Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-октябры № 514
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүү механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Жашоо-турмуш үчүн болуучу тобокелдиктин маанисин эске алуу менен бардык курулуш объекттери үч категорияга бөлүнөт: өтө жогорку, жогорку жана орто тобокелдик факторлору.";
- 14-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
-14-1-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "9" деген цифра "12" деген цифралар менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы "48" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы "40" деген цифралар "50" деген цифралар алмаштырылсын;
- 15-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бийиктиги 5 кабаттан жогору жана 12 кабатка чейинки турак имараттар;
- туташтырган өткөөлдөрү 24 м ашык жана 60 м чейинки, бийиктиги 15 м жогору жана 50 м чейинки имараттар жана курулмалар;";
- 16-пунктунда:
экинчи абзацындагы "жана VI" деген сөз алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен кайра профилдөө жана кайра пландаштыруу объекттери;";
- 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Пландуу текшерүүлөр курулуш субъекттеринин бүткөрүлгөн этаптары боюнча кабарлоолордун түшүшүнө жараша жүргүзүлөт. Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү бир жылдын ичинде 30 календарлык күндөн ашпоого тийиш.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |