Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры № 551
"2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 551 токтому менен жактырылган |
2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протокол (мындан ары - Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Протокол кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-майындагы № 139-б буйругу менен жактырылган жана 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган.
2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин 37-пунктуна ылайык Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы чек арасындагы Кыргыз Республикасынын бардык өткөрмө пункттары 2017-жылдын 12-августуна чейин ЕАЭБдин бажы талаптарына шайкеш келтирилүүгө тийиш.
Аталган иш-чаралар 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда.
2018-жылдын 22-августунда Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин, Россиянын ФБКнын, "Крокус Интернэшнл" акционердик коомунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) М.А.Кадыркуловдун төрагалыгында видеоконференция режиминде Шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин 37-пунктунда каралган иш-чаралардын Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышынын жүрүшүн талкуулоо маселеси боюнча жыйын өткөрүлгөн.
Видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) М.А.Кадыркулов тарабынан 2018-жылдын 24-августундагы № МК-2065/19 каты Шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин 37-пунктун ишке ашыруу мөөнөтүн Келишим күчүнө кирген учурдан тартып 72 айга чейинки мөөнөткө, башкача айтканда 2021-жылдын 12-августуна чейин узартып берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүү тууралуу сунуштамасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине жөнөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин 37-пунктуна кыргыз өткөрмө пункттарын модернизациялоо мөөнөтүн 48 айдан 72 айга узартуу боюнча өзгөртүү киргизилди.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык аталган Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Протоколду ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилөө зарыл.