттын төрт негизги багытынан же колдонуу тармактарынан турат: (I) Соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, (II) Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, (III) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (IV), Тармактар менен байланышкан көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Ушул макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына гранттык негизде 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет.
Финансы каражаттары республикалык бюджетти колдоого багытталган.
Макулдашууну ишке ашыруу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.