Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 541
"2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдан долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 541 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбор Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган.
"Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет; Бюджет жана финансы боюнча комитет; Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет) тарабынан жактырылган.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы № 198-б буйругу менен жактырылган жана 2019-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
БАРКЖП-3 Түп - "Каркыра" КӨП авто жолунун 39-76 км участогун, "Каркыра" капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу ага жакын жолду (15 км) реабилитациялоону, жол-эксплуатациялоо жабдууларын сатып алууну, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө жаатындагы потенциалын жогорулатууну, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун потенциалын чыңдоону камтыйт. Ошондой эле беш туристтик сервис-борборду куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча компонент каралган.
Каржылоо шарттары:
долбоордун суммасы - 55,0 млн. АКШ доллары;
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын кредити - 27,5 млн. АКШ доллары (50 пайыз);
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты - 27,5 млн. АКШ доллары (50 пайыз);
кредиттин мөөнөтү - 38 жыл;
жеңилдетилген мезгил - 6 жыл;
пайыздык ставка - жылдык 0,75% пайыз.
Эсептөөлөргө ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын кредитинин грант-элементи 53,5 пайызды түзөт, башкача айтканда аталган кредит жеңилдетилген кредит экенин билдирет. Ушул долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу каралган эмес.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.