Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 509
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
1-берене
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети 1-тиркемеге ылайык кирешелер боюнча 57 796 134,4 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 57 008 965,8 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин профицити 787 168,6 миң сом суммасында белгиленсин.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-2022-жылдарга бюджетинин божомолу ушул Мыйзамдын 1-тиркемесине ылайык жактырылсын.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен ушул Мыйзамдын 2-тиркемесине ылайык түзүлсүн.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгымдарын каржылоо каражаттары ушул Мыйзамдын 3-тиркемесине ылайык белгиленсин.
5-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2020-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө чыгымдарын эске алуу менен, 21 911 980,1 миң сом суммасында белгиленсин.
6-берене
1. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун каржылоо 2 569 655,4 миң сом суммасында белгиленсин.
2. 2020-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо 315 515,4 миң сом суммасында белгиленсин.
7-берене
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2020-жылга бюджети ушул Мыйзамдын 4-тиркемесине ылайык бекитилсин.
8-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти