Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 546 токтомуна) |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, толук кандуу жана ар түрдүү тамактануу мүмкүндүгүн жакшыртуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосунун деңгээлин жана сапатын жогорулатуунун маанилүү максаты болуп саналат.
Өлкөдө белгиленген орточо физиологиялык ченемдерге ылайык бир адамга балык азыктарын керектөө көлөмү жылына 9,1 кг болууга тийиш. Бирок 2018-жылы балыкты жана балык азыктарын керектөөнүн киши башына орточо көрсөткүчү жылына 1,9 кг түздү, бул талап кылынган ченемден 4,7 эсеге аз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан балык чарба чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана өркүндөтүлдү, жыл сайын балыктардын баалуу түрлөрүн жасалма жол менен өндүрүү жана балык чарба көлмөлөрүндө балыктын запастарын коргоо боюнча иш-чаралар, планда каралган башка иш-чаралар жүргүзүлдү, бул жалпысынан балык чарба комплексинин ишине оң таасирин тийгизди.
Ошону менен бирге, учурдагы көйгөйлөрдүн көбү чечилбей келүүдө, анын негизги себеби балык чарба комплексине инвестицияларды тартуу үчүн жеке секторго мамлекет тарабынан жетиштүү дем берилбегендик, негизги структураны түзүүчү өндүрүштөрдүн (балык ресурстарын жасалма жол менен өндүрүү, балык жемин өндүрүү, балык уулоочулукту жана аквакультура) тең салмаксыздыгы, балык чарба субъекттери үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн мамлекеттик колдоонун жетишсиздиги болуп саналат.
Учурда өлкөдөгү калктын сапаттуу жана арзан баадагы балык продукциясына болгон суроо талабы өсүүдө, бул Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын (мындан ары - Программа) кабыл алуунун зарылдыгын шарттайт.
"Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасынын 5.1.12-пунктуна ылайык Балык чарбасын жана аквакультураны өнүктүрүү программасы иштелип чыккандыгын белгилей кетүү керек. Алсак Программаны ишке ашыруу товардык балыктын өндүрүшүн көбөйтүүгө, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, өлкөнүн жарандарынын тамактануу рационун жакшыртууга, региондордо жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Программа балык уулоочулукту жана аквакультураны туруктуу башкаруу чараларын ишке ашырууга багытталган жана аны өнүктүрүүгө бирдиктүү мамилени талап кылат, ал өндүрүштүк маселелерди чечүү менен бирге экосистемалардын бүтүндүгүн сактоо зарылдыгын, коомдук максаттарды колдоону, жаратылыш ресурстарын биргелешип башкарууну эске алат.
1. Кыргыз Республикасында балык уулоочулуктун жана аквакультуранын абалын талдоо
1.1. Балык чарба ишинин шарттары жана натыйжалары
Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны жүргүзүүгө мүмкүн болгон көлдөрдүн, суу сактагычтардын, жасалма көлмөлөрдүн жалпы аянты 701 100дөн ашуун гектарды түзөт. Өлкөнүн көлмөлөрүндө балыктын 70тен ашык түрү жашайт, бирок түрлөрдүн чектелген саны гана өнөр жайлык баалуулукка ээ. Азыркы учурда ири балык чарба көлмөлөрүндөгү болгон балык ресурстары илимий жактан негизделип бааланган эмес. Эксперттик баалоолор боюнча өнөр жайлык негиздеги балык уулоо үчүн ири көлдөр менен суу сактагычтардын табигый балык өндүрүмдүүлүгүнүн потенциалы табигый балык жеминин базасына жараша 0,5тен 7,5ке чейинки кг/га түзөт.
Мурдагы жылдарда балыктардын баалуу түрлөрүн Кыргызстандын көлмөлөрүндө климатташтыруу боюнча жүргүзүлгөн иштер көлмөлөрдүн өнөр жайлык потенциалын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берди. Бирок акыркы жылдары ири көлдөр менен суу сактагычтардын балык өндүрүмдүүлүгү төмөндөдү. Сарамжалсыз балык уулоо, массалык браконьердик, балыкты жасалма жол менен өндүрүүгө жетиштүү чаралардын көрүлбөгөндүгү терс таасирин тийгизди. Балык ресурстарын калыбына келтирүү максатында Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык кармоого 2008-жылы киргизилген мораторий күтүлгөн натыйжаларды берген жок.
Акыркы жылдары товардык балыктарды өндүрүү түзүмүндө жасалма көлмөлөрдө жана суу сактагычтарда өстүрүлгөн балыктар көбөйдү, бул балык чарбасына өздөштүрүлгөн көлмөлөрдүн көбөйүшү менен шартталган. Ошол эле учурда мыйзамдык чектөөлөрдөн улам садоктордо балык өндүрүү кескин түрдө азайган. 2018-жылы балык чарба комплексинин бардык секторунда балыктын суммардык өндүрүшү максимумга жетип, 2577 тоннаны түздү.
Кыргыз Республикасында товардык балыкты өндүрүүнүн динамикасы
1-таблица
Жылдар | 2013-жыл | 2014-жыл | 2015-жыл | 2016-жыл | 2017-жыл | 2018-жыл |
Кармалган балык, тонна | 654,0 | 805,3 | 1100,3 | 2020 | 2138,4 | 2577,0 |
(*) КР АЧТММ Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин көрсөткүчтөрү.
1.2. Өнөр жайлык негиздеги, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо
Өнөр жайлык негиздеги балык уулоо. Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык кармоого тыюу салынгандан кийин Кыргыз Республикасында өнөр жайлык негиздеги балык уулоо негизинен балык чарбасына өздөштүрүлгөн ири көлмөлөрдө: Токтогул, Киров, Орто-Токой жана Базар-Коргон суу сактагычтарында жүргүзүлгөн. Суу сактагычтарда жана көлдөрдө балыктардын өнөр жайлык негиздеги түрлөрү болуп ысык-көл форели - гегаркуни, май канат-лудога, момун балык, каңылтыр-сазан, таран, линь, көк серке, ак амур, макоо балык, жылтыр саналат.
Балык кармоого тыюу салынганга чейин 30га жакын балык чарба субъекттери өнөр жайлык негиздеги балык уулоо жүргүзүшкөн. Балык уулоонун бул секторундагы негизги көйгөйлөр - жогорку өндүрүмдүү балык уулоо жабдууларына жана логистикага инвестициялоо үчүн дем берилбегендик, ошондой эле балык ресурстарын азайтууга алып келген браконьердик.
Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо. Берилген уруксаттамалар (балык кармоого карточкалар жана билеттер) боюнча Чүй, Нарын, Талас, Кара-Дарыя дарыяларында жана алардын куймаларында, бардыгы болуп 30дан ашуун башка дарыяларда балык уулоо жүргүзүлөт. Балыктын 15 түрү ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объекти болуп эсептелет, анын 2си балыктын лимит коюлган баалуу түрүнө кирет (амударья форели жана дарыя османы).
2018-жылы өлкөнүн көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо жана жасалма жол менен өндүрүү максаттарында кармалган балыктын жалпы салмагы 6,4 тоннаны түздү (форель менен осман балыктарын кармоо үчүн сатылган карточкалар жана билеттер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтары).
Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо кызматтарын Кыргыз Республикасынын Мергенчилер жана балыкчылар коомунун союзунун түзүмүнө кирген 8 региондук коомдук уюм көрсөтөт. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо менен алектенген балыкчылардын жалпы саны (элет калкын эске алуу менен) 100000ден ашуун адамды түзөт.
Дарыяларда жана алардын куймаларында балык ресурстарынын азайышы балык уулоонун бул секторундагы өзгөчө курч көйгөйлөрдөн болуп саналат, бул эс алуунун мындай түрүнө болгон суроо талаптын өсүшү жана балык уулоонун интенсивдешүүсү, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы балык чарба ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан балык уулоого карата контролдун начардыгы менен шартталган.
1.3. Аквакультура
Жасалма көлмөлөрдө балык өстүрүү Кыргыз Республикасындагы заманбап аквакультуранын негизги жана өндүрүмдүү багыты болуп саналат.
Учурда жасалма көлмөлөрдөгү суу фондунун жалпы аянты дээрлик 1020 гектарды түзөт, анын ичинде товардык балык өстүрүүгө - 825 га жана жетилте өстүрүүгө - 195 га. Жасалма көлмөлөрдө балык өстүрүү тамактануу мүнөзү боюнча айырмаланган кубулма форель, каңылтыр жана чөп жеген балыктардын түрлөрүн биргеликте өстүрүүгө негизделет. Балыктарды өстүрүү боюнча негизги өндүрүш Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарына туура келет, бул жерлерде бардык балыктардын 75%ынан көбү өстүрүлөт.
Жасалма көлмөлөрдүн азыркы суу фондунда жана балык өстүрүүчү-биологиялык ченемдерди сактоодо өлкөдөгү жасалма көлмөлөрдө балык өстүрүүнүн потенциалы жылына 600 тонна товардык балыкка жетиши мүмкүн.
Учурда жүздөгөн жеке ишканалар жасалма көлмөдө балык өстүрүүнүн субъекттери болуп саналат. Алардан тышкары "Өзгөн балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы жасалма көлмөлөрдө товардык балыктарды өстүрүшөт.
Жабдууларынын өтө эскириши, натыйжасыз логистикасы жана кредит алуу көйгөйлөрү менен бирге жасалма көлмө чарбаларынын эң орчундуу көйгөйлөрү туруктуу каржылоону жана даярдыктан өткөн адистерди талап кылган татаалыраак өндүрүш процесси менен байланышкан. Аквакультуранын бул сектору атайын аралаш жемди, балыктын коё берилүүчү сапаттуу материалдарын (стандартка туура келген), урукту инкубациялоо, балыктын коё берилүүчү материалдарын жана товардык балыкты өстүрүү үчүн атайын жасалган татаал жабдууну, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылат.
Балык чарбаларында өндүрүштү интенсивдештирүү, балыктардын тубар үйүрүн жаңыртуу жана алардын санын өзгөртпөй кармап туруу, органикалык жана минералдык жер семирткичтерди чачуу ж.б. ушул сыяктуу маселелер начар чечилет. Суудагы кычкылтекти анализдөө, андагы кычкылдуулукту, химиялык кошундулардын болушун аныктоо үчүн лабораториялардын жоктугу да көйгөй болууда. Ирригациялык же гидроэнергетикалык максаттар үчүн курулган суу сактагычтардан сууну агызууда балык чарба субъекттеринин кызыкчылыктарын коргоо көйгөйлөрү чечилбеген.
Садокто балык өстүрүү Кыргыз Республикасы үчүн балык өстүрүүнүн келечектүү багыты болуп саналат жана жогорку экономикалык натыйжалуулугу менен айырмаланат. Аны өнүктүрүү үчүн Ысык-Көлдө, Нарын ГЭС кыркасынын көлмөлөрүндө жана башка суу объекттеринде жагымдуу суу-климаттык шарттар бар.
Ысык-Көлдөгү садоктордо балык өстүрүү ишканалары 2011-жылы 230 тонна товардык балыкты өндүргөн. 2013-жылы Ысык-Көлдө кубулма форелди жана сырттан алып келинген жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүүгө жана инкубациялоого тыюу салуу балыктын коё берилүүчү материалдарынын жана товардык балыктын өндүрүшүн токтотууга алып келди.
Садокто балык өстүрүүгө жарактуу болгон башка көлмөлөр дээрлик өздөштүрүлгөн эмес (Күрпсай суу сактагычынан сырткары, мында балык өстүрүүнүн ушул түрү колдонулат). Садокто балык өстүрүү үчүн келечектүү деп саналган Нарын ГЭС кыркасынын суу сактагычтарындагы садокто балык өстүрүү чарбаларынын иши өндүрүш технологиясын суу-климаттык шарттарга (шамалдын жана толкундун режими, суунун температурасы жана агымы) жана +.
Товардык балыктын өндүрүшүн көбөйтүү үчүн олуттуу тоскоолдук болуп балык чарба субъекттерине экономикалык жактан жеткиликтүү толук баалуу жемди чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалардын жоктугу саналат. Жемди сатып алууга сарпталган каражаттар учурдагы өндүрүштүк сарптоолордун негизги бөлүгүн түзөт. Фермерлер импорттолгон кымбат жемди пайдаланууга же болбосо сапаты төмөн ата мекендик өндүрүштөгү жемди сатып алууга аргасыз, бул балыктын өсүшүнө, салмагына жана сапатына терс таасирин тийгизет.
Аквакультуранын өнүгүшүн балыкты кайра иштетүү үчүн чакан өндүрүштүк кубаттуулуктар жана ири калктуу конуштарга сапаттуу, жаңы кармалган жана тирүү балык продукцияларын тез жеткирүү боюнча логистиканын чечилбеген көйгөйлөрү да басаңдатууда.
1.4. Балык ресурстарын жасалма жол менен өндүрүү
Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана жеке ишканалар балыктын коё берилүүчү материалдарын (личинкаларды, майда чабактарды, сеголеткаларды) өстүрүү жана көлмөлөрдү чабактардын баалуу түрлөрү менен балыктандыруу аркылуу балык ресурстарын жасалма жол менен өндүрүшөт. 2018-жылы балык чарба көлдөрүнө жана ири суу сактагычтарга 9,474 млн. даана чабактар коё берилди.
Балык чарба көлмөлөрүн чабактардын баалуу түрлөрү менен балыктандыруу, млн. даана(*)
2-таблица
Балыктын түрү | 2013-жыл | 2014-жыл | 2015-жыл | 2016-жыл | 2017-жыл | 2018-жыл |
Ысык-Көл форели | 1,0 | 0,265 | 0,536 | 0,562 | 0,385 | 0,717 |
Май канат-лудога | 2,6 | 6,5 | 6,720 | 5,2 | 2,870 | 5,320 |
Момун балык | 4,5 | - | - | - | - | - |
Каңылтыр жана балыктын башка түрү | 0,9 | - | 0,250 | 2,29 | 5,025 | 3,437 |
Бардыгы: | 9,0 | 6,7 | 7,5 | 8,052 | 8,28 | 9,474 |
(*) КР АЧТММ Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин көрсөткүчтөрү.
Учурда өндүрүлүп жаткан балыктын коё берилүүчү материалынын көлөмү стабилдүү эмес жана балык чарба көлмөлөрүн балыктандырууга, балык ресурстарын калыбына келтирүүгө жана балык чарба субъекттеринин керектөөлөрүн канааттандырууга жетиштүү эмес.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында балык ресурстарын жасалма жол менен өндүрүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштер мамлекеттик жана жеке балык ишканаларынын чарбалык иштен алынган каражаттарынын жана донордук каражаттардын эсебинен каржыланууда. Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүчүлөр жетиштүү көлөмдө жана туруктуу негизде каржыланбайт, чыгымдарды өндүрүлгөн продукцияны сатуунун эсебинен толтуруу механизми натыйжалуу эмес.
"Тоң балык өстүрүүчү заводу" жана "Өзгөн балык чарбасы" мамлекеттик ишканаларынын өздүк балык өстүрүүчү-өндүрүштүк базалары бар. Ар кайсы түрдөгү 20 млн. даана чабактар бул ишканалардын жалпы долбоордук кубаттуулугун түзөт (ысык-көл форели, май канат-лудога, каңылтыр-сазан, ак амур жана макоо балык). Талас, Соң-Көл, Токтогул жана Базар-Коргон мамлекеттик балык чарбаларынын өздүк балык өстүрүүчү-өндүрүштүк базалары жок жана балыктын коё берилүүчү материалын инкубациялоо жана өстүрүү үчүн цехтери бар балык чарба субъекттери менен келишимдин негизинде иштешет. Алардын товардык балыкты өндүрүү боюнча жалпы потенциалы 1000 тоннаны түзөт.
Учурда мамлекеттик балык ишканалары баштапкы өндүрүштүк потенциалын бир кыйла эле жоготушту, аларда өндүрүштү олуттуу жогорулатуу үчүн кубаттуулуктарынын резерви дээрлик жокко эсе. Бир канча жасалма көлмөлөр жеке ишкерлерге балыктын коё берилүүчү материалын жана товардык балыкты өндүрүү үчүн же болбосо айыл чарба өсүмдүктөрүн (күрүч) өстүрүүгө узак мөөнөттүү ижарага берилсе, айрымдары карыздарды жабуу үчүн сатылып кеткен. Бюджеттик каржылоодогу "Тоң балык өстүрүүчү заводу" мамлекеттик ишканасынан сырткары, башка бардык мамлекеттик балык ишканалары толугу менен чарбалык эсептеги ишканалар болуп эсептелет. Балыктын коё берилүүчү материалын өндүргөн мамлекеттик ишканалардын негизги көйгөйлөрү болуп негизги фонддорду жаңыртуу жана учурдагы өндүрүштүк ишти камсыздоо үчүн финансылык каражаттардын жетишсиздиги, балыктын коё берилүүчү материалдарын сатуу эсептелет.
Балык ресурстарын мамлекеттик ишканалар менен кошо жеке ишканалар да жасалма жол менен өндүрүшөт, алар чабактарды Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө жана Орто-Токой суу сактагычына коё берүү жана кичи көлмөлөрдү, фермердик жана дыйкан балык чарбаларынын жасалма көлмөлөрүн балыктандыруу үчүн өстүрүүгө адистештирилген. Азырынча жеке ишканалар балык чарба комплексинин бул секторунун туруктуу иштеген субъекттери катарында карала элек.
1.5. Мамлекеттик башкаруу
Балык чарба комплексин өнүктүрүүгө мамлекеттик башкарууну мамлекеттик жайыттарды, мал чарбасын жана балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыттар, мал чарба жана балык чарба департаменти (мындан ары - балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы) жүргүзөт. Тоң балык өстүрүүчү заводу, Талас, Соң-Көл, Базар-Коргон, Токтогул жана Өзгөн балык чарбалары анын ведомстволук жана мамлекеттик ишканалары болуп саналат.
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы суу объекттеринин балык өнүмдүүлүгүн жогорулатуу, селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү, балыктын коё берилүүчү материалын өстүрүү жаатындагы иш-чараларды колдоо милдеттерин чечүү үчүн максаттуу каржылоого ээ эмес.
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын балык ресурстарын коргоого байланышкан жөнгө салуучу функциялары башка мамлекеттик органдардын функцияларын өз ара толуктап турат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция), бул балык ресурстарын коргоо жана браконьердикти азайтуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракетин координациялоону күчөтүүнү талап кылат.
Балык чарба комплексин өнүктүрүү чөйрөсүндө пландуу илимий иштин жана жетиштүү сандагы даярдалган адистердин жоктугунан улам бул чөйрөгө илимий колдоо көрсөтүлбөй жатат.
Так көрсөтүлгөн артыкчылыктары менен Балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасынын жоктугу Кыргыз Республикасынын балык чарба комплексиндеги маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда донорлордун натыйжалуу жардам көрсөтүүсүнө шарт түзбөйт.
1.6. Балык уулоочулукту жана аквакультура секторун өнүктүрүүнүн мүмкүндүктөрү жана негизги көйгөйлөрү
Жалпысынан Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүүгө төмөнкүлөр түрткү берет:
- суу объекттеринин болушу, алар натыйжалуу иштеген балык чарба комплексин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет;
- балыкка жана балык продуктуларына болгон ички суроо талаптын өсүшү, ал жергиликтүү өндүрүштү көбөйтүүгө дем берет. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулгандыгына байланыштуу да балык продукциясын сатуу рынокторун кеңейтүү мүмкүндүктөрү бар;
- өндүрүү тажрыйбасы, климатташтырылган балыктардын баалуу түрлөрү. Өлкөдө көптөгөн балык чарба субъекттери иштейт, алар балык продукцияларынын айрым сегменттеринде балык импорттоочулар менен атаандашууга мүмкүндүктөрү бар;
- балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүнү камсыздаган мамлекеттик ишканалардын системасы иштейт;
- жигердүү ишкердик жана балык чарба субъекттеринин өзүн-өзү уюштуруучулугу. Алар түзгөн ассоциациялар мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары, балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана донор уюмдар менен өз ара аракеттешүү боюнча чараларды камсыздашат. Келечекте ассоциациялар кооперацияны өнүктүрүүгө жана балык чарба комплексинин рыноктук инфратүзүмүн түптөөгө катышышат.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын балык чарба комплексин өнүктүрүү төмөнкүдөй бир катар көйгөйлөргө туш болууда:
- Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүүнүн мамлекеттик башкаруусуна концептуалдык мамиленин жоктугу. Өлкөдө балык ресурстарын жасалма жол менен өндүрүү, балык жемин өндүрүү, товардык балыктын өндүрүшүндө заманбап технологияларды колдонуучу балык уулоочулук жана аквакультура сыяктуу балык чарба комплексинин структура түзүүчү секторлорун өнүктүрүү боюнча ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылбайт;
- өлкөнүн ири балык чарба көлмөлөрүндө балык уулоочулук жүргүзүүнүн үзгүлтүктүү практикасынан жана балыктандыруу боюнча программалардын жоюулушунан улам балык ресурстары жоголгон. Көлмөлөрдөгү балык өнүмдүүлүгүнүн начардыгы өнөр жайлык негиздеги балык уулоонун көлөмүнүн жана натыйжалуулугунун өсүшүнө тоскоол болууда;
- балык ресурстарын өндүрүү, балык уулоонун керектөөлөрүн канааттандыруу, балык ресурстарын калыбына келтирүү үчүн көлмөлөрдү балыктын коё берилүүчү материалы менен балыктандырууга мамлекеттик жана жеке ишканалардын учурдагы кубаттуулугунун жетишсиздиги;
- мамлекеттик балык чарбаларынын тике инвестицияларды тартууга жана өндүрүштү жогорулатууга жетиштүү укуктук жана экономикалык мүмкүндүктөрүнүн жоктугу;
- балык чарба комплексин өнүктүрүүнү колдоочу максаттуу мамлекеттик программалардын жоктугу. Балык чарба комплексин өнүктүрүүдө маанилүү финансылык ресурс боло алчу мурдагы балык чарбасын өнүктүрүү фонду азыркы күндө жоюлуп кеткен;
- жогорку инвестициялык тобокелдиктерден улам балык чарба комплексине инвестицияларды тартууга жеке сектордун кызыкдар эместиги көптөгөн балык чарба субъекттеринде өндүрүштүк жабдуулардын моралдык жана физикалык жактан эскиришине алып келди;
- жаңы көлмөлөр (жасалма көлмөлөр), бассейндер үчүн инвестициялардын чектелгендигине, балыкты жана балык продукциясын импорттоочулар арасындагы жогорку атаандаштыкка, ошондой эле бул жаатта маалыматтын жетишсиздигине жана ишкерлерде керектүү билимдин жана көндүмдөрдүн жоктугуна байланыштуу аквакультура жетиштүү эмес өнүгүүдө;
- өлкөдө балык жеминин ири өндүрүшүнүн жоктугу, бул балык тармагын өнүктүрүүнү басаңдатууда. Тоскоолдуктардан болуп баштапкы чоң чыгымдар, балык жемине болгон суроо талаптын жетишсиздиги жана ушуга байланыштуу потенциалдуу инвесторлордун жогорку инвестициялык тобокелдиктери эсептелет;
- браконьердик, ал балык ресурстарын азайтат жана балык өстүрүүчү иш-чаралардын натыйжалуулугун төмөндөтөт. Балык ресурстарын коргоо системасынын төмөн потенциалы браконьерлерге каршы натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк бербейт;
- балык чарба комплексинин ишканаларында иштөө үчүн квалификациялуу кадрлардын (балык ылаңдары боюнча адистештирилген ветеринарлардын жана ихтиопатологдордун) жетишсиздиги.
МБ эскертүүсү: Берилген программанын 1.6-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 1.6-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
2. Максаты жана артыкчылыктары
Программанын максаты: Кыргыз Республикасында заманбап жана туруктуу иштеген балык чарба комплексин түзүү үчүн укуктук жана экономикалык шарттарды түзүү.
Программанын аткарылышы 2023-жылга карата төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетүүгө мүмкүндүк берет: товардык балыкты өндүрүү көлөмү 15100 тоннаны, балык жемин өндүрүү - 33300 тоннаны, балык өстүрүүчү материалды өндүрүү - 40 миллион даана чабакты түзөт.
Программа үч баштапкы артыкчылыктарга ээ. 1-артыкчылыкта табигый көлмөлөрдүн базасында балык өстүрүүнүн, майда масштабдагы өнөр жайлык негизде балык уулоонун, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун негизинде балык өндүрүшүнүн потенциалын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү камтылган.
2-артыкчылыкта каңылтыр жана форель өстүрүүчү майда масштабдагы балык чарба субъекттерине, балык жемин өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, ошондой эле кошумча наркты жана кооперацияны түзүүдө жардам берүү аркылуу аквакультураны ылдамдатып өнүктүрүү камтылган.
3-артыкчылыкта структураны оптималдаштыруу, экосистемалык мамилени эске алуучу конкреттүү жана натыйжалуу иш-аракеттер багытында балык чарба комплексин башкаруу системасын өркүндөтүү, балык чарба комплексинин мамлекеттик ишканаларын реструктуризациялоо боюнча сунуштар, жеке секторго инвестицияларга дем берүү камтылган.
Артыкчылыктар жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, структура түзүүчү өндүрүштү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, эң оболу ири балык чарба көлмөлөрүндөгү балык чарбасын комплекстүү өнүктүрүүнү камсыздоо жолу менен ишке ашырылат.
3. Милдеттер жана чаралар
1-артыкчылык. Табигый көлмөлөрдүн базасында балык өстүрүү жана өнөр жайлык негизде балык уулоо потенциалын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү
1.1-милдет. Табигый көлмөлөрдүн базасында балык өстүрүүнү өнүктүрүүгө дем берүү
Көптөгөн балык чарбалары карп, чөп жеген жана балыктардын башка түрлөрүн өстүрүүнүн негизинде табигый көлмөлөрдүн базасында балык өстүрүүнү өнүктүрүү потенциалына ээ. Көлмөлөр балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга 10 жылга чейинки мөөнөттө ижарага берилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ижара мөөнөтү инвестицияларды тартууга түрткү бербейт. Балык уулоону жана аквакультураны жүргүзүү, аларды экономикалык жана экологиялык туруктуу негизде башкаруу үчүн инвестициялоого жана көлмөлөрдү балыктандырууга жеке секторду кызыктыруу максатында көлмөлөрдү/балык уулоо участокторун колдонуу мөөнөтүн 25 жылга чейин жогорулатуу жолу менен көлмөлөрдү/балык уулоо участокторун узак мөөнөттүү колдонуу системасын өнүктүрүү зарыл.
1.2-милдет. Майда масштабдагы өнөр жайлык негиздеги балык уулоочулукту колдоо
Өлкөдөгү негизги көлмөлөрдүн олиготрофтук мүнөзү ири масштабдагы өнөр жайлык негиздеги балык уулоочулуктун өнүгүшүнө тоскоолдук кылат, бирок майда масштабдагы балык уулоочулукту өнүктүрүүгө белгилүү бир потенциалды сактап келет.
Ушундай шарттарда Ысык-Көл, Соң-Көл сыяктуу ири көлдөрдө жана башка көлмөлөрдө балык уулоочулукту ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жеке сектордун биргелешип башкаруу (тең башкаруу) системасы эл аралык практикада өзүн жакшы жактан көрсөткөн эң алгылыктуу модель болуп эсептелет. Балык уулоочулукту биргелешип башкаруу боюнча моделди балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен балык чарба субъектилеринин ортосунда тиешелүү келишимди түзүү аркылуу балык уулоочулукту биргелешип башкаруу укугун балык чарба субъектилерине берүү жолу менен киргизүү зарыл.
Өлкөдөгү негизги көлмөлөрдүн олиготрофтук мүнөзү ошондой эле ресурстарды экологиялык жактан туруктуу пайдалануунун талаптарына ылайык жүргүзүлүшүн шарттайт. Балык ресурстары жөнүндө факт жүзүндөгү маалыматтарды так эсепке алууга негизделген квоталаштырууну балык чарба субъектилеринин өздөрүнүн катышуусунда киргизүү балык чарбасынын бул секторунун кирешелүү жана туруктуу болуусуна мүмкүндүк берет.
1.3-милдет. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту жөнгө салууну жакшыртуу
Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулук жарандардын суроо-талаптары өсүп бара жаткан эс алуунун бир түрү катары жана балык чарбасын өнүктүрүү үчүн финансы ресурстарын түзүүнүн негизги булактарынын бири катары каралат.
Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту өнүктүрүү балык уулоо объектилерин пайдалануунун шарттарын өзгөртүүнү талап кылат, алар уруксат берүүлөрдү сатуунун жана алынган каражаттарды пайдалануунун абдан так механизмдерине, колдо болгон балык ресурстарын, экологиялык чектөөлөрдү ж.б. эсепке алууга негизделиши керек. Ошондой эле уруксат берүүлөрдү сатуу жана алынган каражаттарды пайдалануу жөнүндө маалыматты берүүнүн айкын жана жеткиликтүү механизмдерин иштеп чыгуу керек, түшкөн каражаттардын бөлүгү балык запастарын сактап калуу максатында көлмөлөрдү балыктандыруу иштерине жумшалышы керек.
Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту өнүктүрүү туризмди өнүктүрүүгө жана иш орундарын көбөйтүүгө жагымдуу өбөлгөлөрдү түзүү максатында иштин ушул түрүнүн өнүгүүсүнүн планын түзүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө коомдук уюмдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, эс алуу жана туризм мекемелеринин, башка кызыкдар тараптардын катышуусун талап кылат.
1.4-милдет. Балыктын коё берилүүчү материалдарын өндүрүүнү колдоо
Өндүрүштүн бул сектору бүтүндөй балык чарба комплексин өнүктүрүү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Мамлекеттик жана жеке балык өстүрүүчү ишканалардын азыркы учурдагы өндүрүштүк потенциалы жайыт түрүндөгү балыкчылыкты, майда масштабдуу өнөр жайлык негиздеги балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү үчүн көлмөлөрдү балыктандыруу муктаждыктарын камсыздай албайт. Өндүрүштүн бул секторунда жеке инкубациялык цехтердин санын көбөйтүү иштин бул түрүнүн кирешелүүлүгүнүн төмөндүгүн көрсөттү.
Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүгө инвестицияларды өбөлгөлөө жана натыйжалуулугун өстүрүү үчүн экономикалык туруктуу иш-аракеттин негиздерин түзө турган бул продукцияны керектөөчүлөр менен мамилелердин жаңы механизмин ишке киргизүү керек. Ушул максатта балыктандырылып жаткан жалпы пайдалануучу балык чарба көлмөлөрүндө, дарыяларда жана куймаларда балык уулоо квоталарынын баасына инкубациялык цехтердин чыгымдарын киргизүү жолу менен ал чыгымдардын кандайдыр бир бөлүгүнүн ордун толтуруу зарыл.
Ошондой эле негизги балык чарба көлмөлөрүн (Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүн, Токтогул, Киров жана Базар-Коргон, Орто-Токой суу сактагычтарын) балыктандыруу үчүн мамлекеттик жана жеке балык өстүрүү ишканаларынын ортосундагы атаандаштык шарттарында балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебиндеги каражаттардын эсебинен балык өстүрүү ишканаларынын продукциясына болгон суроо-талапты камсыздоо максатында заказдарды ар дайым орундатуу жана балык ресурстарын илимий негизделген деңгээлде калыбына келтирүү зарыл.
Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүнүн туруктуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн камсыздоочу маанилүү звено болуп иштин бул түрүнө адистешкен мамлекеттик балык чарба ишканалары эсептелет. Алар үчүн инкубациялык цехтерди курууга, техникалык жабдуулар менен камсыздоого жана иштин кирешелүүлүгүнө экономикалык жактан өбөлгө түзүүгө жеке инвестицияларга жол ачуу керек, зарылдыкка жараша аларды реструктуралоо зарыл.
Инкубациялык цехтерге донордук жардамды пайдалануу менен даректүү техникалык, ошондой эле тышкы инвестицияларды тартууну кеңейтүү жаатында консультациялык колдоо көрсөтүүнү камсыздоо зарыл.
Күтүлүүчү натыйжалар
Майда масштабдуу балык чарбасына жеке сектордун инвестицияларынын туруктуу өсүшү балык продукциясын өндүрүүнүн көбөйүшүнө алып келет.
Спорттук жана ышкыбоздук балык уулоочулук секторундагы уруксаттарды берүү системасынын натыйжалуулугун жана айкындыгын жогорулатат, алардын көбүрөөк сатылышына алып келет жана балык чарбасындагы долбоорлорду каржылоонун ири булагынын пайда болуусун камсыздайт.
Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүү иштин экономикалык жактан пайдалуу түрү болуп эсептелет, инкубациялык цехтерге жеке инвестицияларды тартуу жогорулайт.
Балыктын коё берилүүчү материалын мамлекеттик жана жеке өндүрүүчүлөрдүн инвестицияларды тартуу жөндөмдүүлүгү өсөт, тутумдаштыруучу функцияларды аткаруу үчүн балык чарба комплексиндеги бул сектордун өндүрүштүк потенциалы түзүлөт.
2-артыкчылык. Аквакультура өндүрүшүн ылдамдатып өнүктүрүү жана өстүрүү
2.1-милдети. Аквакультуранын майда масштабдуу балык чарба субъектилерин колдоо
Өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстардын жетишсиздиги ресурстары чектелген балык чарба субъектилери үчүн аквакультуранын экономикалык жактан иштеп кетүүгө жөндөмдүү, аз жана орто чыгымдуу өндүрүштүк моделдерин (көлмө, садоктук жана бассейндик) иштеп чыгуу зарылдыгын шарттайт. Өндүрүштүк моделдер аквакультурада болгон долбоорлордун экономикалык натыйжалуулугун камсыздоо керек жана ошондой эле финансылык ресурстар менен технологияларга, жаратылыш ресурстарына - сууга, жерге, жемге жана лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө ж.б. жетүү проблемаларын чечүүгө түрткү бериши керек.
Бул моделдерди пайдалануу менен аквакультуранын карп жана форель өстүрүүчү балык чарба субъектилерин түзүүнү өбөлгөлөө керек жана техникалык колдоо көрсөтүү, финансылык каражаттарга жана кредиттерге жетүүнү жакшыртууга көмөктөшүү аркылуу алардын өнүгүшүнө түрткү берүү зарыл.
Аквакультура секторунда үлгүлүү моделдик балык чарба субъектилерин түзүү үчүн садоктордо балык өстүрүүдө, көлмө чарбаларында (карп жана форель өстүрүү) пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү зарыл. Алынган тажрыйба нарктын чынжырчасын түзүүгө жана логистиканы жакшыртууга, кооперацияны өнүктүрүүгө техникалык колдоо көрсөтүү менен балык чарба субъектилеринин арасына жайылтылышы керек.
Садокто балык өстүрүүчү чарбалар эң оболу Жалал-Абад облусунда өнүгө баштайт (Токтогул, Күрп-Сай жана Таш-Көмүр суу сактагычтары), бул жерге 800гө жакын, ошондой эле Ысык-Көл облусунда 200гө чейин садокторду орнотуу белгиленүүдө. Бассейнде балык өстүрүүчү чарбалар Чүй жана Ысык-Көл облустарында өнүгө баштайт, ар бир облуста 200-300гө чейин, башка облустардын ар биринде 100-150дөй бассейн орнотулат.
Аквакультурадагы балык чарба субъекттерин алдыңкы заманбап башкаруу методдорун колдонуу тажрыйбасын, продукциянын сапатын жогорулатууну өбөлгөлөө жана тышкы рынокторго экспорттоо методдорун жайылтуу балык чарба субъектилеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Бул маселелер балык чарба ассоциацияларынын жана жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен чечилет.
2.2-милдет. Аквакультура субъектилеринин маалымдуулугун жогорулатуу жана садоктордо балык өстүрүү технологияларын жергиликтүү шарттарга ыңгайлаштыруу
Учурда аквакультурага жумшалуучу жеке инвестициялар үчүн чоң кооптуулук ишенимдүү инвестициялык чечимдерди кабыл алуу жана садоктордо балык өстүрүү технологияларына жетүү үчүн маалымдоо жаатында балык чарба субъектилерин колдоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын шарттайт.
Садоктордо жана бассейнде балык өстүрүү үчүн Кыргыз Республикасындагы көлмөлөрдүн суу-климаттык, географиялык жана өндүрүштүк шарттарын баалоо зарыл.
Жыйынтыктар боюнча эл аралык тажрыйбаны жана ата мекендик алдыңкы практикаларды эске алуу менен садоктордо балык өстүрүү технологияларын өндүрүштүк максаттарда суу сактагычтардагы сууну агызуу менен байланышкан суу деңгээлинин сезондук туруксуздугунун чоң амплитудасынын жергиликтүү шарттарына ыңгайлаштыруу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Садоктордо балык өстүрүүнүн ыңгайлаштырылган технологияларынын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында балык чарба субъектилеринин өкүлдөрүн окутууну колдоо, донордук жардамды тартуу менен балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын консультациялык колдоону камсыздоо зарыл.
Күтүлүүчү натыйжалар
Өндүрүштүн ургаалдуулугунун олуттуу өсүшү жана балык продукциясынын көлөмүнүн өсүшү.
Аквакультура өндүрүшүнүн өсүшү үчүн бардык негизги шарттар, ресурстарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун жакшы жолго коюлгандыгы менен камсыздалат. Бул сектор жеке сектордун инвестицияларына жагымдуу багыт болуп калат.
Аквакультурада кошумча нарктын натыйжалуу чынжырчалары түзүлөт, бул балык чарба субъектилеринин кирешелүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатат.
3-артыкчылык. Балык уулоочулукту жана аквакультураны натыйжалуу башкаруу
3.1-милдет. Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын кайра түзүү
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын кайра түзүү балык чарба комплексин мамлекеттик башкарууну жакшыртуунун зарыл өбөлгөсү болуп саналат. Иш милдеттик талдоо жүргүзгөндөн кийин, балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын башкаруунун түзүмүн балык чарба комплексин башкаруу жаатында ушул Программанын артыкчылыктарына толук ылайыкташтырып кайра түзүү керек.
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгына болгон жоопкерчилигин жогорулатуу максатында пландардын, аткаруунун жана жыйынтыгынын, ошондой эле жетекчилер менен кызматкерлердин жоопкерчилигин жекелештирүүнүн ортосундагы байланышты эске алган иштин так жана контролдонуучу көрсөткүчтөрүн киргизүү зарыл.
Балык чарба субъектилеринин жана ассоциациялардын өнөктөштүгүн жакшыртуу Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун фактору болуп калат.
3.2-милдет. Туруктуулук жана комплекстүүлүк принциптеринде балык чарба комплексин өнүктүрүүнүн конкреттүү максаттарына багытталган чараларды иштеп чыгуу
Балык чарба комплексинин мамлекеттик ишканаларынын уюштуруу-укуктук формасын реструктуралоо жана өзгөртүү боюнча сунуштарды даярдоо зарыл. Балык чарба комплексин өнүктүрүү кызыкчылыктарына жооп бербеген чечимдерди башкаруу органынын кабыл алуусуна мамлекеттин жол бербөө мүмкүндүгү сакталышы керек.
Мамлекеттик ишканаларды сырткы инвестициялар үчүн реструктуралоо аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен чыгымдарды жумшабоого мүмкүндүк берет.
Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндөгү жана Базар-Коргон, Орто-Токой, Токтогул, Киров суу сактагычтарындагы балык чарба комплекстери программалык-максаттуу ыкмаларды колдонуунун, негизги түзүмдөштүрүүчү өндүрүштү (балык ресурстарын жасалма жол менен көбөйтүү, балык жемин өндүрүү, балык уулоочулук жана аквакультура) теңдештирип өнүктүрүүнүн, балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен жеке сектордун балык уулоочулукту биргелешип башкаруу системасын киргизүүнүн негизинде аймактык принцип боюнча (аймактык балык чарба комплекстерин өнүктүрүү) өнүгөт. Бул комплекстерде экосистемалардын туруктуулугун камсыздоого, узак мөөнөттүү негизде биологиялык түрдүүлүктү сактап калууга багытталган экосистемалык ыкма, социалдык факторлорду эсепке алуу колдонулат.
Аймактык балык чарба комплекстерин өнүктүрүү боюнча тиешелүү чечимдер ачык-айкындуулуктун, коомдук макулдашуунун негизинде, балык чарба субъектилеринин жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын эске алып, башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине аларды катыштыруу менен кабыл алынат.
Программанын ийгиликтүү ишке ашырылуусунун негизги критерийлеринин бири болуп жаратылыш ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана экологиялык ченемдерди сактоо саналат. Учурдагы көлмөлөрдүн жана дарыялардын балык өндүрүмдүүлүгүн, экологиялык жана эпизоотиялык жагдайын жана балык чарба-мелиоративдик абалын баалоо үчүн инвентаризациялоо жүргүзүү, балык чарба көлмөлөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн кадастрдык баалоо ж.б. камтыган жалпы мамлекеттик реестрди иштеп чыгуу зарыл.
Балык чарба продукциясын экспорттоонун өсүшүн камсыздоо потенциалдуу сатуу рынокторуна маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзүүнү жана болгон мүмкүндүктөр жөнүндө балык чарба субъекттерин маалымдоону талап кылат. Экономиканы санариптик трансформациялоо программаларынын алкагында маалыматтык колдоо механизмин түзүү да балык продукциясын ички жана тышкы рынокторго натыйжалуу чыгарууга мүмкүндүк берет.
Балык чарба субъекттеринин инвестициялоо жана инновация чөйрөлөрүндөгү стратегиялык демилгелерин колдоону камсыздоо, баштапкы кооптуу чыгымдарды талап кылган балык чарба комплексинин секторлоруна чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартууга жардам берүү, ошондой эле жеке сектор үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү зарыл.
Балык чарба комплексине жеке инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана кредит берүүнү өстүрүү үчүн инвестициялоонун булактары менен мүмкүндүктөрүн аныктоо ишин жүргүзүү, ошондой эле өнүктүрүү институттары менен банк мекемелеринин өз ара аракеттенүү механизмдерин оптималдаштыруу керек.
Донордук жардамды пайдалануу ыкмасын өзгөртүү, аны Программанын максаттарын ишке ашырууга багыттоо, мезгил-мезгили менен макулдашууларды жүргүзүү жана донор уюмдардын ишин пландаштыруу, жетишкен натыйжаларды биргелешип баалоо зарыл.
3.3-милдет. Балык чарба ассоциацияларын техникалык колдоону камсыздоо
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы балык чарба комплексинин ассоциацияларына институттук потенциалды бекемдөө, кадрларды кайра даярдоо өздүк программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча техникалык жардамды дагы камтыган колдоо көрсөтүүнү камсыздоосу зарыл.
Дайыма ишти жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ассоциациялар - балык чарба субъекттеринен турган консультативдик аянтча түзүү керек.
Көлмөлөрдү/балык уулоочу участокторду узак мөөнөттүү пайдаланууга берүү, биргелешип башкаруу режимдерин киргизүү, кооперацияны өнүктүрүү маселелери боюнча чечимдердин айкын болушу үчүн мындай чечимдерди даярдоого ассоциациялардын катышуусун камсыздоо зарыл.
3.4-милдет. Мыйзамдарды жакшыртуу
Кыргыз Республикасында ишкердикти Жүргүзүү үчүн бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жалпы мамлекеттик иш-аракеттер планынын алкагында жүргүзүлөт.
Ошондой эле балык чарба комплексине инвестицияларды тартуу үчүн энелик балыктардын үйүрүн топтоо боюнча ишти жөнгө салуу, балык өстүрүүчү материалды инкубациялоо жана өстүрүү үчүн көлмөлөрдү пайдаланууда салык оордугун жеңилдетүү маселелери тууралуу чечимдер талап кылынууда.
Мындан сырткары көлмөлөрдөн сугат жана гидроэнергетика максатындагы көлмөлөрдө сууну иштетүүдө аквакультурадагы балык чарба субъекттеринин кызыкчылыктарын коргоо механизмин жакшыртуу зарыл.
Мыйзамдын өзгөртүүлөрү балык чарбасын башкарууга экосистемалык мамилени камтуусу, ошондой эле балык чарба субъекттерин өнүктүрүү үчүн финансы ресурстарына жана технологияларга жетүүнү кошо алганда бирдей шарттарды түзүүсү керек.
3.5-милдет. Браконьердикке каршы күрөшүү жана өнүктүрүү милдеттерин чечүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык запастарын коргоо, мыйзамсыз жана жөнгө салынбаган балык уулоого (браконьердикке) каршы күрөшүү - ведомстволор аралык эң маанилүү маселелердин бири жана тиешелүү ыйгарым укуктары бар ведомстволордун иш-аракеттерин координациялоону жакшыртууну талап кылат.
Браконьердикке каршы күрөшүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды, жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу, ошондой эле балык коргоо ишинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ар кандай мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттери үчүн мониторингдөө, контролдоо жана көзөмөлдөө чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл.
Браконьердикке каршы күрөшүүгө биргелешип башкаруу механизмин колдонуунун алкагында ыктыярдуу негизде балык чарба субъектилерин тартуу зарыл. Алардын катышуусу биргелешип башкаруу жөнүндө тиешелүү макулдашууларда чагылдырылат.
Программанын секторлор аралык милдеттерин чечүү, кызыкдар мамлекеттик мекемелердин (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, балык чарба субъектилеринин ассоциацияларынын, жарандык сектордун уюмдарынын, донордук уюмдардын иш-аракеттерин координациялоону жакшыртуу үчүн келип чыккан проблемаларды кыска мөөнөттө чечүүгө мүмкүндүк берген өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмин түзүү зарыл.
Күтүлүүчү натыйжалар
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы балык чарба комплексин өнүктүрүүнүн иштиктүү органы болуп саналат, анын түзүмү Программанын милдеттерин чечүүгө багытталган.
Балык чарба субъекттеринин санынын жана потенциалынын өсүшү, балык чарбасынын экспортко багытталышынын жогорулашы, ошондой эле донордук колдоонун натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн.
Балык чарба субъектилеринин катышуусунда балык чарба көлмөлөрүндө браконьердикти кыскартуу.
Браконьердикке каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоону жакшыртуу.
2023-жылга карата балык чарба субъекттеринин товардык балыкты өндүрүүдөн жана сатуудан түшкөн жалпы дүң кирешеси (пайдасы) 3,02 млрд. сомду түзөт. Балык чарба комплексинде кошумча 37,1 миң жумуш орундары түзүлөт.
4. Ишке ашыруу этаптары
Программа аквакультура жана балык уулоочулук секторлорун эки этаптуу өнүктүрүүнү болжолдойт.
I этап (2019-2020-ж.). Жеке секторду өнүктүрүү, инвестицияларды, донордук колдоолорду тартуу үчүн укуктук жана бизнестик жагымдуу шарттарды түзүү. Бул этаптын алкагында негизги чараларды төмөнкү тармактарга багыттоо зарыл:
- аквакультура менен балык чарбасындагы жеке менчик секторун өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук жана бизнес шарттарын түзүүнү камсыздаган мыйзамдар базасын өркүндөтүү;
- Программанын максаттарына жана милдеттерине ылайык балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмүн өркүндөтүү жана потенциалын өнүктүрүү;
- иши балык чарба комплексинин экономикалык түзүмүн (балык өндүрүү заводдору, балык питомниктери, өндүрүүчү-товардык балык өстүрүүчү комплекстер, балык жемдерин өндүрүүчүлөр) калыптандыруучу балык чарба субъектилеринин өндүрүштүк потенциалынын өсүшүн колдоо.
Бул этапта балык чарба ишинин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жолу менен жеке инвестициялардын өсүшү болжолдонот. Финансы ресурстарынын булагы - өнүктүрүү институттарынын ресурстарын пайдалануу менен жеке инвестициялар, донорлордун техникалык колдоосу.
II этап (2021-2023-ж.). Бул этаптын алкагында негизги чаралар төмөнкү тармактарга багытталат: жеке сектордо аквакультуранын жаңы жана алдыңкы технологияларын жайылтуу; балык чарба субъекттерине өндүрүштүк потенциалынын андан ары өсүшү, тышкы рынокторго чыгуусу үчүн колдоо көрсөтүү; өндүрүштү жана логистиканы уюштуруунун заманбап моделдерин өнүктүрүү; ихтиопатологиялык колдоону жакшыртуу; аймактык балык чарба комплекстеринин өнүгүүсүн башкаруу механизмдерин өркүндөтүү.
Бул этапта жеке инвестициялоону улантуу, балык чарба ишинин субъектилеринин туруктуулугунун жана өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү болжолдонууда.
5. Кооптуулуктар жана коркунучтар
Жеке сектордун инвестициялык жигердүүлүгү балык чарба комплексинин ишине таасирин тийгизүүчү көптөгөн сырткы факторлорго дуушар болот, алар: макроэкономикалык, социалдык-экономикалык ж.б. Ушул факторлордун мүмкүн боло турган жагымсыз өнүгүшү балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүгө, жайыттык, өнөр жайлык балык уулоого жана аквакультурага терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышуусу ЕАЭБге мүчө болгон балык тармагы жакшы өнүккөн мамлекеттердин ичинен балык продукциясын өндүрүүчүлөр тарабынан ички рыноктогу атаандаштыкты күчөтөт. Ички рынокто ата мекендик балык чарба субъектилеринин үлүшүн сактап калуу жана көбөйтүү маселесин чечүү Программада каралган эң биринчиден, алардын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу жаатындагы чараларды/иш-аракеттерди толук эмес/өз убагында эмес аткарууда татаалдашып кетиши мүмкүн.
Узакка созулган кургакчылык мезгилде суу ресурстары азайышы мүмкүн, бул бир жагынан, сугатка жана электр энергиясын өндүрүүгө кызыкдар субъектилер менен экинчи жагынан, бул көлмөлөрдү пайдаланган балык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда атаандаштык мамилелердин өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Мындай кырдаалда сугат жана электр энергиясын өндүрүү маселелеринин приоритеттүүлүгүнөн улам балык чарба субъектилерине олуттуу зыян келтирилиши мүмкүн.
Программаны ишке ашыруу балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын башка мамлекеттик органдар менен ишин туруктуу координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин органдарынын, ошондой эле ишкерлердин ортосундагы коммуникациялардын жетишсиз деңгээли Программанын максаттарына жетүүгө бир топ тоскоолдук келтирүүсү мүмкүн.
Учурдагы кооптуулуктар жана коркунучтар сапаттуу баалоону жана Программанын максаттарына жетүү үчүн аларга байланышкан зыянды четтетүү же бир кыйла төмөндөтүү керек болгон каршы күрөшүү чараларын көрүүнү талап кылат.
6. Ресурстук камсыздоо
Программаны аткаруу үчүн негизги ресурстар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик бюджет, анын каражаттары балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ишин (административдик-чарбалык чыгымдар) каржылоого багытталат. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан 2019-2023-жылдарга күтүлүүчү каржылоо 75,85 млн. сомду, анын ичинде 2019-2021-жылдарга карата 45,0 млн. сомду түзөт;
- балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атайын эсеби, анын каражаттары балыктардын баалуу түрлөрүн жасалма жол менен өндүрүү, балык запастарын коргоо, балык ресурстарына мониторинг жана изилдөөлөрдү жүргүзүү ж.б. иш-чараларды жүргүзүү үчүн пайдаланылат. 2019-2023-жылдары күтүлүүчү каражаттар 10 млн. сомду түзөт;
- балык уулоочулуктун балык чарба субъектилерин, аквакультураны, жем өндүрүүнү, ошондой эле логистика субъектилерин жеке инвестициялоо. Товардык балыкты, балыктын коё берилүүчү материалын жана балыктын жемин 2019-2023-жылдарга карата өндүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн зарыл болгон жеке секторду инвестициялоонун суммалык көлөмү 2653,6 млн. сомду түзөт, анын ичинде 2019-ж. - 268 млн. сом, 2020-ж. - 1085,9 млн. сом, 2021-ж. - 1299,7 млн. сом;
- сектордун өнүгүшүн колдоого багыттала турган донордук финансылык жана техникалык жардамдар жана окутуу, техникалык колдоо, заманбап технологияларга жана жабдууларга жетүүгө колдоо көрсөтүү кирет. Кыргыз Республикасындагы ФАО уюму "Кыргыз Республикасындагы аквакультураны жана балык уулоочулукту туруктуу өнүктүрүү" (GCP/KYR/012/FIN) долбоорун 2018-2020-жылдары ишке ашырат. Долбоордун бюджети 700 миң еврону түзөт (55,664000 сом, эсептешүү күнүндөгү курс боюнча бир евро 79,52 сомго барабар).
ФАО долбоорунун алкагында: "Тоң балык өндүрүү заводу" мамлекеттик ишканасынын жана "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик мекемелеринде инкубациялык цехтерди куруу; ар бир цех 72 м2 түзүп, балыктардын сига жана карп түрлөрүнүн икрасын инкубациялоо үчүн колдонулат; программалык документтердин жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого техникалык жардам; консультацияларды берүү пландаштырылууда.
7. Мониторинг жана баалоо
Программаны аткарууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо стратегиянын максаттарына жетүү жана милдеттерди аткаруу боюнча чаралардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Мониторинг Программанын кабыл алынган көрсөткүчтөрү боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы топтогон маалыматтын негизинде жетишилген прогресске кылдаттык менен талдоо жүргүзүлүп, иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндөгү алсыз жактары менен кемчиликтери аныкталат. Өкмөттүк эмес сектордун уюмдары мониторинг жана баалоо иштерине туруктуу негизде тартылышат, эгерде алардын ишин каржылоо булактары болсо.
Мониторинг жана баалоо үчүн маалымат булактары болуп мамлекеттик статистика, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары, башка мамлекеттик уюмдар тарабынан берилген маалыматтар эсептелет. Ошондой эле мониторинг жүргүзүүдө балык чарба субъектилеринен жана региондордун калкынан келип түшкөн маалыматтар пайдаланылат.
8. Глоссарий
Аквакультура - суу биоресурстарынын өндүрүштүк запастарын толуктоо же товардык продукцияны алуу максатында, адамдын контролдоосу алдында жүргүзүлүүчү балыктарды, башка суу жаныбарларын жана өсүмдүктөрдү көбөйтүү, багуу жана өстүрүү боюнча иштин түрү.
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти.
ЕАЭБ - Евразия экономикалык бирлиги.
АЧТММ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.
Олиготрофтук көлмө - алгачкы продуктуулуктун (биогендик элементтердин аз өлчөмү) деңгээли төмөн болгон көлмө.
Биргелешип башкаруу - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ресурстарды пайдалануучулар менен башкаруу укугун бөлүшкөн башкаруу процесси, мында тараптардын ар бири белгилүү укуктарга жана милдеттерге ээ.
ФАО - БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму.