Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-октябры № 512
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-беренесинде:
а) берененин аталышы, 1 жана 2-бөлүктөрү "бош" деген сөздөн мурда "бошотулуучу же" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна;";
в) 4-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жергиликтүү соттун судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып" деген сөздөр "жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө актыны кабыл алган күндөн тартып" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 19-беренесинде:
а) берененин аталышы, 1-бөлүгү ар кандай жөндөмөлөрдөгү "бош" деген сөздөн мурда тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "бошотулуучу же" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүнүн 4-пункту "конкурска катышаар алдындагы бир жыл ичинде" деген сөздөрдөн кийин ", талапкерде судьянын кызмат ордуна дайындалууга тоскоол болуучу оорулардын жоктугу жөнүндө белги менен" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Судьянын кызмат ордуна дайындалууга тоскоол болуучу оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
г) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3) 23-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын бир сотто он беш жылдан ашык жүзөгө ашырган учурда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча.";
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттун судьяларын которууну (ротациялоону) жүзөгө ашыруунун тартиби ал бекиткен Жобо менен аныкталат.";
в) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьяларды ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттары менен каралган негиздер боюнча которуу (ротациялоо) Судьялар кеңеши тарабынан чек жаш курагына чейин дайындалган судьяларга карата, алардын арызы боюнча жүзөгө ашырылат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту менен каралган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан судья жергиликтүү соттун ыйгарым укуктарын он беш жылдан ашык жүзөгө ашырып келе жатканы тууралуу маалым кат берилет. Судьялардын арыздары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Судьялар кеңешинин атына берилет.";
г) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Белгилүү мөөнөткө дайындалган жергиликтүү соттун судьяларын которуу (ротациялоо), ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары менен каралган учурларда анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата жүзөгө ашырылат.";
д) 6-бөлүгүндө:
- мамлекеттик тилдеги текстинде "Чечим" деген сөз "Судьялар кеңешинин чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Президент көрсөтүлгөн талапкер боюнча материалдарды алган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган негиздер боюнча аларды Судьялар кеңешине өзүнүн жүйөлүү чечими менен кайтарууга укуктуу.";
4) 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "2 жана 3-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "2-бөлүгүнүн 1-6, 8-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 33-беренесинин 3-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы "ыйгарым укуктары токтотулган" деген сөздөрдөн мурда "жана отставкага кеткенине байланыштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында ушул бөлүктүн биринчи абзацында саналып өткөн жана судьялыкка жаңы шайланган же дайындалган адамдарга кызмат ордунан мурда бошотулганда же судьялык ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөкпул алган учурда, акыркы шайланган же дайындалган учурдан берки судьялык ишинин мезгили гана эсепке кирет.".
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган бир соттогу он беш жылдык иш стажга 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституцияга ылайык дайындалган учурдан берки судьялык ишинин мезгили эсепке кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|