Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 токтомуна) |
Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасынын максаттарын, милдеттерин, жүргүзүү тартибин, ошондой эле пайдалануучуларынын, операторунун жана ээсинин укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы (мындан ары - "e-Kyzmat" АМС) мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеген кызматкерлер, жумуш ордунда убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын милдеттерин аткарган кызматкерлер жөнүндө маалыматтарды чогултуунун, сактоонун, жаңыртуунун жана талдоонун, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн бардык этаптарында адам ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга багытталган конкреттүү органдын штаттык түзүмү тууралуу маалымат берүүнүн маалыматтык системасын билдирет.
"e-Kyzmat" АМС төмөнкүдөй документтерге ылайык иштейт:
- "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында 2017-жылдын 19-апрелинде катталган № 451 ЭВМ программасына күбөлүктүн № 1 кошумча баракчасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы "e-Kyzmat" АМСке өзгөчө мүлктүк укук ээси болуп саналат (мындан ары - "e-Kyzmat" АМСтин ээси).
"e-Kyzmat" АМСтин ээсине "e-Kyzmat" АМСти ишке киргизүү жана эксплуатациялоо процессинин алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, ошондой эле иштеп чыгуу жана модернизациялоо саясатын жүргүзүү милдети жүктөлөт.
"e-Kyzmat" АМСтин ээсинде башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке маалыматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок.
4. "e-Kyzmat" АМСтин оператору - бул "e-Kyzmat" АМС серверлерин башкаруучу жана техникалык тейлөөчү, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун тиркемесине ылайык "e-Kyzmat" АМС катышуучуларынын өз ара аракеттенүү регламентинде каралган башка функцияларды ишке ашыруучу уюм.
5. Белгилүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жеке маалыматтар массивин кармоочу болуп тийиштүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган эсептелет. Жеке маалыматтар массивиндеги маалыматтын актуалдуулугун, аныктыгын жана толуктугун сактап туруу милдети тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
6. "e-Kyzmat" АМС Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары жөнүндө маалыматтын расмий булагы болуп саналат.
7. "e-Kyzmat" АМСти толуктап кайра иштеп чыгуу/модификациялоо мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин каражаттарынан, республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан каржыланат.
Мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "e-Kyzmat" АМСти техникалык коштоо Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетинин каражаттарынан каржыланат.
2. "e-Kyzmat" АМС максаттары жана милдеттери
8. "e-Kyzmat" АМСтин иштешинин максаты болуп заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин автоматташтыруу эсептелет.
9. "e-Kyzmat" АМСтин иштешинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү жана анык базасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн бардык этаптарында кадрдык персоналды башкаруу боюнча бирдиктүү механизмди түзүү жана автоматташтыруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары жөнүндө ведомстволор аралык маалымат алмашууну ишке ашыруу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык курамы боюнча отчеттук формаларды автоматташтыруу;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын конкурска катышуусу үчүн электрондук өтүнмөнү берүүнү автоматташтыруу;
- Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын маалыматтык базасын түзүү жана жүргүзүү;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын ишин пландаштыруу жана баалоо процессин автоматташтыруу;
- "e-Kyzmat" АМСти башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык курамы жөнүндө локалдык маалыматтык системалары менен интеграциялоо.
3. "e-Kyzmat" АМСте иштелип чыгуучу жеке маалыматтар
10. "e-Kyzmat" АМСте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын жеке маалыматтары камтылат, бул маалыматтар төмөнкү түзүмгө ээ:
1) жеке маалыматтар:
- идентификациялык жеке номери (ИЖН);
- фамилиясы/аты/атасынын аты;
- жынысы;
- туулган күнү;
- туулган жери;
- санариптик фотосүрөтү;
- жарандыгы;
- улуту;
- үй-бүлөлүк абалы;
- жашаган жана/же турган жери;
2) жакын туугандарынын жеке маалыматтары:
- туугандык даражасы (жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулары, асырап алынгандары, бир тууган жана аталаш же энелеш ага-инилери жана эже-карындаштары (сиңдилери);
- фамилиясы, аты, атасынан аты;
3) паспорттук маалыматтар:
- паспорттун сериясы;
- паспорттун номери;
- паспорт берилген күн;
- паспортту берген орган;
4) эмгек китепчесинин маалыматтары:
- эмгек китепчесинин номери;
- эмгек стажы боюнча маалыматтар, анын ичинде мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат стажы;
- акыркы иштеген жери;
5) аскер билетинин (эгер бар болсо күбөлүгүнүн) маалыматтары:
- аскер билетинин номери;
- аскердик-эсепке алуу адистиги (АЭА);
- курамы;
- наамы;
- эсепте тургандыгы;
- берилген күнү;
6) иши жөнүндө маалыматтар:
- дайындалган күнү;
- бошотулган күнү;
- мамлекеттик органдын аталышы;
- бөлүмү;
- кызмат орду;
- кызматтын түрү;
- кызмат ордунун тобу/категориясы;
7) билими:
- билиминин даражасы, окуу жайынын аталышы, адистиги, квалификациясы, окууга кирген жана аяктаган жылдары;
- квалификацияны жогорулатуу: күбөлөндүргөн документтин номери, окуу мезгили, окуган жери;
- илимий эмгектери: тематикасы, даражасы, наамы жана наам ыйгарылган күнү;
- тилдерди билүү: тил, билүү деңгээли;
8) кошумча маалыматтар:
- сыйлыктары;
- класстык чиндери;
- өргүүлөр;
- тартиптик жазалары;
- командировкалары (анын ичинде чет өлкөлүк);
- сыйлыктары.
4. "e-Kyzmat" АМСти жүргүзүү тартиби
11. "e-Kyzmat" АМС персоналды башкаруу маселелери боюнча кызматчылар же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналын башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан электрондук түрдө жүргүзүлөт.
12. "e-Kyzmat" АМС жүргүзүүгө маалыматтарды алгачкы киргизүү, актуалдаштыруу, алып салуу, маалыматтарды архивде сактоо камтылат.
13. "e-Kyzmat" АМСке маалыматтарды алгачкы киргизүү төмөнкү документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) кызматчынын жеке баракчасы;
2) кызматчынын эмгек китепчеси;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) дипломдун көчүрмөсү;
5) резюме;
6) өмүр баяны;
7) аскер билетинин (эгер бар болсо) көчүрмөсү.
14. "e-Kyzmat" АМС маалыматтарын актуалдаштыруу кызматчы өзү берген жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагындагы маалыматтардын негизинде кызматчынын маалыматтарына өз учурунда өзгөртүүлөрдү (түзөтүүлөрдү, толуктоолорду) киргизүүнү билдирет.
15. Маалыматтар төмөнкү учурларда "e-Kyzmat" АМСтен алып салынат жана архивге которулат:
- мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кызматы токтогондо;
- кызматчы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо;
- мамлекеттик жарандык кызматчы же муниципалдык кызматчы каза болгондо.
16. Маалыматтарды архивде сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аныкталат.
5. "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери
17. "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулардан болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары эсептелет, аларга "e-Kyzmat" АМСте төмөнкү функционалдык (пайдалануучулук) ролдор аныкталышы мүмкүн:
- жогорку деңгээлдеги пайдалануучулар;
- кадрдык бөлүмдүн кызматкерлери.
18. Жогорку деңгээлдеги пайдалануучу бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, мамлекеттик органдардын статс-катчыларын, аппарат жетекчилерин, жооптуу катчыларын камтыган "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулардын категориясы. Бул категорияга алар жетектеген мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/башкармалык/бөлүм тууралуу маалыматты карап чыгуу укугу берилет.
19. Кадрдык бөлүмдүн кызматкерлери - бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучуларынын категориясы, аларга мамлекеттик жарандык кызматчыга же муниципалдык кызматчыга тиешелүү маалыматты киргизүү, өзгөртүү, карап чыгуу, алуу жана күн сайын жаңыртып туруу укугу берилет.
20. Жогорку деңгээлдеги пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "e-Kyzmat" АМСти туруктуу негизде эксплуатациялоону камсыз кылууга;
- "e-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматты коопсуз ички пайдаланууну, "e-Kyzmat" АМСти эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын жана эрежелерин сактоону камсыз кылууга;
- "e-Kyzmat" АМС маалыматтык базасынан алынган маалыматты кызматтык максаттарда гана колдонууга.
21. Кадрдык бөлүмдөрдүн кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "e-Kyzmat" АМС маалыматтык базасына тийиштүү маалыматтарды чогултууну, киргизүүнү жана иштеп чыгууну камсыз кылууга;
- чогултулган жана "e-Kyzmat" АМСке киргизилген маалыматтардын аныктыгын камсыз кылууга;
- "e-Kyzmat" АМСтеги маалыматтардын талаптагыдай актуалдуулугун камсыз кылууга;
- мыйзамсыз көчүрүүгө, таратууга же пайдаланууга жол бербөө үчүн "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "e-Kyzmat" АМС маалыматтык базасында камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.
22. "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
- "e-Kyzmat" АМС менен иштөө үчүн колдонмо нускаманы алууга;
- "e-Kyzmat" АМСти колдонуу боюнча өз учурунда консультация алууга;
- системадагы программалык кемчиликтерди жоюу максатында "e-Kyzmat" АМСтин операторуна кайрылууга;
- эмгек өргүүдө же узак мөөнөттүк командировкалык сапарда болгон убакта системага кирүүиү токтотуу боюнча операторго кайрылууга.
6. "e-Kyzmat" АМСтин ээсинин укуктары жана милдеттери
23. "e-Kyzmat" АМСтин ээсинин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "e-Kyzmat" АМСти ишке киргизүү процессин координациялоону жана системага мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар үчүн "e-Kyzmat" АМС маалыматтарын пайдалануу ролдорун жана укуктарын ыйгаруу менен эсепке алуу жазууларын түзүүнү камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСтеги маалыматтарды карап чыгууга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, каралган маалыматтар жөнүндө бузууларды айкындоо жана отчетторду түзүү;
- маалыматтарды киргизүү, топтоо, сактоо, толуктоо, түзөтүү, системалаштыруу жана пайдалануу, ошондой эле "e-Kyzmat" АМСти модернизациялоо жана анын иштеши боюнча методологиялык жана практикалык колдоо көрсөтүү;
- "e-Kyzmat" АМСтин иштешине жана ага маалыматтарды топтоого жооптуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутууну уюштуруу;
- "e-Kyzmat" АМСтин ишинин техникалык шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучуларга маалымдоо.
24. "e-Kyzmat" АМСтин ээси төмөнкүлөргө укуктуу:
- "e-Kyzmat" АМСтин жумуш абалы жөнүндө "e-Kyzmat" АМСтин операторунан маалымат суратууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык бөлүмдөрүнөн "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар боюнча маалымат суратууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын статистикалык маалыматтарын пайдаланууга;
- "e-Kyzmat" АМС программалык функцияларына керектүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушу менен "e-Kyzmat" АМСтин операторуна кайрылууга.
7. "e-Kyzmat" АМСтин операторунун укуктары жана милдеттери
25. "e-Kyzmat" АМСтин операторунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулар үчүн жумушчу орундарды жана "e-Kyzmat" АМСке кирүү үчүн зарыл болгон тиркемелерди кошууну камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСхе камтылган маалыматты коопсуз пайдаланууну, "e-Kyzmat" АМСти эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМС серверлерин башкаруу жана техникалык тейлөө;
- "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучулардын ишине колдонмо нускамаларды даярдоо;
- "e-Kyzmat" АМС программалык-техникалык каражаттарынын жана маалыматтык базанын резервдик көчүрмөсүнүн иштөө жөндөмүн камсыз кылуу;
- коопсуз маалыматтык мейкиндикте "e-Kyzmat" АМСтин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылуу;
- маалыматтарды сактоо жана бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында "e-Kyzmat" АМС маалыматтык базасына мыйзамсыз кирүүдөн жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн коргоо талаптарын сактоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү.
"e-Kyzmat" АМСте колдонулуп жаткан маалыматты коргоонун методдору жана ыкмалары "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарына ылайык "e-Kyzmat" АМСтин оператору тарабынан аныкталат.
26. "e-Kyzmat" АМСтин оператору төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон учурда жана "e-Kyzmat" АМСтин ээсинин кайрылуусунун негизинде "e-Kyzmat" АМСтин программалык функцияларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларынын негизинде алардын пайдалануучулары үчүн "e-Kyzmat" АМСти пайдаланууну токтотууга.
8. "e-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматты колдонуу, берүү жана коргоо
27. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же юридикалык жактын суроо-талабы боюнча "e-Kyzmat" АМС маалыматтары ушул суроо-талап менен кайрылган субъекттин компетенциясына ылайык берилиши керек жана бул маалыматтар мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо менен берилет.
28. "e-Kyzmat" АМСке маалыматтары киргизилген ар бир кызматчы өзүнүн катталган маалыматтары жөнүндө толук маалымат алууга жана аларга негиздүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
29. "e-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматтар "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголууга тийиш.
9. "e-Kyzmat" АМСтин иштеши үчүн жоопкерчилик
30. Жогорку деңгээлдеги пайдалануучулар жана кадрдык бөлүмдүн кызматкерлери "e-Kyzmat" АМС маалыматтык базасындагы маалыматты мыйзамсыз же уруксатсыз тараткандыгы, ачыкка чыгаргандыгы жана колдонгондугу үчүн "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
31. Жогорку деңгээлдеги пайдалануучулар "e-Kyzmat" АМСти түзүүгө, жүргүзүүгө, пайдаланууга, маалыматтарды коопсуз пайдалануу ченемдерин сактоого ички контролду жүргүзүшөт.
|
| Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы (мындан ары - "e-Kyzmat" АМС) - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматты өтөө процесстерин, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле административдик бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу жана Улуттук кадрлар резервине киргизүү үчүн өтүнмө берген адамдар жөнүндө маалыматты чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо иштерин автоматташтырууну камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык система.
2. "e-Kyzmat" АМСтин өз ара аракеттенүүсүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) "e-Kyzmat" АМСтин ээси - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. "e-Kyzmat" АМСтин ээсине АМСти ишке киргизүү жана эксплуатациялоо процессинин алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, ошондой эле "e-Kyzmat" АМСти иштеп чыгуу жана модернизациялоо саясатын жүргүзүү жүктөлөт;
2) "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучу - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдар.
АМСти пайдалануучу жеке маалыматтардын массивинде маалыматтардын актуалдуулугун, аныктыгын жана толуктугун камсыздайт.
3) "e-Kyzmat" АМС оператору - "e-Kyzmat" АМСтин серверлерин башкарууну жана техникалык тейлөөнү, ошондой эле ушул Регламент менен каралган башка функцияларды жүзөгө ашыруучу уюм. "e-Kyzmat" АМС оператору төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- АМСти пайдалануучулардын жумушчу орундарын жана "e-Kyzmat" АМСке кирүү үчүн зарыл болгон тиркемелерди кошууну камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСте камтылган маалыматты коопсуз пайдаланууну, "e-Kyzmat" АМСти эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
- "e-Kyzmat" АМСтин серверлерин башкаруу жана техникалык тейлөө;
- АМСти пайдалануучулардын иши үчүн колдонмо нускамаларды даярдоо;
- "e-Kyzmat" АМС программалык-техникалык каражаттарынын жана маалыматтык базанын резервдик көчүрмөсүнүн иштөө жөндөмүн камсыз кылуу;
- коопсуз маалыматтык мейкиндикте "e-Kyzmat" АМСтин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- маалыматтарды сактоо жана бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында "e-Kyzmat" АМС маалыматтык базасына мыйзамсыз кирүүдөн жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн коргоо талаптарын сактоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү. "e-Kyzmat" АМСте колдонулуп жаткан маалыматты коргоонун методдору жана ыкмалары "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "e-Kyzmat" АМСтин оператору тарабынан аныкталат.
4) калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, туруктуу жашаган жерин жана паспорттук маалыматтарын каттоо чөйрөсүндөгү маалыматтардын маасивин кармоочу - калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, туруктуу жашаган жерин жана паспорттук маалыматтарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Маалыматтардын массивин кармоочу "e-Kyzmat" АМСтин маалыматтарын иштеп чыгуу борборунун ээси болуп саналат жана анын иштешин, техникалык колдоосун жана өнүгүүсүн камсыз кылат;
5) жооптуу кызматчы - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан маалыматтарды "e-Kyzmat" АМСке киргизүү, алардын актуалдуулугун жана аныктыгын камсыздоо боюнча функциялар жүктөлгөн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчысы.
2. Максаттар жана милдеттер
3. Ушул Регламенттин максаты - "e-Kyzmat" АМСтин катышуучуларынын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
4. Ушул Регламенттин милдеттери - "e-Kyzmat" АМСтин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын конкреттүү аракеттерин аныктоо болуп саналат.
3. Өз ара аракеттенүү тартиби
5. "e-Kyzmat" АМСтин ээси "e-Kyzmat" АМСтин оператору менен маалыматтарды иштен чыгуу, ишке киргизүү, коопсуздугун камсыз кылуу, маалыматтарды мыйзамсыз жетүүдөн коргоо жана системаны модернизациялоо, ошондой эле башка маалыматтык системалар менен интеграциялоо боюнча келишим түзөт.
6. "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучу "e-Kyzmat" АМСке маалыматтарды киргизүү, маалыматтардын актуалдуулугун жана аныктыгын камсыздоо үчүн жооптуу кызматкерлерди ички буйрук менен календардык жылдын биринчи айынын 5 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө бекитет.
7. "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучу жооптуу кызматкерлер бекитилгенден кийин 5 жумуш күндүн ичинде "e-Kyzmat" АМСтин оператору менен "e-Kyzmat" АМСке кирүүгө уруксат алуу жөнүндө келишим түзөт.
"e-Kyzmat" АМСти пайдалануучу келишим түзүлгөндөн кийин 3 жумуш күндүн ичинде "e-Kyzmat" АМСтин операторуна төмөнкү документтерди берет:
- ушул Регламенттин тиркемесине ылайык толтурулган "e-Kyzmat" АМСке кирүүнүн бирдиктүү формасы;
- жооптуу кызматкердин паспортунун көчүрмөсү;
- жооптуу кызматкерди кызмат орунга дайындоо жөнүндө актынын көчүрмөсү.
8. "e-Kyzmat" АМСтин оператору "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучу тарабынан 7-пунктта аталган бардык документтер берилгенден кийин 10 жумуш күндүн ичинде "e-Kyzmat" АМСтин логини менен паролун түзөт жана "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучуга жиберет.
9. "e-Kyzmat" АМСтин оператору "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучуга логин менен пароль жиберилгенден кийин 5 жумуш күндүн ичинде "e-Kyzmat" АМСке кирүү сертификаттарын иштеп чыгат жана аны "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучуга орнотот.
10. "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучу отчеттук жылдын биринчи кварталынын аягына чейин персонал жөнүндө толук маалыматтарды "e-Kyzmat" АМСке киргизүүгө милдеттүү.
"e-Kyzmat" АМСти пайдалануучу тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланган уюмдун персоналы жөнүндө маалыматтардын актуалдуулугун, толуктугун жана аныктыгын туруктуу негизде камсыз кылууга милдеттүү.
11. "e-Kyzmat" АМСтин ээси зарыл болгон учурда "e-Kyzmat" АМСтин функциясын модернизациялоо, толуктап кайра иштеп чыгуу сунушу менен АМСтин операторуна кайрылат.
"e-Kyzmat" АМСтин оператору "e-Kyzmat" АМСтин ээси менен "e-Kyzmat" АМСтин операторунун ортосунда аныкталган мөөнөттүн ичинде функцияларды толуктап кайра иштеп чыгат жана модернизациялоону жүзөгө ашырат.
"e-Kyzmat" АМСтин оператору иштеп чыгуу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде "e-Kyzmat" АМСтин сервериндеги "e-Kyzmat" АМСтин функцияларын жаңыртат.
12. "e-Kyzmat" АМСтин ээси "e-Kyzmat" АМСтеги маалыматтардын толукталып турушуна, актуалдуулугун камсыздоого мониторинг жүргүзөт.
13. "e-Kyzmat" АМСти пайдалануучу жооптуу кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда бошотулган датадан кийин 3 жумуш күндүн ичинде "e-Kyzmat" АМСтин операторун жазуу жүзүндө маалымдайт.
14. АМСтин оператору жазуу жүзүндө маалымат алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде аталган кызматкерге кирүү уруксатын жабат.
15. АМСти пайдалануучу жооптуу кызматкер бошотулгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде ички буйрук менен башка жооптуу кызматкерди аныктоого милдеттүү.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
16. "e-Kyzmat" АМСтин ар бир жеке пайдалануучусу берилген логинди жана паролду гана колдонуу менен иштөөгө милдеттүү.
17. "e-Kyzmat" АМСтин катышуучулары өз функцияларын аткарууда маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтын купуялуулугун, ачыкка чыгарбоону жана коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
18. Ушул Регламенттин ченемдерин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
19. Тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланган уюмдун "e-Kyzmat" АМСке берилген маалыматтарынын аныктыгын камсыздоо милдети "e-Kyzmat" АМСтин тийиштүү пайдалануучусуна жүктөлөт.
|
| Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү регламентине тиркеме |
"e-Kyzmat" АМСке кирүүнүн БИРДИКТҮҮ ФОРМАСЫ
1. Кызматкердин жеке маалыматтары
Фамилиясы: |
|
Аты: |
|
Атасынын аты: |
|
ИЖН: |
|
Мамлекеттик органдын аталышы |
|
Бөлүмү: |
|
Кызмат орду: |
|
Жумуш телефону: |
|
Уюлдук телефону: |
|
Электрондук дареги: |
|
Дата: |
|
Колу: |
|
2. "e-Kyzmat" АМСке кирүү деңгээли
№ | Кирүү деңгээли |
|
| Эскертүү |
1 | Маалыматтарды карап чыгуу/окуп чыгуу № | □ |
|
|
Маалыматтарды редакциялоо № | □ |
|
|
3. "e-Kyzmat" АМСтин операторунун кызматкери тарабынан толтурулат
Логин | Пароль |
|
|
4. Мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан толтурулат
Мамлекеттик органдын персоналды башкаруу боюнча кызматынын жетекчисинин аты-жөнү |
|
Дата: |
|
Колу: |
|
5. "e-Kyzmat" АМСтин операторунун кызматкери тарабынан толтурулат
"e-Kyzmat" АМСтин операторунун жооптуу кызматкеринин аты-жөнү: |
|
Дата: |
|
Колу: |
|