Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 546
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасы, 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, 2-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Артыкчылыктар/Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
Максаты: Кыргыз Республикасында заманбап жана туруктуу иштөөчү балык чарба комплексин түзүү үчүн укуктук жана экономикалык шарттарды түзүү | |||||
1-артыкчылык. Табигый көлмөлөрдүн базасында балык өстүрүү жана өнөр жайлык негизде балык уулоочулук потенциалын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү | |||||
1 | 1.1-милдет. Табигый көлмөлөрдүн базасында балык өстүрүүнү өнүктүрүүгө дем берүү | 1.1.1. Көлмөлөрдү 25 жылга чейинки узак мезгилге ижарага берүү мөөнөтүн жана тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөрүүлөрдү даярдоо жана киргизүү | 2020-ж. IV кв. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 561 токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты. Көлмөлөрдү узак мезгилге ижарага берүү мөөнөтүн жөнгө салуу табигый көлмөлөрдүн базасында балык өстүрүүнү өнүктүрүүгө дем берет | АЧТММ |
2 | 1.2-милдет. Майда масштабдагы өнөр жайлык негизде балык уулоочулукту колдоо | 1.2.1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жеке сектордун балык уулоочулукту биргелешип башкаруу (кошо башкаруу) системасынын негизинде балык уулоочулукту башкаруу моделин иштеп чыгуу | 2019-ж. IV кв. | Балык уулоочулукту башкаруу модели биргелешип башкаруу системасынын негизинде иштелип чыкты. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жеке секторго карата кошо башкаруу моделин колдонуу өз ара кызыкчылыктарды эске алууну жана башкаруунун натыйжалуу өсүшүн камсыз кылат | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
1.2.2. Төмөнкү ири көлмөлөрдө балык уулоочулукту кошо башкаруу моделин киргизүү: | 2020-ж. IV кв. - 2021-ж. IV кв. | Ири көлмөлөрдө кошо башкаруу моделин киргизүү балык чарба субъекттеринин кеминде 50%ын башкарууга катыштыруу үчүн шарт түзөт, бул ошол көлмөлөрдөгү майда масштабдагы өнөр жайлык негизде балык уулоочулукту өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
- Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө | 2020-ж. IV кв. | Кошо башкаруу модели Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө жана Орто-Токой суу сактагычында киргизилди. Кошо башкаруу модели Орто-Токой, Токтогул, Киров жана Базар-Коргон суу сактагычтарында киргизилди |
| ||
- Орто-Токой суу сактагычында | 2020-ж. IV кв. | ||||
- Токтогул суу сактагычында | 2021-ж. IV кв. | ||||
- Киров суу сактагычында | 2021-ж. IV кв. | ||||
- Базар-Коргон суу сактагычында | 2021-ж. IV кв. | ||||
3 | 1.3-милдет. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту жөнгө салууну жакшыртуу | 1.3.1. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулук үчүн көлмөлөрдү колдонуу механизмин иштеп чыгуу жана иш жүзүндө пайдалануу, ал уруксаттарды сатуу жана түшкөн каражаттарды коомдук уюмдар, эс алуу жана туризм мекемелери (пансионаттар, эс алуу жайлары, туристтик компаниялар ж.б.) тарабынан пайдалануу эрежелерин конкреттештирет, жеткиликтүү болгон балык ресурстарын жана экологиялык чектөөлөрдү эске алат ж.б. | 2019-ж. IV кв. | Иштелип чыккан ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулук боюнча нускама. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту өнүктүрүү үчүн оңтойлуу шарттарды түзүү туристтик уюмдар үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түзөт | АЧТММ, мергенчилер жана балыкчылар коомдук бирикмелери (макулдашуу боюнча), балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
1.3.2. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту популяризациялоо боюнча чараларды ишке ашыруу | 2020-ж. I кв. | Чараларды ишке ашыруу ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту өнүктүрүү мүмкүндүктөрү тууралуу маалымдуулукту жогорулатат. Уруксаттарды сатуунун өсүшү аталган ресурсту ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту өнүктүрүү үчүн негизги ресурстардын бирине айландырууга шарт түзөт | АЧТММ, туризм чөйрөсүндөгү коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
4 | 1.4-милдет. Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүнү колдоо | 1.4.1. Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын бир бөлүгүн жалпы пайдалануудагы балыктандырылуучу балык чарба көлмөлөрүндө, дарыяларда жана алардын куймаларында балык өндүрүүгө болгон квоталардын баасына киргизүү жолу менен өндүрүүчүлөрдүн экономикалык туруктуу иш-аракеттеринин механизмин иштеп чыгуу (балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүчүлөрдүн үлүшүн квоталардын баасынан бөлүп чыгаруу) | 2020-ж. I кв. | Нускама даярдалды жана балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарын квоталардын баасына киргизүү менен анын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу механизми ишке киргизилди. Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын бир бөлүгүн балык өндүрүүгө сатылуучу квоталардын наркынан ордуна коюу механизмин колдонуу балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүчүлөр менен балыкчылардын ортосундагы экономикалык мамилелерди жөнгө салууга, балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүгө финансылык кызыгууну жогорулатууга мүмкүндүк берет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
1.4.2. Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атайын эсебиндеги каражаттарынан Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүн, Токтогул, Киров, Орто-Токой жана Базар-Коргон суу сактагычтарын балыктандыруу | 2020-ж. II кв. 2023-ж. II кв. | Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атайын эсебиндеги каражаттарынан Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүн, Токтогул, Киров, Орто-Токой жана Базар-Коргон суу сактагычтарын балыктандырууга заказды жайгаштыруу балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүчүлөрдүн экономикалык туруктуулугун жогорулатат | АЧТММ | ||
2-артыкчылык. Аквакультура өндүрүшүн ылдамдатып өнүктүрүү жана өстүрүү | |||||
5 | 2.1-милдет. Аквакультуранын майда жана орто масштабдуу балык чарба субъекттерин колдоо | 2.1.1. Ресурстары чектелген балык чарба субъекттери үчүн аквакультуранын экономикалык жактан кудуреттүү, аз жана орто чыгымдуу өндүрүштүк моделин (жасалма көлмө, садок же бассейн) иштеп чыгуу | 2020-ж. II кв. | Аквакультуранын балык чарба субъекттери үчүн аз жана орто чыгымдуу өндүрүштүк типтүү модели (жасалма көлмө, садок же бассейн) иштелип чыкты. Моделди колдонуу ресурстары чектелген балык чарба субъекттерине өндүрүштүк тобокелдиктердин алдын алууга жана ишканалардын ишин уюштуруунун мыкты тажрыйбаларын колдонууга мүмкүндүк берет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
2.1.2 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ресурстары чектелген балык чарба субъекттери үчүн аквакультуранын моделин колдонуунун негизинде балык өстүрүүнү өнүктүрүү тууралуу маалымат кампаниясын өткөрүү | Жыл сайын, 2019-2023-жж. | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат кампаниясын өткөрүү аталган органдарга жергиликтүү ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ички ресурстарды табууга жана балык чарба субъекттери үчүн пайдалуу ишкердикти өнүктүрүүгө түрткү берет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
2.1.3. Садокто балык өстүрүү боюнча төмөнкү критерийлер менен тандалып алынган эки пилоттук долбоорду техникалык колдоо чараларын иштеп чыгуу: олуттуу жеке инвестициялардын, даярдыктан өткөн кызматкерлердин, туруктуу чарбалык байланыштардын болушу, жергиликтүү эл үчүн жумуш орундарын түзүү, кошумча наркты түзүүгө катышуу; | 2020-ж. I кв. | Эки пилоттук долбоорго катышкан садокто балык өстүрүү чарбасын техникалык колдоо чаралары иштелип чыкты (маалымат, окутуу, консультация берүү, бизнес-пландоо). Ишке ашырылган техникалык колдоо долбоорлору | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
- садокто балык өстүрүү долбоорлорун техникалык колдоо чараларын ишке ашыруу | 2021-ж. II кв. | Колдоо чараларын ишке ашыруу иш жүзүндө сыноодон өткөн өнүктүрүү моделдери менен технологияларды колдонууга, жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле жайылтуу үчүн садокто балык өстүрүү чарба кооперацияларынын оң тажрыйбасын алууга жана кошумча наркты түзүүгө мүмкүндүк берет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
2.1.4. 2, 1, 3-п. шарттарына жооп берген каңылтыр жана форель өстүрүүчү көлмө чарбаларына техникалык колдоо чараларын иштеп чыгуу (балык питомниктери жана товардык балык өстүрүү чарбалары) | 2019-ж. IV кв | Көлмө чарбаларына техникалык колдоо чаралары иштелип чыкты (маалымат, окутуу, консультация берүү, бизнес-пландаштыруу) | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
- карп жана форель өстүрүүчү көлмө чарбаларына колдоо чараларын ишке ашыруу | 2021-ж. II кв. | Ишке ашырылган техникалык колдоо долбоорлору. Чараларды ишке ашыруу көлмөдө балык өстүрүүнү өнүктүрүүгө жардам берет, жайылтуу үчүн көлмө балык чарба кооперацияларынын оң тажрыйбасын алууга жана кошумча наркты түзүүгө мүмкүндүк берет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
2.1.5. Кооперациянын негизинде түзүлгөн балык жемин өндүрүүчү эки ишканага техникалык колдоо чараларын иштеп чыгуу | 2020-ж. II кв. | Кооперациянын негизинде түзүлгөн балык жемин өндүрүүчү эки ишканага техникалык колдоо чаралары иштелип чыкты (маалымат, окутуу, консультация берүү, бизнес-пландоо) | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
- балык жемин өндүрүүчү ишканаларга техникалык колдоо чараларын ишке ашыруу | 2021-ж. IV кв. | Ишке ашырылган техникалык колдоо долбоорлору. Чараларды ишке ашыруу балык чарбасы үчүн структура түзүүчү ишканаларды түзүүгө, аквакультурада балыкты өндүрүү маселесин комплекстүү түрдө чечүүгө, кооперациянын оң тажрыйбасын алууга мүмкүндүк берет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
2.1.6. Пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын эске алып, балык чарба субъекттеринин өкүлдөрүн садокто, көлмөдө жана бассейнде балык өстүрүүчү чарбаларды жана балык жемин өндүрүүчү ишканаларды түзүү жана өнүктүрүү боюнча тажрыйбаларга, балык чарба субъекттерин башкаруунун алдыңкы методдоруна, продукциянын сапатын жогорулатууга, кошумча нарктын курамын түзүүгө, логистиканы жана кооперацияны жакшыртууга окутуу | 2022-ж. I кв. - 2023-ж. IV кв. | Садокто, көлмөдө балык өстүрүүчү чарбалардын жана балык жемин өндүрүүчү ишканалардын көбөйүшү, товардык балыкты жана балык жемин өндүрүүнүн жогорулашы. Аквакультуранын продукциясынын сапатын башкаруунун алдыңкы методдоруна, кошумча нарктын курамын түзүүгө, логистиканы жана кооперацияны жакшыртууга окутуу инвестициялык активдүүлүктүн жана кирешелүүлүктүн жогорулашына түрткү берет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
6 | 2.2-милдет. Аквакультура субъекттеринин маалымдуулугун жана садокто балык өстүрүү технологияларын жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу | 2.2.1. Садокто жана бассейнде балык өстүрүү үчүн Кыргыз Республикасындагы көлмөлөрдүн суу-климаттык, географиялык жана өндүрүштүк шарттарын баалоо. Садокто жана бассейнде балык өстүрүү чарбаларын жайгаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2020-ж. IV кв. | Садокто жана бассейнде балык өстүрүүнү өнүктүрүү үчүн шарттарды баалоо жана жайгаштыруу боюнча сунуштар уруксат берилген көлмөлөрдө, эң оболу Нарын ГЭС каскадынын суу сактагычтарында жана бассейнде балык өстүрүүгө жана садокто балык өстүрүүгө мүмкүн болгон суу участокторуна эң эле ыңгайлуу болгон жерлерди көрсөтүү менен картаны иштеп чыгууга мүмкүндүк берет | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) |
2.2.2. Садокто балык өстүрүү технологияларын суу сактагычтардан өндүрүштүк максаттарда агызылган суунун деңгээлинин сезондук бир кыйла өзгөрүшүнө байланышкан жергиликтүү шарттарга ыңгайлаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2021-ж. IV кв. | Садокто балык өстүрүү технологияларын суу сактагычтардагы суунун деңгээлинин сезондук бир кыйла өзгөрүшүнө байланышкан жергиликтүү шарттарга ыңгайлаштыруу боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө бул иштин түрүн өнүктүрүүдө өндүрүштүк-технологиялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
2.2.3. Балык чарба субъекттеринин өкүлдөрүн садокто балык өстүрүү технологияларын жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу ыкмаларына окутуу | 2021-ж. I кв. - 2023-ж. IV кв. | Балык чарба субъекттеринин өкүлдөрүн садокто балык өстүрүү технологияларын жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу ыкмаларына окутуу иштин бул түрү үчүн кесиптик даярдыктан өткөн кадрдык потенциалды түзүүгө мүмкүндүк берет | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
3-артыкчылык. Балык уулоочулукту жана аквакультураны натыйжалуу башкаруу | |||||
7 | 3.1-милдет. Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын кайра уюштуруу | 3.1.1. Башкаруу жана өндүрүштүк функцияларын так бөлүштүрүү максатында балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ишине функциялык талдоо жүргүзүү | 2019-ж. IV кв. | Функциялык талдоо иштеп жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюмдук жана кадрдык мүмкүндүгүн аныктоого жардам берет жана иши балыктын коё берилүүчү материалдарын жана товардык балыкты өндүрүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук мекемелерин бюджет алуучулардын тизмесинен чыгарат | АЧТММ |
3.1.2. Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы үчүн пландардын, алардын аткарылышынын жана жыйынтыктын ортосундагы байланышты эске алуучу натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн системасын өркүндөтүү | 2019-ж. II кв. | Жаңыланган коэффициенттер системасын киргизүү Программаны аткарууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ар бир кызматкеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет | АЧТММ | ||
8 | 3.2-милдет. Туруктуулук жана комплекстүүлүк принциптеринде балык чарба комплексин өнүктүрүүнүн конкреттүү максаттарга багытталган чараларды иштеп чыгуу | 3.2.1. Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүнүн өсүшүн, балык чарба комплексинин мамлекеттик мекемелеринде жеке инвестициялардын өсүүсүн алардын түзүмүн өзгөртүү жана уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүү аркылуу жана негизги мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо шартында экономикалык жактан өбөлгөлөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2020-ж. I кв. | Мамлекеттик ишканалардын түзүмүн өзгөртүү жана жеке инвестицияларды тартуу аркылуу балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүнү жогорулатууну экономикалык жактан өбөлгөлөө зарылдыгын негиздөө менен аналитикалык отчет даярдалды | АЧТММ, ММБФ |
3.2.2. Балык чарба комплексинин мамлекеттик ишканаларынын түзүмүн өзгөртүү | 2020-ж. IV кв. | Мамлекеттик ишканалардын уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүү жеке инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтөт, мында балык чарба комплексин өнүктүрүү боюнча кызыкчылыктарга жооп бербеген чечимдерге мамлекеттин бөгөт коюу укугу сакталат | ММБФ, АЧТММ | ||
3.2.3. Ири көлмөлөрдөгү балык уулоочулукту жана аквакультураны комплекстүү өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу (аймактык балык чарба комплекстерин өнүктүрүү): | 2022-ж. IV кв. | Кыргыз Республикасындагы ири көлмөлөрдө балык уулоочулукту жана аквакультураны комплекстүү өнүктүрүүнүн чаралары иштелип чыкты. Чараларды ишке ашыруу аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө жана жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
- Ысык-Көл көлүндө балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу; | 2020-ж. I кв. | Ысык-Көл көлүндө балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары иштелип чыккан. | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
- комплекстүү өнүктүрүү чараларын ишке ашыруу; | 2022-ж. IV кв. | Ысык-Көл көлүндө балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары иштелип ишке ашырылган | |||
- Соң-Көл көлүндө балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу; | 2020-ж. I кв. | Соң-Көл көлүндө балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары иштелип чыккан. | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
- комплекстүү өнүгүү чараларын ишке ашыруу; | 2022-ж. IV кв. | Соң-Көл көлүндө балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары ишке ашырылган | |||
- Орто-Токой суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу; | 2021-ж. I кв. | Орто-Токой суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары иштелип чыккан. | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
- комплекстүү өнүктүрүү чараларын ишке ашыруу; | 2022-ж. IV кв. | Орто-Токой суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары ишке ашырылган | |||
- Токтогул суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу; | 2021-ж. I кв. | Токтогул суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары иштелип чыккан. | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
- комплекстүү өнүктүрүү чараларын ишке ашыруу; | 2022-ж. IV кв. | Токтогул суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары ишке ашырылган | |||
- Киров суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу; | 2021-ж. I кв. | Киров суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары иштелип чыккан. | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
- комплекстүү өнүгүү чараларын ишке ашыруу | 2022-ж. IV кв. | Киров суу сактагычында балык уулоочулукту комплекстүү өнүктүрүү чаралары ишке ашырылган | |||
3.2.4. Кыргыз Республикасындагы көлмөлөрдүн өндүрүмдүүлүгүн, экологиялык жана эпизоотиялык жагдайын, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык абалын баалоо үчүн аларды инвентаризациялоо | 2020-ж. IV кв. | Инвентаризация жүргүзүлдү, отчет даярдалды. Көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн, экологиялык жана эпизоотиялык жагдайын, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык абалын инвентаризациялоо жана баалоо экологиялык талаптарды эске алуу менен балык чарбасын өнүктүрүү жана көлмөлөрдү пайдалануу боюнча долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
3.2.6. Балык уулоону квоталаштыруунун илимий жактан негизделген механизмин иштеп чыгуу, ал механизм балык-биологиялык негиздемеге жана кадастрга ылайык балык чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн эсепке алууга негизделген | 2019-ж. IV кв. | Балык уулоонун илимий негизделген квоталаштыруу механизмин колдонуу боюнча нускама иштелип чыккан. Балык уулоону квоталаштыруу боюнча нускаманы колдонуу ресурстарды туруктуу пайдалануу талаптарына ылайык өнөр жайлык негиздеги балык уулоого мүмкүндүк берет | АЧТММ, УИА БИ (макулдашуу боюнча) | ||
- Балык уулоонун илимий жактан негизделген квота механизмин ишке ашыруу | Жыл сайын I кв. 2020-2023-ж. | Балык уулоону квоталаштыруунун илимий жактан негизделген механизми ишке киргизилген | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
3.2.7. Потенциалдуу сатуу рынокторуна маркетингдик изилдөө жүргүзүү жана балык продукциясынын экспортун жогорулатуу үчүн мүмкүндүктөр жөнүндө балык чарба субъекттерин маалымдоонун механизмин түзүү | 2019-ж. IV кв. | Балык чарба субъекттери башка өлкөлөрдөгү сатуу рыноктору жөнүндө маалымат алышат | АЧТММ, балык чарба ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | ||
3.2.8. Балык чарба комплексине жеке инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2019-ж. IV кв. | Инвестиция булактары жөнүндө маалыматка жетүү жогорулайт | АЧТММ | ||
3.2.9. Программаны ишке ашыруу боюнча донор уюмдардын ишин макулдашуу, алынган натыйжаларды баалоо | Жыл сайын 2019-2023-ж. | Маалымдуулук жогорулайт жана донор уюмдар менен өз ара аракеттенүү жакшырат | АЧТММ | ||
9 | 3.3-милдет. Балык чарбаларынын ассоциацияларын техникалык колдоону камсыздоо | 3.3.1. Туруктуу иштей турган консультациялык аянтчаны түзүү: ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ассоциациялар - балык чарба субъекттери | 2019-ж. IV кв. | Туруктуу иштей турган консультациялык аянтча түзүлдү. Пайда болгон маселелерди чечүү үчүн жана мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, жарандык сектордун уюмдарынын донор уюмдары менен иш-аракеттерин координациялоо максатында консультативдик аянтчанын туруктуу иштей тургандыгы инвестиция жана инновация чөйрөлөрүндөгү чарба субъекттеринин стратегиялык демилгелерин колдоо механизмин түзүүгө мүмкүндүк берет жана позитивдүү демилгелер менен практикаларды маалыматтык чагылдырууну камсыздайт | АЧТММ |
3.3.2. Ассоциациялардын кадрдык потенциалын күчтөндүрүү жана кадрларды кайра даярдоо боюнча чараларды иштетип чыгуу. | 2019-ж. IV кв. | Ассоциациялардын кадр потенциалын күчтөндүрүү чаралары иштелип чыкты | АЧТММ | ||
Ассоциациялардын кадрдык потенциалын күчтөндүрүү чараларын ишке ашыруу | Жыл сайын 2019-2023-жж. | Чараларды ишке ашыруу ассоциациялардын кадрдык потенциалын күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет жана ассоциациялардын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын колдоо жана коргоо ишине оң таасирин тийгизет, чаралар өндүрүү менен башкаруу процесстерине катышкан аялдардын санынын жогорулашына мүмкүндүк берет | АЧТММ | ||
3.3.3. Ассоциациялардын адистерин өндүрүштүк кооперациянын негиздерине окутууну уюштуруу | Жыл сайын 2019-2023-жж. | Ассоциациялардын адистерин өндүрүштүк кооперациянын негиздерине окутуу кошумча нарктын натыйжалуу тизмектерин куруунун өсүшү жана масштабы багытында ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу формаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт | АЧТММ | ||
10 | 3.4-милдет. Мыйзамдарды өркүндөтүү | 3.4.1. Балыктын коё берилүүчү материалын инкубациялоо жана өстүрүү үчүн көлмөлөрдү пайдаланууда салык оордугун төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2022-ж. I кв. | Салык оордугун төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты, ал сектор үчүн маанилүү болгон иштин түрү менен алектенген ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатат | АЧТММ |
3.4.2. "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу: - балык чарба субъектилеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен суу сактагычтардан сууну агызууну жөнгө салуу; - энелик балыктардын үйүрүн топтоо иштерин жөнгө салуу | 2019-ж. IV кв. | "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан | АЧТММ | ||
11 | 3.5-милдет. Браконьерлик менен күрөшүү жана өнүктүрүү милдеттерин чечүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо | 3.5.1. Ар кандай мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттери үчүн балык коргоо ишине мониторинг жүргүзүү, аларды контролдоо жана көзөмөлдөө чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2020-ж. IV кв. | Балык коргоо ишине мониторинг жүргүзүү, аларды контролдоо жана көзөмөлдөө чаралары боюнча сунуштар иштелип чыкты, алар ар кандай мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттер комплексинин бөлүгү болуп калат. | АЧТММ |
| Жыл сайын, 2020-2022-жж. IV кв. | Макулдашылган максаттар менен чаралар балык запастары боюнча мамлекеттик контролду жана коргоону камсыз кылган ар кандай мамлекеттик органдардын браконьерликке каршы күрөшүү иш-аракеттерин координациялоону жакшыртат | |||
3.5.2. Балык чарба субъекттерине берилген көлмөлөрдө жана балык чарба участокторунда балык запастарын коргоо жана браконьерлик менен күрөшүү функцияларынын бөлүгүн балык чарба субъектилерине өткөрүп берүү механизмин иштеп чыгуу | 2020-ж. I кв. | Балык запастарын коргоо жана браконьерлик менен күрөшүү функцияларынын бөлүгүн балык чарба субъектилерине өткөрүп берүү боюнча нускама иштелип чыккан. Балык чарба субъектилеринин өткөрүп берилген балык чарба участокторундагы браконьерлик менен күрөшүүгө катышуусу мамлекеттин браконьерлик менен күрөшүү чыгымдарын азайтат жана анын натыйжалуулугун жогорулатат | АЧТММ | ||
Балык чарба субъекттерине берилген көлмөлөрдө жана балык чарба участокторунда балык запастарын коргоо жана браконьерлик менен күрөшүү функцияларынын бөлүгүн тиешелүү келишимдерди түзүү аркылуу балык чарба субъектилерине өткөрүп берүү | 2020-ж. II кв. - 2021-ж. II кв. | Балык чарба субъектилерине балык запастарын коргоо жана браконьерлик менен күрөшүү функцияларынын бир бөлүгү өткөрүп берилди | АЧТММ | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧТММ | - | Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
УИА БИ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биология институту |
Балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти |
|
| 3-тиркеме |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл (2018) | Орто аралык индикаторлор (жылдык) | Жыйынтыктоочу индикаторлор (2023-жыл) | Жооптуу орган | |||
2019 | 2020 | 2021 | 2022 | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Максаты: Кыргыз Республикасында заманбап жана туруктуу иштөөчү балык чарба комплексин түзүү үчүн укуктук жана экономикалык шарттарды түзүү | |||||||||
1-артыкчылык. Табигый көлмөлөрдүн базасында балык өстүрүүнүн жана өнөр жайлык негизде балык уулоочулуктун потенциалын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү |
| ||||||||
1 | Балыктын коё берилүүчү материалын өндүрүүнүн көлөмү, бардыгы | млн. даана | 9,474 | 10 | 15 | 25 | 35 | 40,0 | АЧТММ |
2 | Товардык балыкты кармоонун (балык уулоочулук) көлөмү, бардыгы | тонна | 6,4 | 50 | 100 | 200 | 300 | 400 | АЧТММ |
2-артыкчылык. Аквакультуранын тездик менен өнүгүүсү жана анын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу |
| ||||||||
3 | Балыктын жемин өндүрүүнүн көлөмү | тонна | 350 | 3500 | 7300 | 10000 | 23000 | 33300 | АЧТММ |
4 | Товардык балыкты өндүрүүнүн көлөмү (аквакультура), бардыгы | тонна | 2577 | 4700 | 7400 | 9800 | 12300 | 14700 | АЧТММ |