Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-февралы №95
Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-майындагы №164 "Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш маселелеринде уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу", 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомдоруна ылайык, архитектура-шаар куруу ишинин субъекттеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө, ошондой эле курулуш объекттеринин сапатын камсыздоого багытталган мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө системасын жана тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 15-декабрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин архитектура-курулуш көзөмөлү тууралуу" токтомун ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органдарына, коомчулукка жана бизнес-жамааттарга архитектура-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү тартиби жана жол-жобосу жөнүндө маалымдоону камсыз кылсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен макулдашуу боюнча 2009-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органдарын 2009-жылдан баштап бюджеттик каржылоого которуу боюнча эсептөөлөрдү негиздемеси менен даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк подряддык уюмдардын катышуусу менен ишке ашырылуучу курулуштун сапатына мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контроль жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |