Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 600 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомуна) |
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамын, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Ушул Эрежелер өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун тартибин белгилейт.
Ушул Эрежелер сублицензиялык келишимди каттоодо дагы колдонулат.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана кыскартуулар пайдаланылат:
Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
ИМБДУ - Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму;
өнөр жай менчик объекти - ойлоп табуу, өнөр жай үлгүсү, пайдалуу модель, товардык белги, тейлөө белгиси, фирмалык аталыш;
реестр - Кыргыз Республикасынын өнөр жай менчик объектилеринин, селекциялык жетишкендиктеринин, евразия патенттеринин реестрлери;
коргоо документи - патент, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патент, күбөлүк;
технология - ноу-хау, комплекстүү ишкердик лицензия (франчайзинг), консалтинг кызмат көрсөтүүлөрү, инжиниринг, лизинг, опциялык макулдашуулар сыяктуу кызматтарды көрсөтүү;
келишим - өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишим (өткөрүп берүү акты), аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишим;
технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим - укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим жана технологияларды пайдаланууга лицензиялык келишим;
сублицензиялык келишим - үчүнчү жактарга өнөр жай менчик объекттерин, селекциялык жетишкендикти, технологияны пайдаланууга лицензиаттын укук бериши;
лицензиар - өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке, технологияга укук ээси;
лицензиат - өнөр жай менчик объектисин, селекциялык жетишкендикти, технологияны пайдалана турган жеке же юридикалык жак;
өтүнмө ээси - өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке, технологияга укук ээси же келишим түзүүчү тараптардын бири же алардын өкүлдөрү;
өтүнмө - келишимди каттоо жөнүндө арыз жана келишимди каттоо жөнүндө арызга тиркелүүчү документтердин топтому;
арыз - өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди (өткөрүп берүү актысын), аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди, технологияга укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо жөнүндө арыз;
Мадрид Монитор маалымат базасы - ИМБДУнун Мадрид системасынын алкагында катталган эл аралык товардык белгилер боюнча маалыматтардын комплекстүү топтомун камтыган, издөө функциясы менен маалымат базасы.
2. Келишимди каттоо үчүн берилүүчү документтер
3. Келишимди каттоо үчүн Кыргызпатентке ушул Эрежелердин 1 же 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча арыз катталууга тийиш болгон келишимдин түрүнө жараша бир нускада берилиши керек.
Арызга келишим түзгөн тараптардын бири же ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө таризделген анын өкүлү кол коёт.
4. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) документ чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн келишим (түп нуска) же анын көчүрмөсү, үч нускада (алардын ичинен экөө көчүрмөлөрү).
Келишим төмөнкүдөй негизги шарттарды камтышы керек:
- келишимдин предмети;
- берилүүчү укуктардын көлөмү;
- укук берилүүчү аймакты;
- келишимди колдонуу мөөнөтү;
- келишимдин финансылык шарттары;
- келишимди колдонууну токтотуунун шарттары;
- келишимдин тараптарын жана алардын юридикалык даректерин көрсөтүү;
- тараптар зарыл деп эсептеген башка шарттар.
Лицензиялык келишим товардык белгиге карата лицензиаттын товарынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты лицензиардын товарынын жана кызмат көрсөтүүсүнүн сапатынан кем болбошу керектиги жөнүндө шартты камтыйт жана лицензиар ушул шарттын аткарылышын контролдойт.
Лицензиялык келишим түзүлүүчү мөөнөт өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке, технологияга укуктук коргоонун колдонулуу мөөнөтүнөн ашпоосу керек;
2) коргоо документинин көчүрмөсү.
Эл аралык товардык белгиге карата келишимди каттоодо Мадрид Монитор маалымат базасынан көчүрмө берилет;
3) келишимди каттоо үчүн алым төлөгөндүгүн ырастаган документ.
Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн ырастаган документ берилбесе, арыз каралбайт;
4) укук ээсинин мураскору же укуктук мураскору болуп эсептелген өтүнмө ээсинин укугун ырастаган тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү;
5) эгер укук ээси тарабынан келишимди каттоо боюнча иш жүргүзүү үчүн өкүл дайындалса, документ чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
6) сублицензиялык келишимди каттаган учурда, тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн негизги келишимдин түп нускасы же анын көчүрмөсү.
Лицензиялык келишимдин колдонуу мөөнөтүнөн ашкан мөөнөткө түзүлгөн сублицензиялык келишим лицензиялык келишимди колдонуу мөөнөтүнө түзүлгөн болуп эсептелет.
Өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди каттоодо төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- күрөө жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтү;
- күрөө коюучунун өнөр жай менчик объектисин пайдалануу укугун чектөөсү.
5. Арыз жана ага тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгер документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет. Чет өлкөлүк адамдардын аты-жөнү жана ишканалардын аталыштары кыргыз же орус транслитерацияда көрсөтүлүшү керек. Котормонун тактыгына арыз ээси жоопкерчилик тартат.
6. Арыз жана ага тиркелүүчү документтер Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта аркылуу жөнөтүлөт.
3. Келишимди карап чыгуу жана каттоо
7. Кыргызпатентке арыз түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде өтүнмөдө ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралган документтердин бар экендиги жана аларды тариздөөнүн Кыргызпатент аныктаган талаптарынын сакталышы текшерилет.
8. Өтүнмөнүн документтерин өтүнмөнү берген күндөн тартып эки айдын ичинде Кыргызпатент карап чыгат. Өтүнмөнүн зарыл документтери бир убакта берилбеген учурда, өтүнмөнүн берилген күнү болуп акыркысы келип түшкөн күн эсептелет.
9. Эгер өтүнмөнү карап чыгуунун жүрүшүндө документтер ушул Эрежелерде каралган талаптарды бузуу менен берилгендиги белгиленсе, Кыргызпатент өтүнмө ээсине сурам жиберет, анда сурам алган күндөн тартып эки айдын ичинде белгиленген кемчиликтерди жоюу зарылдыгы көрсөтүлөт. Мында ушул Эрежелердин 8-пунктунда каралган өтүнмөнүн документтерин кароонун мөөнөтү өтүнмө ээси белгиленген кемчиликтерди жойгон учурга чейин токтотулат.
Ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралган документтердин биринин өтүнмөдө жок экендиги сурам үчүн негиз болуп эсептелет.
10. Зарылдыкка жараша өтүнмө ээси тийиштүү өтүнүч кат бергенде жана белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндө, сурам жиберилген материалдарды берүү мөөнөтүн узарта алат. Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат сурам алган күндөн тартып эки ай өткөнгө чейин берилет.
Ушул Эрежелердин 9 жана 10-пункттарында каралган мөөнөттө сурам жиберилген материалдарды же аларды карап чыгуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катын бербесе, өтүнмө боюнча иш жүргүзүү токтотулат жана Кыргызпатент токтотуу жөнүндө чечим чыгарат. Иш кагаздарын жүргүзүүнү токтотуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде келишимдин эки нускасы өтүнмө ээсине кайтарып берилет. Иш кагаздарын жүргүзүү материалдары менен келишимдин бир нускасы (түп нуска) Кыргызпатентте калат.
Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим арыз бергенден жана каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тапшыргандан кийин Кыргызпатентте катталат.
Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим ушул Эрежелердин талаптарына ылайык катталат. Мында технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү тараптардын макулдугу менен аныкталат.
11. Келишимди каттоо үчүн Кыргазпатентке берилген документтер ушул Эрежелердин талаптарына туура келсе, келишимди каттоо жөнүндө корутунду чыгарылат.
Корутундунун негизинде Кыргызпатент ушул Эрежелердин 8-пунктунда каралган мөөнөттө келишимди катгоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Келишимде бири бирине каршы келүүчү жоболор же интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жоболор аныкталган жана тараптар аларды жоюудан баш тарткан учурда Кыргызпатент ушул Эрежелердин 8-пунктунда каралган мөөнөттө келишимди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Катталган келишимге өзгөртүүлөрдү каттоо
12. Лицензиялык келишимге карата төмөнкүдөй өзгөртүүлөр катталат:
- тараптардын аныктамалары;
- келишимдин предмети;
- келишимди колдонуу мөөнөтү;
- келишимдин финансылык шарттары;
- келишимди колдонуу аймагы;
- берилүүчү укуктардын көлөмү;
- келишимди колдонууну токтотуу.
Тараптардын макулдашуусу боюнча келишимдин башка өзгөртүүлөрү да катталышы мүмкүн.
13. Кыргызпатентте келишимдеги өзгөртүүлөрдүн катталбагандыгы алардын жараксыз экендигине алып келет.
14. Катталган келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоо жөнүндө арыз өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- кошумча макулдашуу же келишим (түп нуска) же үч нускада (алардын экөө көчүрмөлөрү) катталган келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тараптардын макулдашуусун ырастаган документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү (түп нускасы);
- коргоо документинин көчүрмөсү;
- катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алымды төлөгөндүгүн ырастаган документ;
- эгер укук ээси келишимди каттоо боюнча иш кагаздарын жүргүзүү үчүн өкүл дайындаса, документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте таризделген ишеним кат.
Киргизилген өзгөртүүлөр ушул Эрежелердин 2 жана 3-бөлүмдөрүндө каралган талаптарга ылайык катталат.
Өзгөртүүлөрдү каттоо жөнүндө чечим негизги келишимге тиркелет.
15. Эгер өзгөртүүлөр келишимдин тараптарынын аныктамаларына тиешелүү болсо, берилген маалыматтардын туура экендигине жана/же аныктыгына негиздүү күмөн пикирлер болсо, Кыргызпатент өтүнмө ээсинен зарыл болгон ырастоочу документтерди суроого укуктуу.
5. Катталган келишим жана катталган өзгөртүүлөр боюнча иш жүргүзүүнүн тартиби
16. Кыргызпатент ачык жарыялангандан кийинки жалпы мүнөздөгү маалыматтардан тышкары, катталуучу келишимдердин маалыматтарынын жана түзүүнүн шарттарынын жашырындыгын камсыз кылат.
Катталган келишимдин бир нускасы (түп нуска) контролдук нуска болуп эсептелет жана Кыргызпатентте сакталат.
17. Катталган келишим, ошондой эле катталган өзгөртүүлөр боюнча Кыргызпатент төмөнкүлөрдү аткарат:
- келишимдин (өзгөртүүлөрдүн) акыркы барагынын арткы бетине каттоо номерин, каттоо датасын, келишимдин жана анын тиркемелеринин барактарынын санын көрсөтүү менен келишимдин катталгандыгы жөнүндө штамп коёт. Каттоо номери келишимдин объекти жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт: каттоо номери, катталган жылы, келишимдин түрү жана категориясы;
- өтүнмө ээсинин (өкүлдүн) дарегине катталгандыгы жөнүндө белгиси бар келишимдин (өзгөртүүлөрдүн) эки нускасын тиркөө менен келишимди (өзгөртүүлөрдү) каттоо жөнүндө чечимди жиберет;
- бир айлык мөөнөттө реестрге жана коргоо документине катталган келишим же катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- Кыргызпатенттин расмий бюллетенине катталган келишимдер жана катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар төмөнкүдөй көлөмдө жарыяланат: берилүүчү укуктардын көлөмү, келишимдин предмети, тараптардын аныктамасы, колдонуу аймагы, колдонуу мөөнөтү, алардын колдонулуу мөөнөтүн эрте токтотуу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар;
- евразия патентин пайдалануу жөнүндө лицензиялык келишимди каттоо жөнүндө кварталына бир жолу Евразия патенттик ведомствосуна кабарлайт.
|
| Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерине 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көчөсү, 62 |
|
|
|
|
| _____________________________________ |
|
| (Аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) |
|
| _____________________________________ |
|
| Дареги ______________________________ |
|
| Телефону ____________________________ |
Форма
АРЫЗ
Укук берилүүчү (берилүүчү укуктун көлөмү) (аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана анын дареги) менен (аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана анын дареги) ортосундагы (келишимдин предмети) келишимди (келишимдин түрү жана аталышы) каттоону суранам.
Тиркелүүчү документтер (керектүүсүн [х] менен белгилөө керек):
[ ] -_____________ нускада ______________ баракта № _________________ тиркемелери менен __________________ барактан турган келишим;
[ ] - өнөр жай менчик объектисине патенттин (арыз ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин) же күбөлүктүн көчүрмөсү же Өнөр жай менчик объектисин, селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндө реестрден көчүрмө;
[ ] - келишимди каттоо үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ;
[ ] - мураскорлукка же укук мураскорлукка укугун ырастаган документтин көчүрмөсү;
[ ] - иш жүргүзүү үчүн ишеним кат;
[ ] - негизги келишим (сублицензиялык келишимди каттаган учурда). Өтүнмө ээси (ээлери) (кызмат орду, аты-жөнү, колу)
М.О.
Датасы
|
| Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерине 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көчөсү, 62 |
|
|
|
|
| _____________________________________ |
|
| (Аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) |
|
| _____________________________________ |
|
| Дареги _______________________________ |
|
| Телефону ____________________________ |
Форма
АРЫЗ
Кыргызпатентте ______________________ № ___________________ катталган, лицензиялык келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоону суранам.
Тиркелүүчү документтер (керектүүсүн [х] менен белгилөө керек):
[ ] - катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө келишимдин тараптарынын макулдугун ырастаган кошумча макулдашуу же документ;
[ ] - коргоо документинин көчүрмөсү;
[ ] - өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсү;
[ ] - иш жүргүзүү үчүн ишеним кат.
Өтүнмө ээси (ээлери) (кызмат орду, аты-жөнү, колу)
М.О.
Датасы
|
| Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерине 3-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көчөсү, 62 |
|
|
|
|
| _____________________________________ |
|
| (Аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) |
|
| ____________________________________ |
|
| Дареги ______________________________ |
|
| Телефону ____________________________ |
Форма
АРЫЗ
______________________________ өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди каттоону суранам.
Тиркелүүчү документтер (керектүүсүн [х] менен белгилөө керек):
[ ] - өнөр жай менчик объектисине патенттин көчүрмөсү, Өнөр жай менчик объектисин каттоо жөнүндө реестрден көчүрмө;
[ ] - өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди каттоо үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ;
[ ] - иш жүргүзүүгө ишеним кат.
Өтүнмө ээси (ээлери) (кызмат орду, аты-жөнү, колу)
М.О.
Датасы